ЭҢ КЫМБАТ АКЧА БИРДИКТЕРИ

1. Бир Кувейт динары – 279,84 сом

Кувейт дүйнөдөгү бай мамлекеттердин бири. Негизги киреше булагы мунай заты. Мунайды көптөгөн өлкөлөргө экспорттогондуктан Кувейт динарынын баасы жогорулап келет.

2. Бир Бахрейн динары – 224,81 сом

Персия булуңунда жайгашкан өлкө. Булар да мунай затын сатуудан байыган.

3. Бир Оман риалы – 220,17 сом

Оман султанаты да мунайдын эсебинен экономикасын жогорулаткан.

4. Бир Иордания динары – 119,72 сом

Иордания мамлекети өтө бай эмес,ошентсе да акча бирдиги кымбат валюталардын ондугуна кирген.

5. Бир Британ фунту – 116,44 сом

Көпчүлүк Британ фунтун эң кымбат деп ойлошот, бирок бул валюта алгачкы ондукта 5-орунда турат.

6. Кайман аралдарынын бир доллары – 102,29 сом

Кайман аралдарында салык төмөн болгондуктан банк, инвестициялык фонд, камсыздандыруу компаниялары өтө көп. Бул жагдай валютасынын жогору баада сакталышына таасирин тийгизип турат.

7. Бир евро – 102,09 сом

Европадагы 17 мамлекеттин, анын ичинде Германия, Испания, Италия сыяктуу өнүккөн өлкөлөрдүн валютасы болгондуктан баасын түшүрбөй келет.

8. Бир Швейцария франкы – 94,26 сом

Швейцария дүйнөдөгү бай өлкөлөрдүн сап башында. Экономикасы өнүккөн өлкөлөрдүн акча бирдиги көбүнчө жогору бааланары аныкталган.

9. Бир АКШ доллары – 84,80 сом

Эл аралык Эсептөө Банкынын билдирүүсү боюнча, дүйнөдө бир суткада 2,2 триллион доллар сатыкта жүрөт, башкача айтканда, сатып алуулардын 87 пайызы АКШ доллары менен жүргүзүлөт.

10. Бир Канада доллары – 66,45 сом

Канада доллары дүйнөлүк рынокто көп жүгүртүлгөн валюталардын бештигине кирген.

(Валюта курсу 8-февралга карата алынды)

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Sancho-
2021-02-15 21:51:08
Эн арзан акча бирдигин чыгарсанар
+8
Eka.kg
2021-02-15 22:01:13
Эң күчү жок акча бирдиги ТОП-3.

1 сом = Венесуэла 20 672 боливар
1 сом = Иран 498 риал
1 сом = Вьетнам 272 донг
+13
Eka.kg
2021-02-15 22:07:11
Алдыңкы 3 өлкө мунай өндүрүп байыган өлкөлөр. Булар АКШ жана ЕБ менен кызматташып, акча бирдигин күчтүү кылып алышты.

Эми Венесуэла менен Орусияны карайлы, алар дүйнөдө мунайдын запасы боюнча №1 жана №3 орунда турушат, бирок АКШнын санкцияларынан улам акча бирдиги, дүйнөдө эң алсыз ак бирдиги болуп саналат.

+14
Eka.kg
2021-02-15 22:08:47
Eka.kg,Мына дагы бир далил, биз ким менен кызматташсак бизге пайда болору.
+14
№ 949, 11-17-февраль, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан