ТҮШҮМДҮҮ СОРТ ЭГИП, ҮЗҮРҮН КӨР!

Дыйкандар акыркы жылдары жашылча, жемиш, тоют чөптөрүнүн түшүмдү мол берүүчү сортторун тандап эгип, мээнетинин үзүрүн бир нечелеп көрүп жатышат. Жыл сайын улам жаңы сорттор чыгып, дыйкандарга аларды эгип, сатып пайда табуусуна шарттар түзүлүүдө. Учурда суроо-талап жогору болгон сорттор тууралуу маалымат беребиз.

GEA (ЖЕА) – 40 КИЛОГРАММ ҮРӨНДӨН 30 ТОННА БЕДЕ ЧАП!

Чыгарылган өлкөсү – Италия.

Артыкчылыктары – кургакчылыкка, суукка чыдамдуу. Үрөн ризори, микориз бактериялары менен микробиологиялык жактан тазаланган. Башка беде сортторуна караганда белоктун деңгээли жогору. Коюу, тегиз өсөт.

Тажрыйбага келсек, Чүйдө апрелдин ортосунда жергиликтүү беде сортторунун сабагы 10-12 сантиметр болгондо, аны менен тең себилген жеа бедесининин бою 20-25 сантиметрди түзгөн.

Кайсы обулустарга сепсе болот – бардык облустарга, анын ичинде Нарындын ылдыйкы зоналарында сепсе болот. Нарындын жогорку зонасына сыноо иретинде сээп көрсө болот.

Боюнун узундугу – 1 метрден 1,2 метрге чейин жетет.

Тамыры – 2 метрге чейин тереңге кетет.

Канча жолу чабылат – 1 сезондо аймактардын климаттык шартына жараша 4-6 жолу чабылат.

Гектарына орточо түшүмү – 20-30 тонна, максималдуу 40 тонна. Биринчи чабыгы сепкенден 55-60 күндөн кийин, кийинкилери 25-27 күндө чабылат.

1 гектарга кетчү үрөн – 25-40 килограмм.

Үрөн баасы – 1 килограммы 450 сом.

HOA F1 – ЖҮГӨРҮНҮН СУПЕР ТАТТУУ СОРТУ

Чыгарылган өлкөсү – Голландия.

Артыкчылыктары – дүмбүлгө жана кайра иштетүүгө жарактуу. Даны чоң, ширелүү. Жайында жол боюнда бышырып сатып жатышкан жүгөрү сортторунун бири. Коммерциялык багытта өстүрүүгө эң ыңгайлуу. Ширелүү жана таттуу экендигине карап токтоосуз, көп өтөт. Шаарда бир даанасы 40-60 сомго чейин.

Бышуу мөөнөтү – үрөндү эккенден кийин 70-74 күндө дүмбүл болот. Түштүк аймактарда 2 ирет түшүм алса болот.

Боюнун бийиктиги – 1,2-1,5 метр.

Канча дүмбүлдөн байлайт – экиден.

Дүмбүлүнүн узундугу – 20-25 сантиметр.

Дүмбүлүнүн диаметри – болжол менен 5 сантиметр.

Уруктун кутусунда – 5000 даана урук бар, бул 8-10 сотых жерге жетет.

Баасы – 4800 сом.

5000 уруктун 4500дөйү өндү дегенде деле экиден дүмбүл байлаганда 9000 болот.

Кайсы обулустарга сепсе болот – бардык облустарга, анын ичинде Нарындын ылдыйкы зоналарында сепсе болот.

АВЕЛЛА F1 (АВАЛАНЖ F1) – 37 КҮНДӨ БЫШЧУ БАДЫРАҢ

Чыгарылган өлкөсү – Түштүк Корея.

Артыкчылыктары – ачуусу жок, бадыраң оорулары жана зыянкечтерине, мисалы, ун сымал шүүдүрүм, грибокко туруктуулугу жогору. Катуу болгондуктан ташууга ыңгайлуу, бузулбайт. Талаага жана теплицага эгүүгө болот. Гүлдөгөндөн тартып кеч күздө куурап жок болгуча стабилдүү түшүм берет. Бадыраңдын ичи нык, боштук жок.

Гамбургер, сэндвичтерге кошуу үчүн көп сатылып алынат. Керектүү жер семирткичтерди берсе 5-5,5 сотых аянттан үчүнчү теримде салмактары 22-25 килограмм болгон 60 кап, төртүнчү теримде 40 кап түшүм жыйнаса болот. Башкача айтканда, 5-5,5 сотыхтан 1 тонна 200-300 килограмм түшүм. Жалбырагы, сабагы катуураак келип, катуу шамалга туруктуулугу жогору.

Өңү – кочкул жашыл.

Бышуу мөөнөтү – эккенден тартып 37-40 күн.

Мөмөсүнүн узундугу – 11-12 сантиметр, диаметри – 3-3,5 сантиметр, салмагы – 60 граммдын тегереги.

Колдонулушу – тамак-ашка жана консервациялоого.

1 гектарга – 35 000-50 000 даана урук кетет.

Кутусунда – 1000 даана урук бар, баасы – 1300 сом.

Отургузуу аралыгы – 30-35 сантиметр.


Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
munar1980
2021-02-15 14:36:37
Жүгөрү 1 шт 1 сомдон болуп калат экен да ошондо
0
Zakir
2021-02-15 19:41:26
Уруктун сатылган даректерин калтырсаңар жакшы болмок Супер инфо
+2
№ 949, 11-17-февраль, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан