“ЗОРДУКТООГО АРАКЕТ КЫЛГАН АДАМ КАЙРА МЕНИН ҮСТҮМДӨН АРЫЗ ЖАЗДЫ” дейт жабырлануучу

“Мени зордуктоого аракет жасаган киши кайра менин үстүмдөн милицияга арыз жазды” деген жарандын арманын уктук. Окуяга күбө болгондордун үстүнөн да арыз жазган. Бирок чиеленишкен ар кандай иштерден улам окуя үч жылдан бери сотто каралбай, созулуп келет. Жабырлануучу окуянын чоо-жайын айтып берди.

“МЕНДЕН БАШКА КЫЗ-КЕЛИНДЕРДИ ДА КОРКУТУП ЖҮРГӨН КИШИ ЭКЕН”

– Атым Нурзат (ред.: каармандын өтүнүчү менен аты өзгөртүлдү). Тажикстандан келген этникалык кыргызмын. Жолдошум, үч балам болуп Токмок шаарында турчубуз. Жолдошум 2019-жылдын февраль айында Москвага иштегени кетти. Ошондо үч баламды алып кайнатамдар жашаган Васильевка айылынан батир таап, көчүп бардым. Март айынан тарта мага 55 жаштагы Э.С. аттуу жаран СМС жазып, чалып тийишип жүрдү. Ал дагы Тажикстандан келген этникалык кыргыз, Васильевка айылында жашайт. Беш ирет телефон номеримди которуп, аны бир нече ирет телефондун кара тизмесине салдым. Ал мурунтан эле жалгыз бой кыз-келиндерге тийишип, ылайыгы келгенде зордуктоого аракет жасап жүргөн киши экен. 9-июнь күнү ал үйгө чейин келип, мени коркутуп, үйдүн терезесин талкалап кетти. Окуяны кайнилериме айттым, алар “зордукчунун ким экендигин билүү үчүн жолугууга макул болуп көрүңүз, биз ошондо анын үстүнөн чыгалы” дешти. Макул болуп, ал киши менен 12-июнда айыл четиндеги фермадан жолуктум. Артымдан кайнилерим коштоп барып, обочо жерде байкап турушту. Барсам мага “машинага отур” дейт. Мен “уялбайсызбы, атамдай болгон киши экенсиз” дедим. Ошондо колумдан тартып машинага салууга аракет кылды. Мен жулкунуп кыйкырып жардам чакырып жатсам, жаакка чаап жиберди. Электрошокер менен ток тарттырганда өзүмө келе албай жыгылдым. Ал мени машинага салмакчы болгондо кыйкырганымды угуп ары жактан кайнилерим чуркап келишти. Тигил киши мени түртүп жиберди. Мен цементке катуу жыгылдым. Ошол учурда ал качууга аракет кылып, бирок машинасы от албай кармалып калды.

“МИЛИЦИЯ ЧАКЫРАЛЫ ДЕСЕМ БОЛБОЙ КОЮШТУ”

– Кайнилерим тиги киши менен уруша кетишти. Маселени аксакалдар чечсин деп айылдагы мечитке алып бармай болушту. Мен кайниме “милиция чакыралы” десем болбой койду. Оозу-мурдум канап отуруп калдым. Талаада мал жайып жүргөн кишилер бар экен, аларды жардамга чакырдым. Мечиттен аксакалдар ортого түшүп, зордукчунун туугандарын чакырышты. Көрсө, алар бул кишинин мындай жоруктарын буга чейин эле билишчү экен. Ал мурун дагы көп келин-кесекке "кол салып" жүрүптүр. Анан Э.Снын туугандары, атасы келип аны токмоктоп салышты. Ал жерде кайнатам да бар эле. Атама да “милиция чакыралы” десем, ал “мунун атасы менден тизелеп ыйлап кечирим сурады. Биз үй-бүлөбүз менен намаз окуп, ыйман жолунда жүргөн адамдар болсок, кечирели. Зордукчунун атасы “бизге үч күн бергиле, биз муну айылдан көчүрүп жиберебиз. Келиниңерди дарылатабыз” деди. Бир айылда жашап жаткандан кийин эртең эле жүз көрүшөбүз” деп аларды кечирип койду. Ошону менен бул окуя аксакалдардын деңгээлинде жабылып калды.

“БААРЫБЫЗ БИРИГИП 19 МИҢ ДОЛЛАР ЧЫГЫМ ТАРТТЫК”

– Окуядан эки күн өткөн соң ал киши ооруканага жатып алып, “мени сабап кетишти” деп биздин үстүбүздөн Аламүдүн РИИБине арыз жазыптыр. Бизге келип “жыландын куйругун бастыңар, бардыгы менин колумда, соттор, тергөөчүлөр...” деди. Милициялар келип мени жана эки кайнимди алып кетишти. Артыбыздан баягы окуяга күбө болгон балдарды да кармап келишти. Көрсө, ошончо адамдын баарынын үстүнөн арыз жазып коюптур. Кайнатам келип милицияга 60 миң сом берип, бизди чыгарып алды. Бир жарым ай тынч жашадык. Көп өтпөй Э.С. бизди чыгарып жиберди деп прокуратурага арыз жазыптыр. Ага эч ким тийген эмес, бирок “боорум, бөйрөгүм тепкиден эзилип калды” деп бир ай ооруканага жатып чыккан экен. Райондук прокуратура ишти карап, Аламүдүн райондук сотуна жиберет. Ал жактагы Арзубек Зикиров деген сот Э.Снын аталаш иниси болот экен. Ишти ошол киши карап, алгач кайнимди жана эки күбөнү камашты. Менин айымдан камакка алынып жатышса деп, Арзубек Зикировго мен жана күнөөлөнүп жаткан 3 адам 2,5 миң доллардан чогултуп, жалпы 10 миң доллар жана кошумча акча бердик. Ошентип эки бала чыкты да, кайним тергөө абагында 20 күн камалып чыкты. Андан соң мени жана окуяга күбө болгон Муксимжон Шамовдун үстүнөн кайра арыз жазып салды. Бул иш да сотко өтүп, сотто ал Шамовду 6, мени 5 жыл эркимден ажыратууну сурады. Ошол убакта биздин жактоочубуз бар болчу. Ал арыз ээсинин таанышы экен. Бизди алдап болгон акчабызды милиция кызматкерлери менен чогуу бөлүшүшкөн окшойт.

Окуядан кийин жолдошум Москвадан кайтып келди. Биз бул жалаадан кутулабыз деп үйүбүздү, машинабызды, малыбыздын баарын саттык. Күнөөлөнүп жаткандар баарыбыз биригип баш аягы 19 миң доллар чыгым тарттык. Бирок иш бүгүнкү күнгө чейин бүтпөй келет.

“МЕН АК ЖЕРДЕН СОТТОЛГОНУ ТУРАМ”

Айыпталып жаткандардын бири Муксимжон Шамов төмөнкүлөрдү билдирди:

– Мен Тажикстандан келген этникалык кыргызмын. Үйдө ата-энем, туугандар, үй-бүлөм болуп 16 киши жашайбыз. Мени келиндин кайниси “бир жакка барып келели” деп чакырып эле, ошол окуяга күбө болуп калгам. Ал жерде менин эч кандай күнөөм жок. Бизди күнөөлөп жаткан кишини бир туугандары “сен бул иттигиңди качан коёсуң?” деп сабашкан. Кийин бул ишке бизди күнөөлөп арыз жазганына таң калдым. Аны өз туугандарынан башка эч ким ур-токмокко алган эмес. Окуядан 8 ай өткөндөн кийин бул ишке мени да аралаштыра башташты. Ага чейин унчугушкан эмес. Тергөөчү менден 2000 доллар сурады. Ал акчаны бербесем, убактылуу кармоочу жайга алып барып, кылмышты мага илип койчудай болду. Ошондо 10 миң сом берип, үй камагына чыктым. Э.С. “тосмо арыз жазып берем” деп тиги келинден 200 миң сом акча алыптыр. Ошонун ичинде менин да 30 миң сом акчам бар болчу. Андан кийин арыз ээси “мен сенин үстүңдөн арызданган эмесмин, сен 200 миң сом берсең сага тосмо арыз жазып берем” деп менден акча сурады. Мен, биринчиден, акчам жок, экинчиден, жасабаган иш үчүн эле эмнеге акча берем дедим. Ошондон кийин мага жазган арызы милицияда калып, иш эмгиче тергелип жатат.

Иштеп акча табайын десем милиция келип текшерип, жашаган аймагымдан алыс чыгарбайт. Тосмо арыз жазып бошоткон балдарды “сотто менин сөзүмдү сүйлөйсүңөр” деген шартта бошоткон экен. Алар сотто туура эмес көрсөтмө берип жатышат. Ата-энемдин пенсиясына жашайбыз. Мен калп көрсөтмө бербегендиктен, ак жерден эле соттолгону турам.

“БИЗ СӨЗСҮЗ АКЫЙКАТТЫККА ЖЕТЕБИЗ”

Жоопко тартылып жаткан аялдын жактоочусу Курманбек Туйбаев буларга токтолду:

– Бул окуяда тескерисинче жабырлануучу кылмышкер болуп калды. Учурда ишти Чүй облустук соту карап жатат. Аламүдүн райондук соту менин кардарымдан кылмыштын курамын таба албай, коомдук ишке тартууга кескен. Ал Аламүдүн РИИБине бул боюнча 8 ирет арыз менен кайрылган. Бирок ага карабастан келиндин арызы кабыл алынган эмес. Азыркы тапта менин кардарымдын арызын ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгы карап жатат. Алар Чүй облустук соту кандай чечим чыгарарын күтүүдө. Андан кийин арыз жазууну улантабыз. Анткени Аламүдүн райондук соту,
РИИБи мыйзам бузууларга барган. Буга тиешеси бар тергөөчүлөрдүн баары жазаланышы керек. Арыз жазган адам өзү сотко келбей жатат. Ал буга чейин да кылмыш чөйрөсүнө аралашып жүргөнү айылдаштары тарабынан айтылды. Ал жаракат алдым деп түрдүү версияларды чыгарып, сөзүнөн жаңылып, калпы чыгып жатат. Биз прокурор менен байланыштык. Сөзсүз акыйкатка жетебиз.

Окуя боюнча экинчи тарапты табууга мүмкүн болгон жок. Редакцияга кайрылышса алардын да үнүн угууга даярбыз.

Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
NURSAPAR
2021-02-08 22:35:14
Уурусу күчтүү болсо, ээсин доого жыгат болгон окшойт. Айыл аксакалдары не деди анан, алардан сураштыбы?
+3
Erlan_95
2021-02-09 22:03:39
Догурунган акмак десе. Мындайлар коомдун паразити, уяты. Буларды жок кылганда анан ошол коом осо баштайт.
+1
№ 948, 4-10-февраль, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан