(Башы өткөн сандарда)
Айланадан бирөө-жарым жардам береби дегендей алактап карап жиберди. Жок. Эч ким жардам бербейт. Милицияга ким тоскоолдук кылмак эле?!
– Жыл ары!- жакасын кармаган бойдон ары түрттү тиги жигит.
– Силердин күч колдонууга укугуңар жок! Мен жай тургунмун...- деди алактай.
– Э-энең!- дагы эки-үч ирет былч-былч эте коюп жиберди Тилек. Аргасыз жүргүнчү отурчу орундукка жылды. Анан капыстан эсине келе түшкөндөй эшикти ачып качмакчы болуп шашкалактаганда сол колуна шалк деп кишен илингенин байкады. “Өлдүм” деди ичинен.
Машина ордунан оор козголуп күркүрөп жөнөдү.
– Сейфти ачасың адегенде,- унааны башкарып баратып сүйлөдү Тилек.
– Кайсы сейфти? Силер кимсиңер?
– Мент эмеспиз!- арткы орундуктагы кыз кайра жылмайды.
Эмне эле жалжаңдайт бул? Акыл-эси соо немеби? Деги булар ким?
– Бул сейфти!- Тилек салондогу мониторду сөөмөйү менен какты.
– Түшүнбөдүм?
– Анткорлонбо, биз баарын билебиз! 350 миң бакс жатат бул жакта. Паролду сен гана билесиң. Машина телефонуңа байланган...
– Хе-хе...- ишкер эми күлдү. Канжалап жаткан мурдун аарчыды да, – демек, баарын билебиз де. Информацияны ким айтты силерге?.. Аа... Ал жагы эми маанилүү эмес! Эми мени уккула, көк мээлер. Машина телефонго байланган, аны билет экенсиңер. Азыр болсо ошол телефондон берилген сигналды алып, тишине чейин куралданган 10 күзөт кызматкери шаарды башына кийип алып уңулдаган бойдон келе жатышат. Где-то 5 мүнөт. Жетип келишет, күтө туралы... Силер кимди тономокчу болгонуңарды билген эмессиңер го? 5 мүнөттөн кийин сүйлөшөбүз.
– Ложная тревога деп айт! Байкабай телефондон басып алыпмын деп чалып кой күзөт кызматыңа!
– Хе-хе... Жүрөгүң түшүп калдыбы?
Тилек тигинин көзүнө тик карады. Ойноп жатат. Коркконун билгизбөөгө аракет кылганы даана байкалууда. Биринчи эле тоскоолдукта сынат... “Рембо боло бербечи” деди ичинен ишкердин ички дүйнөсүн аңтарып. Бул убакта арттан Сабина телефонунан үндү угузду... Ишкердин кичине кызынын үнү. “Папа, привет!” дептир кыз.
Үндү угары менен тигинин өңү бозоро түштү.
– Ложная тревога! Ложная тревога! Байкабай басып алдым,- телефонуна ушинтип бакырды да, монитордон түшүнүксүз бир комбинацияны терди. Ичке экран жылып, артында орнотулган кичинекей сейф көрүндү. Муну эч ким билчү эмес. Булар кайдан билип алышты? Ким сатты? Же мас болгондо өзү бирөөгө божурап берип койгонбу?
Паролду терди. “Чыйп” эте үн чыгарып, сейф ачылды.
– Уу-ху!- кыз сүйүнгөнүн жашыра албай арткы орундуктан обдулуп сейфтеги жашыл акчаларды чыгарып кара баштыкка салып баштады.
– Эми офиске барабыз?
– Кереги жок! Ал жакта эч кандай акча жок.
– Бар.
– Бар, бирок жасалма акча...
– Бизге ал да керек.
– Ал жөн эле “цветной” принтерден өткөн кагаздар... Акча эмес...
– Сен бизден кагазды аябайсың да, туурабы?- кыз дагы жылмайды. Мунун жылмайганында кандайдыр бир жагымсыз нерсе бар экен. Куду шайтан шылдыңдап жаткандай... Жинди гана келтирет экен.
xxx
– Сен кызыңдын өмүрү менен ойнобо! Мен сага жакшылыкча айтып жатам. Бизди жумшаган адамдар эч нерседен тартышпайт. Принцип үчүн деле өлтүрүп коюшу мүмкүн. Эскертип гана коёюн дедим,- машинадан түшмөкчү болуп жатканда Тилек үн катты. Ал бир жалт карап алып, анан түшүп кетти.
– “Хороший коп” болуп койдуңбу?- деди Сабина.
– Зыяны тийбейт. Ар жак-бер жакка чалып жибербесин.
Аз өтпөй эле тиги жетип келди.
– Мына!- кара баштыктагы акчаны таштады.
– Азамат! Отур эми, үйүңө жеткирип коёюн.
– Кызымды бергиле?
– Кам санаба, экөөңөр чогуу кирип барасыңар үйүңөргө...
– Эгер жакшы бала болсоң...- кыз дагы жылмайды.
xxx
Жолдон экөө эч нерсе болбогондой баягы милициянын унаасынын жанынан түшүп калышты.
– Сен милицияга барбайсың, билем. Башкаларга да барба! Өзүңө эле жакшы,- Тилек кетеринде ага ишенимдүү түрдө ушинтип кайрылды. Ишкер унчукпастан айдап жөнөдү. Үйүн көздөй зуулдап баратты.
Жетери менен шаша-буша машинасынан түшүп кыйкырды.
– Гуля-я! Амели кайда?- аялы анын үнүнөн чочуп сыртка чуркап чыкты.
Аялынын тостойгон көздөрүн көрүп жүрөгү шуу дей түштү. Дал ушул учурда жанынан эле “Привет, папа!” деген үндү эшитти. Кызы так жанында туруптур. Шап бооруна кысты.
– Эмне болуп кетти?- аялы нес болду.
– Сага эч нерсе кылышкан жокпу?- кызынын колу-буттарын шашкалактап карады.
– Эмне болду?- аялы дагы сурады.
– Качан алып келишти?
– Кимди?
– Амелини...
– Ал эч кайда чыккан жок. Жаңы эле ойгонуп, короого ойногону чыккан...
– Ха... Аа... Лох кылып кетишиптир да, ээ? Ха-ха-ха...
Өзүн-өзү кыйнап каткырды.
xxx
Милициянын Жигулиси ылдый карай зуулдап баратты. Пландан чыкпаш керек. Тилек рулду бек кармап, газды түбүнө жеткире тээп айдап баратат.
– Бул акчага эмнелерди гана сатып алса болот?- кыз баш чайкап, кара баштыктардын бирин өйдө көтөрдү.
– Алардын бири жасалма акчалар...
– Жоок... Бул абдан мыкты жасалыптыр. Эч билинбейт. Жасалма экенин мыкты эле бирөө билбесе.
– Демек?
– Чек арачыларга ушул акчаны берип чыгып кетсе болот.
– Экөөбүз окшош ойлонот турбайбызбы?- Тилек кызды карап күлүп койду.
– Сен демек башынан эле ушуну ойлонупсуң да, ээ? Мен эмнеге офиске айдатып, жасалма акчаны алган жатат деп коём. Менин акылдуум...- жигиттин чачтарын уйпалап, жүзүнөн өөп койду.
Аз өтпөй алар чычырканактуу дөңсөөгө келишти. Чычырканакты бир аз аралай түшкөндө эле Аскар менен Сашанын сөлөкөтү көрүндү.
– Баары жакшыбы?- Саша түшүп-түшө электе сурады.
– Ооба.
– Болгула бат-баттан!
Эки чал эбак аң казып даярдап коюшуптур. Чычырканак менен курчалган дөңсөөнүн бир бурчундагы казылган аңга заматта жанагы Жигули көмүлдү.
– Бул жакка келген изди кантсек? Ошол аркылуу табылып калбайбы?
– Табылганча силер өлкөдөн чыгып кетесиңер,- деди Саша.
Анан төртөө ошол дөңсөөнүн аркы бетинде токтотулган эски Гольфко отурушту да, жөнөп кетишти.
xxx
Айка ашканасын жаап чыгып бара жаткан. Күтпөгөн жерден Марс пайда болду.
– Эмне жумуш бүттүбү?
– Ооба.
– Ачпайсыңбы? Сүйлөшө турган сөздөр бар...
– Эшиктен эле сүйлөшсөкчү...
– Кофе ичип отурсамбы дегем. Тиги Тилек боюнча...
– Эмне болду Тилек?
– Ошону ачсаң айтам да.
Тилек боюнча деген үчүн гана ашканасын кайра ачты Айка. Марска кофе даярдап берди.
– Эмне болду дагы эле табылбай жатабы?
– Жок, энең дурайын! Шеф мени жеп бүтмөй болду. Сен билесиң, сага байланышып жатат деп эле асылат.
– Өлкөдөн чыгып кетпеди бекен?
– Жок, Кыргызстанда эле... Айка, мага ачык айтчы, сен аны менен сүйлөшкөн жоксуңбу?
– Жок.
– Чынбы? Сен аны менен сүйлөшүп жаткан болсоң ачык айтып коюшуң керек.
– Жок.
– Айка... Кеп мындай. Тилектин Көлгө кеткенин гана билебиз. Бирок ал жактан үймө-үй издеп таппай койдук. Жакында мени кармап, камаганы жатышат. Милициядан бирөө ага информация ташууда, ошон үчүн таптырбай жүрөт деп шектенип жатышыптыр. Эң башкы шектүү мен экенмин. Аз күндө камашат дешти... Ошон үчүн мен сенден суранам. Эгер аны менен сүйлөшкөн эле болсоң мага айтып кой. Ал кеңкелестин айынан күнөөсүз кармалгым келген жок.
– Мен билбейм аны, Марс! Мени менен сүйлөшкөн жок чынында эле...
– Мени камашса, демек, сени да камашат... Жөн эле кыйнап айттырабыз деп камашат.
– Мен билбесем эмнеге камашат?
– Тилектин кайда экенин элдин баары экөөбүздү билет деп ойлошот экен. Эмнеси болсо да даяр бол...
(Уландысы кийинки санда)