ТӨШӨКТӨГҮ БЕЙТАПКА КАМ КӨРҮҮ

Эгерде бейтап төшөктөн турбай жатууга аргасыз болсо, анда гигиена эң маанилүү маселелердин бири. Мунун көптөгөн себептери бар: дененин тазалыгына кам көрбөсөңүз, төшөктө жаткан бейтап өзүн ыңгайсыз сезип, атүгүл башка дарттарга чалдыгуусу мүмкүн.

  • Эксперттер төмөнкү процедуралардын үзгүлтүксүз болушун сунушташат:
  • Үйдө зарылдыгына жараша дары-дармектер жана тазалоочу каражаттардын болушу шарт;
  • Бейтаптын оозун күнүнө эки жолу чайкоо;
  • Жука чурайды, жыныстык мүчөлөрдү тазалоо;
  • Денени жана башты жумасына бир жолу жуу;
  • Мурунду жана кулактарды зарылдыгына жараша тазалоо.

Эгерде бейтап ашыкча салмакка ээ болсо, анда бардык процедураларды 2 адам болуп жасоо зарыл. Бир адам оорулууну кармап, процедураларды экинчиси жүргүзөт.

Бейтаптын абалына жараша дарыгер сунуштаган көнүгүүлөрдү жасоону алгач өзүңүз үйрөнүңүз, анан төшөктөгү жакыныңызга жасатып туруңуз. Бул батыраак сакаюга өбөлгө түзөт.

Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 949, 11-17-февраль, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан