1-февралда Бишкекте Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунда волейбол боюнча эркектер арасында Өлкө чемпиондугу башталды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен кабарлашты.Маалыматка караганда, Өлкө чемпиондугу 1-5-февраль аралыгында өтүп, Жогорку Лигада жалпы 12 команда эки тайпага бөлүнүп ат салышат. Жеңишке жеткен Жогорку Лиганын эки командасы кийинки сезондо Улуттук Лигага жолдомо алат.
Жумабай Акимов