ЖАЗЫНДА БАКЧАГА КАМ КӨРҮҮ

Жаздын келиши менен өсүмдүктөрдү жигердүү өсүүгө даярдоо, аларды илдеттерден жана зыянкечтерден сактоо, жер семирткичтерди чачуу, кыркууну туура жана сапаттуу жүргүзүү керек. Сыртта дале кар жаап турса да март айынын алгачкы апталарында бакчаны карап, жаңы сезонго даярданууну баштоо зарыл. Эрте жазда бакчаны текшерип чыгуу сунушталат.

Көңүл бурчу жагдайлар:

1) Бак-дарактардын кабыгында жаракалардын пайда болушун, кемирүүчүлөр бакты зыянга учуратышын, үшүккө кабылып-кабылбаганын кылдат текшерүү;

2) Дарактардын жана бадалдардын бутактары кардын салмагынын астында сынган-сынбагандыгын текшерүү. Алардын айрымдары кыш мезгилинде өлүп калышы мүмкүн: сыртынан алар кургак, ал эми алардын үстүндөгү бүчүрлөр өнбөйт;

3) Сөңгөктөрдө кооптуу оорулардын издери бар же жок экендигин билүү керек.

Ар бир багбан зыянкечтер менен өсүмдүктөрдүн оорулары кайда кыштаарын билиши керек. Алардын көпчүлүгү күзүндө бактардан түшүп, түшкөн жалбырактардын астында кышташат. Аларга кабык коңуздары жана курттардын айрым түрлөрү кирет.

Бутактарда эски жалбырактар түшпөй калса бакта жөргөмүш кенесинин бар экендигин айгинелейт. Кабыктын бетинде түрдүү зыянкечтер кыштайт, алардын жумурткалары сөңгөктөн жана бутактардан көрүнөт. Бакчаны кумурскалардан текшерип көрүңүз, бул курт-кумурскалар бир топ ыңгайсыздыктарды жаратып, эгиндерди жок кылышы мүмкүн.

Өсүмдүктөр кыш мезгилинен кийин тез эле ойгонушат, ошондуктан аларды курт-кумурскалардан жана оорулардан коргоого убакыт керек. Бүчүрлөр ачылып, алгачкы жалбырактары пайда боло электе көптөгөн зыянкечтер менен козгогучтар дагы деле уктап жатышат.

Бутактарда калган жалбырактар оорулардын көбөйүшүнө шарт түзөрүн унутпоо кажет, мындай бутактарды кесип, өрттөө керек. Бак-дарактардын кабыктарын козу карындардан жана эңилчектерден кылдаттык менен тазалап, аки таш эритмеси же атайын паста менен актоо зарыл. Ошондой эле кабыктын үстүндөгү жана астындагы курт-кумурскалардын жумурткаларын жок кылат. Бакчаны жазында андан ары багуу үчүн өсүмдүктөргө дары чачылат. Бүчүрлөргө зыян келтирбөө үчүн мындай чачууну гүлдөө алдында жүргүзүү керек.


Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 948, 4-10-февраль, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан