ДОКУМЕНТАРДЫК АККРЕДИТИВ – ЭЛ АРАЛЫК ЭСЕПТЕШҮҮНҮН КООПСУЗ ФОРМАСЫ

Документардык аккредитив – бул эмне жана ал эл аралык эсептешүүлөрдө кантип колдонулат, ошондой эле аккредитив эсептешүүнүн башка ыкмаларына караганда эмнеси менен ылайыктуураак? Булар туурасында “Айыл Банк” ААКсынын маркетинг жана PR бөлүмүнүн башчысы Жылдыз Садыкова айтып берет.

– Мисалы, медициналык борборго медициналык жабдуулар керек дейли. Covid-19 коронавирус пандемиясынын кесепетинен чек аранын жабык болгонуна байланыштуу мурдагы сындан өткөн өнөктөштөргө (поставщикке) жетүү мүмкүн болбой калды. Бирок продукциясы бардык параметрлерге туура келген компания табылды. Медициналык борбордун ээси “эми акчаны жоготпой, керектүү жабдыктарымды да алгыдай болуп бул компания менен кантип эсептешсем?” деп ойлоно баштайт. Бүтүмдү коопсуз ишке ашыруу жана бардык тараптардын кызыкчылыгын эске алуу менен биз, “Айыл Банк” Медициналык борборго аккредитив ачууну сунуш кылдык.

Аккредитив – бул Сатып алуучу менен Сатуучунун ортосундагы эки тараптын тең кызыкчылыгын коргогон эсептешүүнүн атайын формасы. Жөнөкөй сөз менен айтканда, бул – эгер Сатуучу белгилүү шарттарды аткарса гана төлөмдү алуусуна банктан берилген кепилдик.

Кыскача айтсак, Сатып алуучу эсеп ачып, ага акчасын салат, же күрөөнүн башка түрүн коюп, банктан аккредитив чыгарууну өтүнөт. Банк кандай шарттарда Сатуучу акчаны ала тургандыгын көрсөткөн аккредитив чыгарат. Ушул учурдан баштап банк тарабынан Сатып алуучунун эсебиндеги акча аккредитивдин мөөнөтү бүткөн мезгилге чейин жабылат. Сатуучу келишимдин шарттарын аткаргандан кийин тиешелүү документтерди өзүнүн банкы аркылуу Сатып алуучунун банкына жиберет. Сатып алуучунун банкы бардык документтер аккредитивдин шарттарына туура келсе гана төлөмдү жүргүзөт. Кайра кайтарымсыз аккредитивдер бүтүмдөр боюнча эсептешүүлөр үчүн коопсуз болуп саналат. Бул деген Сатып алуучу Сатуучунун макулдугусуз өзүнүн банкында бул аккредитивди жокко чыгарып жана акчасын ала албайт.

АККРЕДИТИВ КАЧАН КЕРЕК БОЛОТ?

Аккредитив сиз бир нерсени сатып алсаңыз же сатсаңыз, мисалы, жабдуулар же башка товар жана кызмат көрсөтүүлөрдө керек болот.

АККРЕДИТИВДИН ЖАРДАМЫ МЕНЕН ТӨЛӨМ КАНДАЙ ЖҮРГҮЗҮЛӨТ?

1-кадам:

Сатуучу жана Сатып алуучу келишим түзүшөт. Бул сатуу-сатып алуу же кызмат көрсөтүү келишими болушу мүмкүн. Келишимге эсептешүү кайтарымсыз аккредитив аркылуу которулары жөнүндөгү пункт киргизилиши керек. Атүгүл сатуучу аккредитив боюнча акчаны алуу үчүн кайсы документтерди банкка көрсөтүшү керектигин алдын ала макулдашса болот.

2-кадам:

Сатып алуучу банктан эсеп ачып, Сатуучуга төлөй турган акчасын же күрөөсүн (кыймылсыз мүлк) коёт жана аккредитивди ачуу үчүн банкка тиешелүү комиссиясын төлөйт.

3-кадам:

Банк аккредитив чыгарып, Сатып алуучунун банкына жиберет. Анда Сатуучуга акчаны алуу шарттары жана банкка берилүүгө зарыл болгон документтердин тизмеси көрсөтүлөт.

4-кадам:

Сатуучу товарды жөнөтүп, өзүнүн банкына аккредитивдин шарттарына ылайык документтерди берет. Бардык документтерди аткарып жаткан банк (адатта Сатып алуучунун банкы) текшерип, эгерде бардыгы туура келбесе төлөмдү жүргүзбөйт.

5-кадам:

Сатуучунун банкы аккредитив боюнча каражатты алгандан кийин аларды кардардын эсебине которот.

Кайтарымсыз аккредитив күчүндө турганда анын шарттарын өзгөртүү же бүтүмдөн баш тартууга Сатуучу жана Сатып алуучу өз ара макул болгондо гана мүмкүн. Сатып алуучу жеке каалоосу менен эсептен акчаны ала албайт. Сатуучу болсо аккредитивде көрсөтүлгөн бардык зарыл документтерди банкка бермейинче акча колуна тийбейт.

БУЛ КАНЧАЛЫК УЗАК ЖАНА КЫЙЫН БОЛУШУ МҮМКҮН?

Аккредитивдин өзүн банкта ачуу кыска эле мөөнөттө ишке ашырылат, бардыгы Сатып алуучу менен Сатуучунун банктары ортосундагы өз ара мамилелерден жана күрөөлүк камсыздоодон көз каранды. Бирок алдын ала банктын адиси менен келишимде Сатуучу менен аккредитивдик эсептешүүнүн шарттарын кантип ыңгайлаштырууга болорун кеңешип коюу туура. Сатып алуучу аккредитивди ачууга арыз жазат. Арызда адатта төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

- Арыз берүүчү (аппликант);

- Аккредитивди алуучу (бенефициар)

- Суммасы

- Сатуучу менен келишимдин параметрлери: түрү, датасы жана номери, эгер келишимде ал бар болсо. Мында аккредитив менен төлөнүп жаткан товардын сүрөттөлүп жазылышы керек.

- Сатуучу банкка берүүгө тийиш болгон бүтүмдү ырастоочу жана башка документтердин тизмеси.

БУЛ КАНЧА ТУРАТ?

Анын наркы бир нече параметрлерге көз каранды:

- Бүтүмдүн суммасы;

- Камсыздоонун түрү: акчалай каражат же кыймылсыз мүлк.

“Айыл Банк” ААКсынын кызматкерлери “Дүйнөлүк банк”, “Азия Өнүгүү банкы”, “Ислам Өнүгүү банкы”, ОПЕК жана башка эл аралык уюмдар тарабынан каржылануучу келишим-бүтүмдөрдү коштоодо иш жүзүндө чоң тажрыйбага ээ.

Кененирээк маалымат үчүн 97-61-38 кошумча 2178 телефону аркылуу кайрылсаңыздар болот.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 949, 11-17-февраль, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан