КАРГАЛАР ТУУРАЛУУ КЫЗЫКТАР

Карга адамдардын жанында жашоону жактырган сейрек канаттуулардын бири. Ургаачы каргалардын салмагы 400-450 грамм болсо, эркектеринин салмагы 1 килограммга чейин жетет. Табиятта каргалар 15-20 жыл жашайт. Колдо багылган капастагы канаттуулар андан да узакка жашай алышат.

ЖЫРТКЫЧТАРДЫН “КЕШИГИН” ЖЕШЕТ

Каргалар курт-кумурска, балык, бака, мөмө, дан, канаттуулардын жумурткалары жана балапандары менен азыктанат. Каргалар топ болуп азык издешет. Алар чогуу кичинекей канаттууларга жана кемирүүчүлөргө аңчылык кылышат. Жырткычтарды коштоп, алар кармап жеген жандыктардын калдыктарын жешет. Шаардагы каргалар таштанды таштоочу жайларды да аңдышат, тамак-аштын калдыктары менен азыктанышат. Айыл, кыштакты байырлагандары кыктан курт-кумурскалардын личинкаларын издеп таап жешет.

Тамак-аш калдыктары көп болгондуктан, айыл-кыштактарга жакын жашашат. Каргалар көбүнчө чогуу тамактанышат. Эгерде кимдир бирөөгө тамак-аш жетпесе, анда башкалары тамагынан ага бөлүшөт.

ЖАШОО ОБРАЗЫ

Каргалардын бир “үй-бүлөсү” 50 чактыдан турат. Алардын көпчүлүгү эрезеге жеткенде үй-бүлөдөн бөлүнүп кетишпейт. Ошентип отуруп саны өсөт. Каргалардын аналитикалык ойлоо жөндөмдүүлүгү жана мыкты эс-тутуму бар экени белгилүү. Айлана-чөйрөнүн шарты өзгөрүп кетсе ага оңой эле көнүп кетишет.

Каргалар бир жерди байырлап жашашат, бирок кээде тамак-аштын жоктугунан же аба ырайынын ыңгайсыздыгынан улам бир жерден экинчи жерге орун которууга аргасыз болушат.

ЖУПТАШУУ МЕЗГИЛИ ЭРТЕ ЖАЗДА

Эки жашында каргалар жетилет. Каргалардын көпчүлүк түрлөрү бир ургаачы менен жашашат, бирок сезон учурунда көбөйүү үчүн жаңы түгөй тандап алгандары болот. Жупташуу мезгили эрте жазда башталат. Бул учурда канаттуулар тынчсызданып, катуу кыйкырышат. Уяларын апрель-май айларында кура башташат. Мисалы, токойго, сейил бактарга уя салат. Талаа каргаларынын уялары таштын жаракаларында болот.

Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Altynbekova.01
2021-02-15 17:31:07
Мен каргалардан корком.
0
Altynbekova.01
2021-02-15 17:32:24
Алгам айткан эле бироосун уруп койсон же олтуруп койсон омуру ал адамды унчукпай очун алат экен. Ошондон корком
0
Nursul
2021-02-15 19:46:51
Карга сагызган деген жандыктарды көрсөм коркунучтуу ээн талаада калып калганымдай сезиле берет өзүмө. Колумда мылтык бар кезде атам
0
№ 949, 11-17-февраль, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан