СҮННӨТКӨ ОТУРГУЗУУНУН ШАРТТАРЫ

Азыркы учурда мусулманчылыкты тутунган элдерде баланы сүннөткө отургузуу көбүнчө улуттук үрп-адат катары каралат. Сүннөттүн ден соолукка пайдасы кандай? Баланы канча жашында отургузуу керек? Сөзсүз отургузуу шартпы жана анын кандай ыкмалары бар?

“БАЛАНЫ 8 ЖАШКА ЧЕЙИН ОТУРГУЗСА ЖАКШЫ”

Бакыт Жанов, Эне жана баланы коргоо борборунун дарыгери, уролог:

– Мен 33 жылдан бери эркек балдарды сүннөткө отургузуп келем.

Негизинен баланы төрөлгөндөн тартып эле сүннөткө отургузса болот. Илгери кыргыздарда көбүнчө 3 жаштан кийин отургузушчу. 3 жаш 5 жаш туура деп эл арасында айтылып калган. Бирок динде да, медицинада да андай эреже жок.

Эң башкысы баланы төрөлгөндөн баштап балагатка, же 8 жашка чыкканга чейин отургузган жакшы. Кичине балдардын териси жука келип, бат бүтүп кетет. Бөбөктөрдү отургузардан мурун педиатр жана урологго текшертип, кеңеш алуу керек. Анткени балада кандайдыр бир оору, анын ичинде урологиялык оору болуп, отургузууга ошол кезде мүмкүн болбой калышы ыктымал. Эмдөө алгандан кийин 10-15 күндөн кийин отургузса болот. Ошондой эле баланын дене табы көтөрүлсө, мурдунан суу, чимкирик акса же башка оору белгиси билинсе да отургузууну артка жылдыруу керек.

Отургузууда наркоз эмес, оорууну сездирбөөчү укол сайып кесебиз. Ал үчүн атайын шайман колдонулат. Аны лазер деп коюшат. Ал электрондук бычак, же коагулятор, ошону колдонуу жакшы. Анткени аны менен кескенде канаганы бат эле токтойт. Процедура 5-6 мүнөткө эле созулат. Чочосун кесүүнүн “модасы” деген жок. Кээде өйдө-ылдый, бодурала болуп кесилип калган учурда хирургдар “роза кылып кестик, тегиз кесилсе классикалык түрдө кестик” деп коюулары мүмкүн. Атайын роза, гүл кылып кесүү деген жок. Классикалык түрдөгүсү жыныстык мүчөсүнүн үрпү тегерете, ичинен чел кабыгы кичине калтырылып кесилет, ушул туура болуп эсептелет.

Медициналык жактан пайдасына келсек, чочосунун терисинин алдына ак өңдөгү кир (смегма) топтолуп калат. Аны жууп турбаса ал жерде микробдор, башкача айтканда, инфекция топтолот. Ал инфекция табарсыктын, бөйрөктүн сезгенишине алып келген учурлар бар. Отургузулбаган баланын чочосунун терисинин башы ачылбагандыктан смегманы кетирүү үчүн терисин артка түртүп жууш керек. Отургузулган баланын чочосунун башы ачык болгондуктан оңой жуулат, кир топтолбойт, сезгенүү жаралбайт.

Кийин жыныстык жактан жугуучу ооруларга кабылуу коркунучу азаят. Окумуштуулардын изилдөөлөрү боюнча, бул нерсе эркектин сексуалдык жашоосуна да оң таасирин тийгизет.

Азыр башка диндегилер, Кыргызстандагы корейлер, орустар жана кытайлар да отургузуунун пайдалуу жагын билип, балдарын алып келип жатышат.

“КЫШ БОЛОБУ, ЖАЗ БОЛОБУ, АЙЫРМАСЫ ЖОК”

– Кыргыздарда жазда, күздө отургузуу керек деп айтышат. Чынында мезгилдер таасир этпейт. Ата-энеге кайсы убак ыңгайлуу болсо кыш болобу, жаз болобу өз эрки. Эң негизгиси үй жылуураак болуусу кажет. Жылуу убакта кесүү деген илгеркиден калса керек. Анткени азыркыдай шарт болгон эмес. Шаршемби күнү отургузган жакшы деген да болбогон сөз. Кээ бир балдарда болот “скрытый половой член” деп коёт. Чочосу ичине кирип, үрпү өзү эле чыгып турган. Аларды отургузууга болбойт. Алар чоңойгондо отургузулат.

Учурда кайсы бир себептерден улам отургузулбай калган чоң кишилер да келет. Аларды деле жашына карабай отургуза беребиз.

“ЭЛДИК ЫКМАДА ОТУРГУЗГАНДАР АЗЫР ЖОККО ЭСЕ”

– Мурда устара, лезвие, маки менен отургузушчу. Азыр элдик ыкмада отургузгандар жок. Анткени канап, сезгенип кыйналгандар көп болгон. Эл ошондуктан коркуп калышты. Отургузуу үчүн ооруканага алып баруу туура. Кээ бирлер уролог хирургду үйүнө чакырышат. Бул болбойт, үйдө инфекция көп.

Толук отургузбай чочосунун терисин кичине тилип, кан чыгарып ырымдап койгон болбойт. Анткени мүчөнүн башы ачылбай калат. Бизге келгендердин ичинде 20-25 жашка чыккан, кичинесинде ырымдап кан чыгарып койгондор бар.

Отургузгандан кийин жараат 1-2 аптада бүтөт. Бул баланын этинен болот. Жарааты бүткөнчө левомеколь дары майы сүйкөлөт. Кургабай жаткан жерлерге зелёнка сыйпап, марганцовка же фурацилин эритмеси менен жууш керек. Эгер былжырап кургабай жатса стрептоцид таблеткасын майдалап сээп коюу керек.

Бала отургузулгандан соң атайын кийгизилүүчү трусылар бар. Эгер үй ысык болсо же бала өзү жүдөп каалабаса кийгизбей койгон оң.

“ПАРЗ ЭМЕС, БИРОК МУСУЛМАН АТКАРА ТУРГАН ЖАКШЫ ИШТЕРДЕН”

Бактыяр Токтогазиев, Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын фатва бөлүмүнүн адиси:

– Тарыхка көз чаптырсак, Ибрагим пайгамбардан башталат. Ага Кудай Тааладан аян келет. Ал учурда Ибрагим пайгамбардын жашы улгайган болот. Ошентип Кудай Тааланын буйругун аткарып, сүннөткө отургузулган. Ислам келгенден кийин пайгамбарыбыздын куттуу хадистеринде “сүннөткө отургузуу адамдын табигый кыла турган амалдарынын бири” деп айтылат. Ислам шариятында мунун курагы, убактысы “ушул убакыттан ушуга чейин” деп белгиленген эмес. Жакшысы жаш кезинде, 4 жаштан 7 жашка чейинки аралыкта аткарылганы туура. Биздин Орто Азия чөлкөмүндө практика жүзүндө жогоруда аталган убакта сүннөткө отургузушат. Ал эми кээ бир араб өлкөлөрүндө төрөлгөндө эле отургузгандар бар. Өкүмү боюнча парз эмес, бирок мусулман аткара турган жакшы иштерден. Эскерте кетчү нерсе, муну кесипкөй адис, билген врач жасашы зарыл.

Жумабай Акимов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 949, 11-17-февраль, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан