(Башы өткөн сандарда)
Маржан дал болуп туруп калды. Анын маңдайында өзүн таштап, жылан сыйпагандай жоголуп кеткен бир кездеги сүйгөнү Баатыр турган эле. Көздөрү караңгылап, колдору чымырап кетти. Ага болгон жек көрүү сезими али да күчүндө экен. Бул сүйүүнүн чегиндеги жек көрүү болчу. Жолдошу менен чогуу бир дасторкондун үстүндө аны көргөнүнө кыжырданып турду... “Эки тоо көрүшпөйт, эки адам көрүшөт деген ушул тура” деди ичинен ушул жакка келгенине өкүнө.
– Келгиле, чайга карагыла,- деген үн Маржанды ойлорунан кайтарды.
Бир мүнөттөн кийин эмне болуп кетерин эч ким билбейт. Маржанды көрүп баятан бакылдап жаткан Баатырдын да сөзү кесилип, бир саамга дендароо боло түштү. Бирок ал абалды тез колго алды. Жанындагыларга шек санатпастан жаңы таанышып жаткан адамдай түр көрсөттү. Экөө тең минтип ушул жашта жолугуп каларын күтүшкөн эмес. Биринин күйөөсү, биринин аялы... Дасторкондо жаңы таанышкан адамдардай отурууга аргасыз эле. Алдыда көп ишти пландап алган неме мындай пайдалуу адамдан кантип кол үзсүн? Мындай кездешүүлөр, балким, дагы көп болор.
ххх
Агайынын күтүүсүз иш-аракетине Байэл түшүнбөй таң калып калды. "Эмнеге телефон алып келди, эмнеге иштебе деп жатат? Мени иштетпей эмне кылат?"- деп ойлонуп жатып уктап калыптыр. Эртең менен шыңгыраган телефон уйкусун бузду.
– Жаңы эле алып келди го, ким чалып жатат?- караса Алмаз агайы экен. Анын номерин жатка билчү.
– Кандайсың, турдуң беле?
– Жок, уктап калыптырмын, агай.
– Туруп эле мага кел. Мен залдамын.
– Макул,- төшөктөн туруп керебетин шапа-шупа жыйнай салды.
– Сен кайда шашып, эмне, бүгүн жумушка чыкпайсыңбы?
– Эмне иши бар билбейм, агай чакырып жатат.
– Чакырып жатат дечи. Кечинде айтып койсоң мен башка балдарга чалып коймок экенмин,- кетүүгө даярданып жаткан Байэлди карап Дастан сүйлөнгөн бойдон калды. Адатта залга дайыма жөө барчу. Бул сапар маршруттук такси менен бат эле жетип келди. Залга кирип түз эле агайдын кабинетине бет алды.
– Салам алейкум!
– Кел, Байэл,- кол алышып учурашып, жанындагы үстөлдү көрсөтө отурууга буйруду.
“Маанилүү кишидеймин го” деди жигит ичинен эч нерсеге түшүнбөй.
– Байэл, бизде чоң иш бар. Сен жакында беттешке чыгасың.
– Кандайча? Менби?- жигит таң кала сурады уккан кулагына ишене албай.
– Ооба, сен.
– Тамашалабаңызчы, мен эч нерсе билбейм да.
– Билесиң, даярданабыз. Болгон күчүбүздү жумшап аракет кылсак эле болду. Беттешке чыгуу кыялың эмес беле. Мына, кыялдын орундала турганына да жакын калды. Кетенчиктей берсең кыялдар кыял бойдон калып кетет.
– Эмне, эрежесиз урушпу?
– Анан эмне бокско чыкмак белең?- деп агайы күлдү.
– Бирок мен даяр эмесмин да?..
– Коркпо, Байэл, эң негизгиси, каалооң болсо болду.
– Агай, азыр мен жумушка барышым керек, Дастан күтүп калды.
– Айтпадымбы сага. Болду жумуш дегенди унут, мындан ары сенин жумушуң машыгуу болот. Акчадан болсо кам санаба. Милдеттүү түрдө машыгасың. Баары көзөмөл алдында болот.
– Толтура кыйын балдар жүрсө. Мени эмне кылышат алар?
– Сен аларга башыңды оорутпа. Эми сен да кыйын болосуң. Эч ким кыйын болуп төрөлбөйт да.
Байэл уккандарына ишенип-ишенбей стол үстүндөгү кагазды бүктөп кармалап унчукпай отуруп калды.
– Убакытты текке кетирбейли. Жүрү, тамактанып алып сага спорттук кийимдериңди алалы, бүгүн кечки машыгууга башка залга барабыз. Эртеңден баштап 2 маал машыгууну баштайбыз. Жумасына бир күн гана эс аласың,- ашканага жеткенче ушуларды сүйлөп барды Алмаз агай.
ххх
Терезеден сыртты карап Аделя дагы Байэлди ойлоду. Ооруканадан чыккандан кийин чалса керек деп ойлогон. Бирок андан бери канча убакыт өттү, дайыны жок.
– Баягы Алмаз деген байкеден сураса деле номеримди табат эле го. Жазып турса деле болмок,- деп Аделя өзүнчө сүйлөнүп алды. Бир нече ирет социалдык тармактардан Байэл деп издеп сүрөттөрүн карап чыккан. Азыр да карап жатат. “Фамилиясын да билбейм, уялбай сүрөттөрүн издеп коём, мен аны ооруканада эле көрдүм да. Жакшы деле тааныбайм. Эмнеге эле оюмдан кетпей койду?” деп өзүнчө сүйлөнгөн Аделя баягы жолу чалып сүйлөшкөн Алмаз дегендин номерин өчүрүп алганына жини келди. Болбосо небак эле чалып Байэлди таап алмак. Аделя төмөнкү кабатка түштү. Апасы али тура элек экен. Аны көргөн кыз кечинде коноктор кеч кеткен го деп боолголоду.
– Ало, Айбек байке, каяктасыз? Мен бир жакка бармакмын, алыста болсоңуз өзүм эле чыга берем.
– 1 саатта барам, болобу?
– Мен даярданып алгам чыкканга, такси менен бара берем.
– Анан шефке айтылчу тизмеге муну кошпо, ээ?- деди Айбек тамашалай өткөнкү кыздын айтканын эстеп.
Кыз такси менен спорттук кийимдерди саткан чоң дүкөнгө келип түштү. Дүкөндүн ичин айлана кыдырып улам бирин кармап көрүп, жакканын чогултуп келе жатты. Кийим кийип көрүүчү тарапка басты эле, маңдайындагы өңү тааныш кишини көрүп көктөн издегени жерден табылгандай кубанып ага жетип барды.
– Саламатсызбы?
– Саламат, сен ким элең?- залга келген кыздардын бириби деп Алмаз дароо тааный албады.
– Мен... Биз ооруканада көрүшкөнбүз.
– Ии, эстедим, Байэлди ооруканага жеткирген кызсың. Атың ким эле?
– Аделя.
– Байэл да мында. А, мына өзү да келип калды.
– Таанып жатасыңбы? Бул баягы сени ооруканага алып барган кыз,- деп Алмаз ага кол жаңсаган жигитти көздөй ары жакка басып кетти.
– Салам.
Байэл балбылдаган көздөрдү дароо тааныды. Бул татына кызга канчанчы ирет кездешүүсү. Ичи уйгу-туйгу боло түштү. “Эмне болгон кезигүүлөр?” деди ичинен. Мурун “ал кыз мени эмне кылмак эле?” деп дароо өзүн басынтканга өткөн болсо, азыр кыздын маңдайында өзүнө ишеним пайда болгон Байэл турган. Ойлору да мурдагыдан өзгөрүп калган. Өң-келбети, дене түзүлүшүндө айып жок.
– Кандайсың?
– Жакшы, бир жолу байланышпай койдуңуз го,- деди ачык-айрым сүйлөгөн кыз.
– Эми байланышып турабыз, номериңди алып калайын,- чөнтөгүнөн телефонун алып чыгып кызга сунду. Кыз тыпылдап номерин терип берди.
– Меңиз, ким деп сактайсыз?- телефонду кайтарып жатып:
– Мен сизди социалдык тармактардан издеп көрдүм, фамилияңызды да билбегенге таба албай койдум.
– Мен колдонбойм эч бирин. Агай күтүп калды, мен барайын. Эми менден чалуу күтсөң болот, сулуу кыз,- Байэл кудуңдай коштошуп агайынын жанына барды. Эки чоң баштыкты көтөрүп экөө сыртка чыгып кетишти. Айбек байкесин күтпөй келе бергени үчүн өзүнө ыраазы боло Аделя аларды узата карап калды.
ххх
Алмаз Байэлдин көзүндөгү кубанычты көрдү. Ушунча жүрүп анын көзүнүн мындай жайнаганын көргөн эмес.
– Мурун эле сени ушул кызга жолуктурбай.
– Эмнеге?- деди жигит билмексен боло.
– Экөөң бири-бириңди көрүп ушунчалык кубандыңар го эски тааныштай...
– Мындай кыздар жакшы балдар менен мамиле түзүшөт да.
– Байэл, аңкоо болбо. Кыздар балдарды жакшы же жаман деп тандашпайт. Бир чийин менен баскан баланы кыздардын баары карайт деп ойлоп жатасыңбы, жаңылышасың. Күчтүү-алсыз, ийгиликтүү-ийгиликсиз. Болду ушул эле. А сенде күчтүү, ийгиликтүү болууга мүмкүнчүлүк бар да. Бул кыз жактыбы, аракет кыл. Өң-келбетиңде болсо айып жок, кайсы кызды болбосун каратат...
(Уландысы кийинки санда)