Ырчы Назминин турмушка чыкканына 2 жылга аяк басты. Кызы Альбина жакында 6 айга толот. Бойго жеткен Алина аттуу да кызы бар экенин уккан жок белеңиз? Анда кеп ырчынын өзүндө.
– Назми, кандайсың? Кызың чоңоюп калдыбы?
– Кудайга шүгүр, баары жакшы. Кызым отурайын деп калды.
– Сөздү ток этер жеринен баштасам, “бойго жеткен кызы бар” деп уктум...
– Ооба, ошондой. Аты – Алина. Буга чейин чоң ата-чоң энесинде болчу. Эми 9-классты бүтүп, биздин колго келди.
– Алина ошондо жолдошуңдун кызы да...
– Ооба. Талант экөөбүз 15 жыл жакшы тааныштардан болуп жүрүп, анан үйлөндүк да. Биз таанышканда Алина 4 жашта болчу. Ата-энеси ажырашканда кыз өзү атасын тандаган. “Атама кетем, атам качан келет?” деп эле аялдаманын жанында тура берчү экен. Талант 7-класска чейин борбордо өзү багып, өзү окуткан. Ишине байланыштуу Кытайга каттай баштаганда гана Токтогулдагы чоң атасыныкына жиберген.
– Алина экөөң эне-баладай элесиңерби?
– Кош бойлуу кезимде менден “кыздуу болгуң келеби же уулдуубу?” деп сурай беришчү. Мен “нянкабыз бар, лялка керек” дечүмүн. Ошонун сыңарындай, Алина – чоңоюп калган кыз, даяр жардамчы. Экөөбүз эне менен кыздай эле жакынбыз. Келин болуп барганыма бир ай болгондо эле апа дей баштаган. Менин апамды таене дейт.
– Алина атасына эркелей баштаганда сенде кызгануу болбойбу?
– Чынында, Алина көп деле эрке эмес. Биз аны тайларынан кызганабыз. Былтыр апасы Токтогулга издеп барып, жолугуп кеткен. Кичүү кызымдын аты Альбина эмеспи. Экөө бири-бирине аябай окшош.
– Буга чейин эмнеге жашырып келдиң?
– Жакындарымдын баары эле билишчү. Ал эми журналисттер “бул ким?” деп сурашса, “кайын сиңдим” деп жашырып койчумун. Балада күнөө жок экенин билем, бирок кызым тартынып, "ачыкка чыгарбай эле коюңузчу" дечү.
– Жакшы. Назми, маегиңе рахмат. Кыздарыңдын урмат-сыйын көр.
Сүйүн Кулматова
star@super.kg