Идрис Айитбаев, төкмө акын: “КОМУЗДУ, ТООНУ ТЕЛЕДЕН ГАНА КӨРҮП ЧОҢОЙДУМ”

Сөздөрү жүрөгүнүн тереңинен чыккан адамдар бар. Кыргыздын баалуулуктарын сактап, тилибиздин бай экенин далилдеп жүргөн төкмө акындарыбыз аман болушсун. Маегибиз төкмө акын Идрис Айитбаев менен болду.

– Саламатсызбы, Идрис мырза? Окурмандарыбызга өзүңүз тууралуу маалымат берип кетсеңиз.

– Cаламатчылык. Мен 1985-жылы 12-январда Өзбекстандын Андижан облусуна караштуу Коргон-Төбө районундагы Намуна деген кыргыз айылында төрөлгөм. Үй-бүлөдө 4 бир тууганбыз, 2 уул, 2 кызбыз. Атам жөнөкөй колхозчу, апам мектепте пол жууп иштеди. СССР таркагандан кийин ачкачылык, оор заман болбодубу. Талаадан буудай терип, жүгөрү нан жеп, айтор, балалык кез анчейин токчулук менен өтпөдү. Комузду, тоону теледен гана көрүп, “тоонун үстүндө бассам, комуз чертсем” деген тилек менен чоңойдум. 2003-жылы мектепти аяктап, Ошко Кыргыз-Өзбек университетине студент болуп келдим.

– Ошол боюнча Кыргызстанда калдыңызбы?

– 3-курстан тарта Кыргызстанда калам деген ой менен жашадым. Документтеримди тапшырып, 6 жыл дегенде – 2009-жылы Кыргыз жарандыгын алдым. Ошол жылы үйлөндүм. Жаңы көчүп келгенде “англис тили мугалими” деген дипломумдан башка эч нерсем жок болчу. Жубайым экөөбүз бир топ жыл батирде жашадык. Азыр шүгүр, өз үйүбүз, чөйрөбүз бар.

– Жакшы. Айтышка кантип аралашып калдыңыз?

– Студент кезде Ош шаарында өткөн айтышка көрүүчү катары баргам. Төкмөлөр ырдап жатканда азыр ушул уйкаштык сөздү айтса керек деп божомолдоп отурдум, сөзүм дал келип жатты. Ага чейин ыр жазып жүрчүмүн. “Демек, жазма акындар деле төкмө акын боло алышат окшойт, жазып кыйналбай эле, төгө берсем кандай болот?” деп төкмөлүктү изилдей баштадым.

Университетти бүтүрүп, Бишкекте иштеп калдым. Иштеп жүрүп Жеңишбек Жумакадырдын үйүнө барып, кеп-кеңешин угуп, ал кишинин сүйлөгөнүн, сахнада, көчөдө өзүн алып жүргөнүн күзөтүп, жан дүйнөсүн билгенге аракет кылдым. Кийин Ош шаарына мугалим болуп келдим. 2014-жылы устатыма сюрприз болсун деп айтышка катыштым. Ошентип айтышка аралашып калгам.

– Устатыңыз Жеңишбек Жумакадыр тууралуу айтсаңыз, ал кандай устат?

– Сыртынан караганда катуу, түртүп сала тургандай, жанына барган адам коркуп үркүп кете тургандай сезилет. Бирок ал сыртынан көрүнгөндөй инсан эмес. Ичине кирип карасаң, толгон токой санат, тамаша, адеп, тарбия жатат. Казыла элек кенге окшош. Мени катуу кармайт. Оңой-олтоң мактап, желкемди таптап кубаттай бербейт. Жеңишбек Жумакадырдын мүнөзүн атамдыкына окшоштурам. Атамды кандай сыйласам, дал ошондой сыйлайм. Бактыбызга устаттар көп жашашсын.

– Кээде айтышта калыстарга нааразы болгонуңузду билдирип каласыз. Буга эмне себеп болот?

– Ооба, бир-эки жолу калыстарга нааразычылыгымды билдиргем. Балким, балалык, чалалык кылдым. Өтмүшкө кайрылгым келбейт. Жеңсек да, жеңилсек да бешенеге жазылганы. Айтышка байге үчүн эмес, элдин батасын алыш үчүн катышам. Азыркы акылым менен айтайын, эски күнгө кайтып эч кимге нааразычылыгымды айткым келбейт, баарына ыраазымын.

– Чек ара тууралуу төгүп, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоевден үй, автоунаа белекке алганыңыз белгилүү. Чек ара маселесин жон териси менен сезген адам катары айтсаңыз, абал жакшыра турганбы?

– 2017-жылы Бишкекте Өзбекстан менен Кыргызстандын ажолорунун жолугушуусу болду. Мени акын катары чакырышкан. Ошол жерден кыргыз жана өзбек тилинде чек ара көйгөйүн төгүп ырдадым. “Тырмакты эттен бөлбөйсүң, кыргызды өзбектен бөлбөйсүң. Келин алып, кыз узатып, куда болуп келаткан, жакшылыгы удаа болуп келаткан эки өлкөнүн достугун эмне үчүн токтотобуз? Келгиле, чек араны ачкыла. Аркы өйүздө ата-энеси, берки өйүздө балдары, небереси калган бир туугандарды эмнеге бөлөсүңөр? Ортого чек ара коюп, зым тарткан менен, жүрөктөргө чек ара коё албайсыңар” деп ырдаганым эсимде. Кудай падышанын көңүлүнө салып, ал киши мага автоунаа жана үй белекке берди. Мен студент кезде чек ара кээде жабылып калчу. 2017-жылга чейин, акыркы 6-7 жыл бою чек ара жабык болду. Атам инсульт алып ооруканада комада жатып калды, чек ара жабык болуп бара алган жокмун. Бир тууган иним үйлөндү, бара албадым. Азап тартып жүргөн жаным президенттердин алдында “баш кесмей бар, тил кесмей жок” деп ырдадым. Кудайга шүгүр, сөзүм президенттердин жан дүйнөсүнө түз мааниде жетти. Белекке берген үйгө кадам аттап кирген сайын, ошол унааны минген сайын эки өлкөнүн достугуна, ажосуна дуба кылам.

– Айтыштын сиздин жашооңуздагы орду кандай?

– Орду бийик. Айтыштын деңгээли кыялымдагы бийик деңгээлге чыкса дейм. 1 жуп 10 мүнөт эмес, жарым саат айтышса. Бир акын 5 мүнөттө даярдап жаттап алган сөздөрдү айтат да, убакыт бүттү деп кетип калат. Ошондуктан реалдуу айтыш көрсөтө албай жатабыз. Калыстар тобу 4 эмес, 14, 20, 30 адам болушу керек. Акындын тагдырын баягы эле төрт калыс чечпеши керек. Баягы эле калыстар, баягы эле акындар кезектешип баш байгени бөлүшө беришет. Бааны көрсөтүп, “баланча мага мындай баа койду” деп таарынышпай, калыстар анонимдүү түрдө баа коюшса. Ансыз да калыстарга караганда, айтыштарга калк жакшы баа берип жатат.

– Сиздин эсиңизде калган айтыш кайсы?

– 2014-жылы Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгына арналган кыргыз-казак айтышында казактын төкмө акыны Тоба Өтепбаев менен болгон айтыш эсимде калган. Ал мени апендинин баласына теңеп ырдаган. Мен бул айтышка аябай даярданган болчумун. Тоба Өтепбаевди жеңем деген ишеним болгон. Айтыштын жүрүшүндө Тоба Өтепбаевдин сөзүнө жооп берип гана тим болуп, Токтогул тууралуу маалыматтарды финалда айтам дегем. Бирок финалга чыкпай калдым. Ошондо көбүрөөк Токтогул акынды даңазалап төксөм болмок экен, балким, ошондо көп балл алып финалга өтөт белем деп ойлой берем.

– Өзгөчөлүгүңүз – 5 тилде эркин төгө алгандыгыңызда...

– Башка тилде төгүү жаңылык эмес. Токтогул акын сүргүндө жүргөндө орустун балалайкасын алып орусча, Андижанда жүргөндө өзбектин дутарын алып өзбекче төккөнү тууралуу окуганым бар. Башка элге төкмөлүктү даңазалап, кыргыздын уникалдуулугун көрсөткүм келет, кыргызды дүйнөгө даңазалагым келет.

– Балдарга тарбия берүүгө көп маани бересиз. Студенттерге семинарларды өтөсүз, интернетке жүктөгөн сабактарыңыз бар. Азыркы жаштар кандай тарбияга көбүрөөк муктаж, эмнеден аксап жатышат деп ойлойсуз?

– Кыргызстандын келечегин ичип, чеккен, адепсиз, ата-эненин, аял-күйөөнүн, бала-чаканын кадырына жетпеген балдарга бергим келбейт. Мекенибизди татыктуу жаштарга тапшыргым келет. Мени көбү төкмө акын катары билет. Мен биринчи кезекте мугалиммин. Тандоо жасашым керек болсо, ойлонбой мугалимдикти тандайм. Акындыктан кечип коё берем. Агартуучулук вазыйпамды жакшы аткаргым келет. Азыр жаштардын аксап жатканы – үлгүнү улуу муундан эмес, интернеттен издеп жатканында. Буга улуу муун дагы себепкер. Ата-эне балдарга өрнөк, идеал болбой жатабыз. Өрнөк болгула, балдарга татыктуу тарбия бергиле деп айткым келет. Балдарыңардын телефондо эмне кылып жатканын көзөмөлдөгүлө. Менин үй-бүлөм, бала-чакам болсо дагы азыр да атам менен апам сүйлөгөн сөзүмдү, тарткан видеолорумду көзөмөлдөп турушат.

– Сиздин 3 кызыңыз бар. Аларга кандай атасыз?

– Атамдай ата боло албасам керек. Кыздарыма кээде “силердин атаңарга караганда менин атам жакшы” деп айтам. Мээримдүү атамын. Бир күндө жок дегенде бир жолу кучактап турам. Бир аптада бир жолу сөзсүз белек алып берем. Бир аптада бир күнүмдү үй-бүлөмө арнайм, жубайым менен кыздарымды кафе-ресторанга, сейил бакка, тоого алып барып келем.

– Сонун. Сүйлөшчү дагы көп сөзүбүз калды окшойт. Жолугушканча саламатта болуңуз!

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
Baktyluu_bolgum_kelet
2021-02-15 09:18:01
Кудай жалгасын.Омуруңүз узун, ден соолугуңуз чың болсун.Аллахым бизге да сиздей илимдүү, билимдүү уул насип этсин.
+9
Bakbai
2021-02-15 10:04:26
Кандай Асыл адам
+6
nargiz-sa
2021-02-15 10:26:28
Мыкты
+7
Haanykeim
2021-02-15 10:55:09
Өмүрүңүзгө береке берсин Аллахым.Мыкты инсан,мыкты ата,мыкты мугалим,мыкты акын..
+5
Mubarak
2021-02-15 15:18:08
Маанилуу создорду суйлойт.аябай жакшы мугалим
+5
Sara1993
2021-02-15 16:40:58
Кандай гана керемет адам,биз сиз менен сыймыктанабыз Идирис агай.
+6
Kombi
2021-02-21 14:49:58
Негизи адамдар аял эркек "чалик" болуп и денгээлге тушпош керек. Аялдын денгели дейбиз аялда да болбош керек ошол сапат.
0
Aizireshka1998
2021-02-22 01:33:08
Сегиз кырдуу,Бир сырдуу
Тогорогу топ келишкен,мыкты инсан.
+1
№ 949, 11-17-февраль, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан