КАНТ ДИАБЕТИНИН ЭКИНЧИ ТҮРҮ

Кант диабети – дүйнөдө кеңири жайылган оору. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына таянсак, 2016-жылы Жер шарында 1,6 миллион адам кант диабетинен каза тапкан. Ал эми Кыргызстанда 2019-жылдын 1-январына карата маалыматта аталган оору менен катталгандардын саны 58 873 адамга жеткен.

Кант диабети күчөп кетсе инфаркт, инсульт, бөйрөк ооруларына жана сокурлукка, буту-колдун кесилишине чейин жеткирет. Бул дарттын 2 түрү бар: инсулинге көз каранды жана инсулинге көз каранды эмес. Бүгүн инсулинге көз каранды эмес түрү (2-түр) тууралуу маалыматты сунуштайбыз.

Оору – уйку бези иштеп чыгарган инсулинди клеткалар кабыл албай калгандан жаралат

Ашказан алдындагы уйку бези тамак-ашты сиңирүүчү маңызды жана инсулин гормонун бөлүп чыгарат. Аталган гормон кандагы канттын өлчөмүн (глюкоза) бир калыпта кармайт. Глюкоза канда кандайча пайда болот? Курамында көмүртек бар тамак-аш организмге сиңгенде андан глюкоза жаралып, канга куюлат. Боордо запаска кармалган глюкоза болот, глюкозанын жетишсиздиги органдарда сезилгенде боор запастагы глюкозаны канга куят. Глюкоза – клеткалар үчүн энергия булагы.

Диабеттин 2-түрүндө уйку бези иштеп чыгарган инсулинди организмдеги клеткалар кабыл албай калат. Башкача айтканда, соо адамда инсулин түрдүү ткандардагы энергиянын негизги булагы болгон глюкозаны клеткалык мембраналарга “ичкериге өткөрүүгө” команда берет. Бирок клеткалар инсулиндин “командасын” кабыл албайт, мембраналар “кулпуланган” бойдон калат.

Жыйынтык: Органдардын ткандары өздөрүнүн милдетин аткаруу үчүн керек болгон энергияны, башкача айтканда, глюкозаны албай калат.

Кандагы глюкозанын нормасы жогорулап кетет (гипергликемия жаралат). Бул болсо кандын өпкөдөн кычкылтекти ткандарга, ткандардан көмүр кычкыл газын өпкөгө ташуусуна чоң тоскоолдук жаратат.

Глюкозанын “стратегиялык запасы” топтолуучу боор глюкозага муктаж болгон органдардын сураган “өтүнүчү” боюнча запастагы глюкозаны канга кошуп жиберет. Ошентип кандагы глюкозанын деңгээли ого бетер жогорулап кетет.

Кандагы канттын деңгээли жогорулап кеткенде уйку бези канттын деңгээлин калыпка келтирүү үчүн инсулинди дагы көбүрөөк бөлүп чыгара баштайт. Ошентип акырында уйку бези инсулинди иштеп чыгаруу жөндөмүн жоготот.

Диабеттин 2-түрү билинбестен узак убакытта өнүгөт. Бул түр инсулинге көз каранды эмес түрү деп да аталат. Өтө толуп кеткен адамдарда жана жашы 40-50дөн ашып калгандарда, кийинки кездерде жаштарда да жолугуп жатат. Алгачкы стадиясында инсулиндин кереги жок. Башка дары-дармектер колдонулат.

КЕЛИП ЧЫГЫШЫНЫН СЕБЕПТЕРИ

Тукум куучулук;

Гормоналдык бузулуу жана организмдеги зат алмашуунун бузулушу, инфекциялык оорулар;

Кош бойлуулардагы диабет;

Семирүү. Семирүүдөн гормоналдык бузулуу жүрөт;

Стресс;

Уйкунун бузулушу, өпкөгө жетиштүү түрдө таза абанын жетпеши. Бул глюкозанын организмдеги алмашышын бузууга жеткирет;

Кыймылдын аздыгы, отуруп иштөө. Мында организмдеги зат алмашуу бузулат. Жаштар арасында да диабетке чалдыгуулар ушул себептен да болууда;

Жумурткалыктагы поликистоз оорусу;

Организмде жаман холестериндин жогорку деңгээлде болушу;

Артериалдык гипертензия;

45 жаштан өткөн курак.

ДАРТТЫН ОРТОЧО ЖАНА ООР ТҮРҮНДӨГҮ БЕЛГИЛЕРИ

Баарынан мурун кычкылтекке жана глюкозага мээнин жана жүрөктүн клеткалары муктаж болот. Андыктан биринчи аларда кычкылтек “ачарчылыгы” жана энергиянын жетишсиздиги сезилет.

Кандагы канттын деңгээлинин жогору болушунан артериалдык кан тамырлар ийкемдүүлүгү жана чоюлчаактыгын жоготот. Артерия ичкерет, анын керегелеринде холестерин түйдөкчөлөрү пайда болот. Жыйынтыгында оорулуунун кан басымы жогорулайт, жүрөгүнүн кагышы бузулат, инфаркт же инсультка учуроо коркунучу жогорулайт.

Диабетиктердин бөйрөк, колу-бутунда маселелер жаралат. Андыктан инфекцияларга кабылуу көбөйөт, остеопороз жана таманда, шыйракта жаралар пайда болот. Гемодиализге түшүп калуусу мүмкүн. Суукка урунса деле оору өтүшүп, айыгуу кыйындайт. Өпкөсү сезгенсе дарылоо өтө кыйынга турат. Коронавируска чалдыкса оору өтө оор өтөт.

Диагноз үчүн кандагы канттын курамы, уйку бези, бөйрөк, көз, перифериялык нервдер жана кан тамырлар, кан басымдын суткалык абалы жана башкалар текшерилет.

ДАРЫЛОО

Оорунун стадиясына жараша дарылоо жүргүзүлөт.

Азыктанууга курамында көмүртеги, калориясы аз тамак-аш сунушталат. Анализди 3-4 ай сайын тапшыруу керектелет. Эндокринолог керек деп тапса, анда дарылоонун башка ыкмалары кошулат. Айталы, магниттик терапия. Башкача айтканда инсулинсиз дарылоо ыкмасы.

Кандагы канттын өлчөмү нормадан көп көтөрүлсө ошого жараша дарылоо жүргүзүлөт.

Эгер уйку бези инсулинди жетишерлик деңгээлде иштеп чыгара албай калса, башка дары-дармектерге кошуп инсулин менен да дарылоо керектелет. Мындай дарылоо өмүр бою улануусу ыктымал. Инсулин терапиясы кыска убакытка колдонулуп, кийин бейтапты кайра башка дары-дармекке өткөргөн учурлар болот.

АЛДЫН АЛУУ

Кандагы канттын өлчөмү нормадан өтө көтөрүлбөсө тамак рационун коррекциялап, жашоо образын өзгөртүү, семирип баратса арыктоо, сергек жашоо образына өтүү, стресске кабылбоо керек. Ошондо оорунун башталышын алдын алып калууга болот;

Майлуу тамакты, кантты жана таттууларды аз кабыл алуу;

Жашылчаларды жана жемиштерди көп колдонуу;

Физикалык кыймылда болуу: жөө басуу, чуркоо, күнүгө көнүгүүлөрдү жасоо;

Зыяндуу адаттардан арылуу (тамеки чегүү, ичимдик ичүү);

1 жылда 1-2 жолу эндокринологдун текшерүүсүнөн өтүү.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Sajakat14
2021-02-14 15:33:03
Абдан коркумуштуу оору экен.Тууганыбыз 4 жыл гемодиализге барып канын тазалатып жүрдү,бөйрөктөрү хронический иштебей калды.Ага Кант диабетинин 2-түрү түрткү болду. Бат эле көздөрү катаракта болуп көрбөй калды!Оору менен 4 жыл салгылашты жумасына 3 жолу канын тазалатып. Абдан арыктады. Анан 2020-жылы кыйналып жүрүп байкушум өтүп кетти. Элдер көп кайгырбагыла!Көп сейилдегиле!Кыймылда болгула!Позитив ойлонгула! Кечкисин жеңил тамак жеп уктагыла. Бул коркумуштуу оору экен! Бир заматта өлтүрөт экен!
0
№ 948, 4-10-февраль, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан