ТОП ЖИГИТТЕН КУРАЛГАН “STRAY KIDS”

Гезитибиздин интернет баракчаларындагы постторду, аларга жазылган билдирүүлөрдү окуп отуруп, k-pop рубрикасынын күйөрмандарынын ынтымагына таң бердим. Жактырган ырчысын же актёр, актрисасын чын дилден колдоп, аларга карата жөнсүз жаман билдирүү жазгандар менен кадимкидей кызыл чеке болуп талашып-тартышышат. Мындай ынтымактуу күйөрмандардын суроо-талабын аткарганга биз дагы аракет кылып келебиз. Бүгүнкү макалабызды көптөн бери суралып келе жаткан түштүк кореялык “Stray Kids” тобуна арнадык.

«STRAY KIDS» ТОБУ

Өлкөсү: Түштүк Корея

Дебют: 2018-жыл, 25-март

Лейбл: JYP Entertainment

Курамы: Чан Бин, Ли Ноу, Хён Жин, Хан, Бан Чан, Феликс Ли, I.N. жана Сын Мин

Белгилүү ырлары: “District 9”, «My Pace», «Get Cool», «You», «Voices», «Mirror», «Insomnia», «NOT», «YAYAYA», «Awkward silence» жана башка

Фанклубунун аталышы: Stay

ШОУДОН ЖАРАЛГАН ТОП

2017-жылдын экинчи жарымында JYP Entertainment компаниясы жергиликтүү телеканалдардын бири менен жаңы реалити-шоу тартары белгилүү болгон. Шоунун максаты – жаңы балдардын тобун түзүү болчу. “Stray Kids” аталган шоуго таланттуу 9 жигит тандалып алынган: Чан Бин, У Жин, Ли Ноу, Хён Жин, Хан, Бан Чан, Феликс Ли, I.N. жана Сын Мин. Жигиттер бир нече берүүнүн алкагында жеке талантын, жамаат менен иштешүү жөндөмдүүлүгүн көрсөтүп, башка топтор менен атаандашып, ошондой эле уюштуруучулар тарабынан коюлган ар кандай сыноолордон өтүшү керек болчу. Шоунун 4-берүүсүндө Ли Ноу, 8-берүүдө Феликс оюндан чыгып калат. Буга чейин жигиттер биригип «Hellevator» ырын чыгарышкан эле. Финалда дал ушул ырды чогуу ырдоо үчүн Ли Ноу жана Феликс келишкен. Түз эфирде Stray Kids” тобунун курамына оюндан чыгып калган Ли Ноу менен Феликc да кошулсун” деген көпчүлүктүн добушу 96 пайызды түзүп, жыйынтыгында 9 ырчыдан куралган “Stray Kids” тобу жаралды.

9 ЭМЕС, 8
Шагыраган топ жигиттен турган топ расмий түрдө 2018-жылдын 25-мартында “I Am Not” музыкалык альбому менен дебют жасады. Көпчүлүк музыканттардын чыгармачылык жолуна көз салсаңыз, алгачкы дебюттук ырлары тажрыйбалуу адамдардын калеминен чыккан. Ал эми “Stray Kids’тин” жигиттери башынан эле ар бир аткарган чыгармасына өздөрүнүн салымын кошуп келишет. Бири сөзүн жазса, дагы бири обонун, рэп, бий кыймылдарын, айтор, чыгарма ийгиликтүү болобу же жокпу, жоопкерчилик өздөрүндө. Бул жоопкерчиликти ырчылар жакшы аткарышты, дегеним, 2 жыл убакыт аралыгында топ дүйнөлүк атактуулукка жетишип, миллиондогон күйөрман топтой алды. Алардын куржунунда 20дан ашык түрдүү сыйлыктар бар. Бир гана кемчилик, азыр топтун курамында 8 ырчы калды. 2019-жылдын аягында компания У Жин жеке себептерине байланыштуу “Stray Kids’тен” кетип жатканын жарыялаган. Учурда топ бирде корей, бирде англис, бирде япон тилдеринде ырдап, удаа-удаа клип тарттырып, альбом чыгарып, сериалдарга, түрдүү телеберүүлөргө тартылып кумурскадай тынбай иштеп жатат.

КҮЙӨРМАНГА КАЙРЫЛУУ
– Акыркы жыл дүйнө жүзү үчүн оор болду. Кыйын мезгилди баштан өткөрдүк. Ушундай оор кырдаалда музыка адамдардын башын бириктирип, аз да болсо ырахат тартуулай алды деген ишеничтебиз. Алардын арасынан биздин топтун күйөрмандарына ыраазычылык билдиребиз. Ар бир чыгармабызды жылуу кабыл алып, колдоо көрсөтүп турганыңыздар бизди талыкпай эмгектенүүгө түртөт,- дешет “Stray Kids’тин” жигиттери.
Асыл Орозбекова
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 949, 11-17-февраль, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан