ЧЫГЫШТЫН ЖОМОГУ – ОМАН СУЛТАНАТЫ

Көрсө, биз кыялдангандай өлкөлөр бар экен. Ал өлкөнүн жарандары салык төлөбөй, бекер билим алышат. 350 күн бою жай мезгили. Ал жерде ичимдик ичилбейт, тартип бузулбайт. Уурулук жана кылмыштуулук жокко эсе. Түрмөлөрүндө түгөйүнүн көзүнө чөп салгандар отурат. Бул таң калычтуу өлкөдө соодагерлер бааны өздөрү түшүрүшөт. Бул кайсы өлкө деп жатсаңыз – Чыгыштын жомогу болгон Оман султанаты.

УБАГЫНДА ЖАРДЫ МАМЛЕКЕТ БОЛГОН

Оман мамлекети – Арабия жарым аралынын түштүк-чыгышында, чөл менен Инд океаны чектешкен жерде жайгашкан. 2000 жылдык тарыхы бар өлкөдө мындан жарым кылым мурун мектептер, ооруканалар, жолдор жана радио болгон эмес. Оманда жашаган элдин жашоо деңгээли төмөн болгон. Мамлекеттин ичинде жашаган уруулар арасында байма-бай чыр-чатактар орун алып, башка өлкөлөр менен дипломатиялык алака болгон эмес. Бирок 1970-жылы Султан Кабус бен Саид атасы Султан Саидди англичандардын жардамы менен тактан түшүрүп, бийликке келет. Ал бийликке келген соң өлкө түп тамыры менен өзгөрүп, гүлдөп-өнүгөт. Кабус өлкөнү өнүктүрүүнү коррупциянын тамырын кыркып, мунайды өндүрүүдөн жана экспорттоодон түшкөн каражатты жеке көзөмөлгө алуу менен баштаган.

АЯЛДАРДЫ СЫЙЛАГАН ӨЛКӨ

Бүгүнкү күндө Оман – бул аялдар өз кесибин тандоого укуктуу (такси айдоочусу болобу же полиция болобу) заманбап өлкө. Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө аялдарга билим алууга жана жогорку мамлекеттик кызматка барууга шарт түзүлгөн биринчи мамлекет. Султанатта аялдар ажырашууга толук түрдө арызын бере алышат. Анын себептери ар кандай болушу мүмкүн. Мисалы, жолдошунун көзүнө чөп салышы, уруп-согуу, ичкилик, жадакалса мүнөздөрүнүн дал келбей калышы. Сот аягына чейин үй-бүлөнү сактап калууга аракет кылат. Эгер жолдошу чындап күнөөлүү болсо, аялы экинчи ирет турмуш курууга чейин аны камсыздоого милдеттүү. Башка мусулман өлкөлөргө салыштырмалуу Омандын кыздары бир аз кечирээк, 23-24 жашында турмушка чыгышат. Баары жогорку билим алууга умтулушат.

МУКТАЖДАРГА ҮЙ БЕКЕР БЕРИЛЕТ

18 жашка чыккан атуулга эркек-кыз дебей алгачкы үйүн салуу үчүн 400 чарчы метр жер бекер бөлүнүп берилет. Жерди жаран каттоого турган аймактан беришет. Бирок жер тилкесин алуу үчүн бир нече жыл күтүү керек. Жер тилкесин аларда документтерди каттоо үчүн салык төлөнөт. Ошол учурда 6 пайыздан ашпаган үстөк менен насыя алууга болот. Орточо айлык-акы 1500-2000 доллар. Эгер үй-бүлөнүн айлык кирешеси 1000 доллардан аз болсо, бекер батир беришет. Албетте, чоң жана кымбат райондон эмес. Атайын өтө муктаждарга, майыптарга жана жесирлерге берилчү социалдык үйлөр көбүнчө шаардан алыс курулат. Орто жашагандардын үйүндө 6-7 бөлмө жана бир нече ванна бар. Жылына бир ирет улуттук майрам күнү Султан Омандын жашоочуларынын насыяларын кечирет. Ошондой эле өлкөдө акысыз медициналык жардам көрсөтүлөт.

КАБУСТУ КУДАЙЫНДАЙ КӨРҮШӨТ

Мунайдын запасы эртели-кеч түгөнөт. Эксперттердин айтымына караганда, 2030-жылы Оманда дагы мунай калбай калышы мүмкүн. Кабус кырдаалды эске алып “Оман 2020” программасын иштеп чыккан. Анын негизги максаты – 2020-жылы экономика мунайга ишеним артпашы керек. Азыр өлкө өзүнүн жаратылыш газын колдонуунун үстүнөн иштөөдө. Жомоктогудай турмушта жашап жаткандыгы үчүн эли Кабус Султанды Кудайындай көрөт. Ар бир кеңседе, мейманканаларда сөзсүз түрдө монархтын портрети илинип турат. Ал үчүн ырлар ырдалып, дүкөндөргө анын сүрөтү түшүрүлгөн моюн орогучтар, телефондун каптагычтарына чейин сатылат. 2020-жылдын 10-январында Кабус рак илдетинен улам көз жумган. Учурда өлкөнү анын мурдагы саясатын улантып аталаш иниси Хайсам бен Тарик башкарууда.

ТУРИЗМДИН ӨЛКӨСҮ

Өлкөнүн негизги кирешеси мунай экспорттоодон түшөт. Бирок Оман өз казынасын мунайдан сырткары туризм тармагы менен да толтурат. Алар коңшулаш өлкөлөр менен атаандашып кабат-кабат мейманканаларды салып, туристтерге болгон бардык шартты түзүшөт. Омандагы туристтик кызмат көрсөтүү суу алдындагы сүзүүлөрү менен популярдуу. Көбүнчө Европадан туристтер көп катташат. Алкоголдук ичимдиктер тууралуу айта турган болсок, ичимдик ичүүгө тыюу салынат. Спирттик ичимдиктерди алууга башка өлкөлөрдүн жарандарына белгилүү талаптарды аткаруу менен уруксат берилет. Анын үстүнө спирттик ичимдик айрым гана жерлерде сатылат. Ичимдик ичип ызы-чуу чыгаргандар, мушташкандар жок. Өлкөдө жергиликтүүлөрдүн күлкүсү жана бейкуттук байыр алат. Абанын температурасы жайкысын +40 градустан түшпөйт. Ысык болгондуктан суу тартыштыгы бар. Оманда бензинге караганда суунун баасы кымбатыраак. Мисалы, 1 литр бензиндин баасы 50 цент турса, суунун баасы андан 5-6 эсе кымбат.


Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Aimani
2021-02-08 12:50:49
Бизге качан ушундай башчы келет болду экен.
+4
kkkk3259780
2021-02-09 07:48:12
Aimani, озубуз онолсок келет...
+2
№ 948, 4-10-февраль, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан