БЕГЕМОТ ТУУРАЛУУ КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР

Бегемот – бул биздин планетабыздагы кургакта жашаган эң ири жаныбарлардын бири. Анын салмагы 4 тоннага чейин жетет. Бул укмуштуу жаныбар Африканын кең аймагында жашайт жана өмүрүнүн жарымын сууда өткөрөт. Бул жаныбарлар биздин заманга чейин V кылымдын ортосунда гректер менен римдиктердин жазмаларында эскерилет. Бегемоттор илгертен белгилүү болсо да, көптөгөн кызыктуу фактылар илимдин өнүгүшү менен ачылууда.

  • Бегемоттун эркектери 3 метрлик крокодилди оңой эле жеп коюшат.
  • Пропорционалдуу түрдө бегемоттун башы дүйнөдөгү эң чоң баштардын бири.
  • Бегемот 5 мүнөткө чейин демин баса алат.
  • Бегемоттун оозу 120 сантиметрге чейин ачылат.
  • Бегемоттор суудан да, кургактан да үн чыгара алышат.
  • Жаңы төрөлгөн балдарынын салмагы 50-55 килограммды түзөт.
  • Бегемоттор түн ичинде ылайыктуу тамак издеп 10-12 чакырым жөө басышат.
  • Жашына жараша салмагы да ошончолук оор болот.
  • Бегемоттор жалаң гана таза сууда жашашат, туздуу сууда жашоого ылайыкташкан эмес.
  • Эки-үч жума тамаксыз жашай алышат.
  • Териси Жер шарындагы эң катуу тери болуп саналат.
  • Африкада адамдар үчүн эң кооптуу жаныбар бул арстан же крокодил эмес, бегемот.
  • Бегемоттун жашоосу тиштеринен түздөн-түз көз каранды. Эгерде тиштери толугу менен эскирсе, анда жаныбар тамакты чайнай албай калат, натыйжада ал ачкадан өлөт.
  • Табигый шартта бегемоттун дээрлик душмандары жок. Алсыз бегемот же кичинекей балдары гана арстандын же крокодилдин жемине айланышы мүмкүн.
  • Бегемот эч качан суу өсүмдүктөрүн жебейт.
  • Африкадагы көптөгөн өлкөлөрдө бегемоттордун териси кол өнөрчүлүктө кеңири колдонулат.
  • Бегемоттор 40-45 жыл жашашат.


Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 948, 4-10-февраль, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан