Айлин, Нурмат Садыровдун фанаты: “НУРМАТ САДЫРОВ “КРАСАВЧИК”, “МИЛЫЙ”

Биздин кичинекей каарман - 5 жаштагы Айлин Урматова. Ал ырчы Нурмат Садыровдун чыныгы күйөрманы, анын ырларын угуудан тажабайт, Инстаграмдагы баракчасына тынбай баш багып турат. Жаш фанат апасы экөө Нурмат Садыров тууралуу кызыктуу кеп куруп беришти.

– Кандайсыздар? Алгач Айлинге суроо узатайын. Айлин, сен эмнеге кызыгасың, үйдө кандай кызсың?

Айлин: – Мен чачымды байлабай, коё бергенди жакшы көрөм. Бийлеген, ырдаган да жагат.

– Ырчылардан Нурмат Садыровду жакшы көрөт экенсиң...

Айлин: – Ооба, машинасы жагат, өзү “красавчик”, “милый”, жакшы бала. Кийингени да жагат.

– Бегимай, сиз айтып берсеңиз.Кызыңыз Нурмат мырзаны качантан бери таанып, жакшы көрөт?

Бегимай: – 3 жашында телевизордон Нурматтын “Сардал кыз” деген ыры берилип калса, чуркап келип угуп отуруп калчу. Кийин бул ырды Нурмат Садыров ырдай турганын билип, ошондон кийин аны жакшы көрүп калган. Азыр Нурматтын ырларын угуп, Инстаграмдагы баракчасына кирип, сүрөттөрүнө “жакты” белгисин басып, стористерин көрөт. Биздин үйдө Нурмат тууралуу сүйлөшпөгөн бир күн болбойт. Үйдө бирөөбүз “Нурмат жагат” деп калсак, балээсине калабыз үлүп). “Аны мен эле жакшы көрөм, силер башкаларды жакшы көргүлө” деп урушат.

– Айлин, Инстаграмдан Нурмат Садыровду көрөсүңбү?

Айлин: – Мен деген бардык жактан анын сүйлөгөнүн издейм.

Бегимай: – Стористерин калтырбай көрөт. Бир жолу сторисин карап отуруп кичинекей күйөрманы менен жолукканын көрүп калыптыр. Ошондо “мага келбей, башка кызга кетип калды” деп аябай ыйлаган. Ага чейин эле “Нурмат Садыров мага качан келет? Апа, чалчы, мени үйүнө алып барчы” дей берчү. Айлиндин видеолорун Инстаграмга жүктөп, ырчыны белгилеп койчубуз. Ал өзүнүн сторисине белгилеп чыгарчу. Анан “мага келбей, башка кызга кетип калды” деп ыйлаган видеосун көрүп, Нурмат бизге видео байланыш аркылуу чалып, “эртең барам” деген. Эртеси, Жаңы жылдын алдында келип кетти. Ага чейин эле туулган күнүнө Айлин белек даярдатып койгон эле. Белек катары инста-альбом сатып алганбыз. Келгенде кызым ошону берди.

– Айлин, Нурмат Садыров келгенде сага эмне деди?

Айлин: “Кандайсың? Апаң урушкан жокпу?” деди. Машинасы жакшы экен, ак, чоң экен. Кетип баратып кайра машинасынан түшүп келип, акча берди. Апам ага тамак бергенди унутуп калыптыр да .

Бегимай: – Келет дегенде уктабай аябай күттү. “Апа, жакшы стол даярдасаң” деп жатты. Нурмат келгенде анын жөнөкөйлүгүнө таң калдым. Биз менен көптөн берки таанышыбыздай сүйлөштү. Бир сааттай отуруп кетти. Айлинге ырдап берип, белек да тартуулады.

– Айлин, сага эмне белек берди?

Айлин: – Шариктерди, барби, таттууларды берди. Дагы келем деген, күтүп жатам.

Бегимай:“Күн жылыганда жолугабыз” деп кеткен. Эми “күн жылып калды го, качан келет?” деп күтүп жатат. Нурмат кеткенден кийин Айлин көпкө чейин кубанып жүрдү. Азыр дагы “эмнеге келбей жатасың? Кайда жашайсың, мен сага барайын?” деп видео тартып жөнөтөт. Нурмат берген белектердин кутусун да ыргыттырбай койгон. Кечээ эле ыргыттым.

– Айлинка, чоңойгондо ким болосуң?

Айлин: – Бактылуу болом.

– Тилегиңе жет. Нурмат мырзага каалоо-тилек айтып койчу.

Айлин: – Макул. Нурмат Садыров оорубасын, бактылуу болсун. Көп жумуш болбосун.

– Көп жумуш болгон жакшы да?

Айлин: – Ыкы, чарчайт. Көп көчөгө чыкпасын. Оорубайлы, көп жашайлы. Оомийн, тилегим кабыл болсун!

– Тилегиң кабыл болсун! Силер да оорубагыла. Маегиңерге рахмат!

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 949, 11-17-февраль, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан