МАЙЫП КЫЗ ТАЯТА-ТАЕНЕСИНЕН КОРДУК КӨРҮП ЖҮРГӨНБҮ?

Социалдык тармакта майып кызды таенеси уруп-согуп жаткан видео тарады. Талкууга түшкөн видеодогу кыз 1996-жылы туулган А.А. Видеодон кыздын майып экендигин байкоого болот. Окуянын чоо-жайын билүүгө аракет кылдык.

“УЧУРДА ТЕРИШТИРҮҮ ИШТЕРИ ЖҮРҮҮДӨ”

ИИМдин басма сөз кызматы төмөнкүчө маалымат билдирди:

– 2021-жылдын 7-февраль күнү Бишкектин тургуну Тогуз-Торо районунун Казарман айылында жашаган таятасы С.С. жана таенеси А.Унун үйүнө барып калып, алардын колунда жашаган 1996-жылы туулган А.А. аттуу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген бир тууган карындашына таятасы менен таенеси зордук-зомбулук көрсөтүп жатканын видеого тартып алган. Ал видео социалдык тармактардын бирине жүктөлүп, мыйзам чегинде милициядан чара көрүп берүүсүн суранган видео, фото жана аудио жазуулар жарыяланган.

Учурда окуя боюнча топтолгон материал Тогуз-Торо РИИБинде катталып, тергөө иштеринин жүрүшүндө милициянын тергөө-ыкчам тобу арызда көрсөтүлгөн дарекке Тогуз-Торо райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын адиси менен биргеликте барып, 1996-жылы туулган А.А. менен маектешип, камкорчулары таятасы С.С. жана таенеси А.Удан түшүнүк каттар алынып, материалдар топтолду. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.

“СЕН КЕТСЕҢ БУЛАР МЕНИ САБАЙТ ДЕДИ”

Кыздын бир тууган агасы Алтынбек Артыкбек уулу төмөнкүчө маалымат берди:

– Ата-энемдин көзү эрте өтүп кеткен. Биз эки карындашым менен Казарманда таенем менен таятамдын колунда калдык. Жашоо шартка байланыштуу 6-класста Бишкекке келип иштөөгө аргасыз болдум. Эки карындашым Казарманда калышты. Менден кийинки карындашым А.А. бутунан тубаса майып төрөлгөн. Тамга тааныбайт. Окуган эмес. Биринчи топтогу майыптыгы үчүн пенсия алат. Кичүү карындашым өз турмушун куруп кеткен. Мен үй-бүлөлүүмүн. Аялым менен батирде турам. Иштейм. 5-февралда карындашымдын бутун дарыгерге көрсөтөйүн деп Казарманга бардым. Мени жакшы кабыл алышты. Чай үстүндө таенемдерге “карындашымды ооруканага алып барып көрсөтөйүн” дедим. Ушул учурда алар мени чыны менен койгулап, “үйдөн чыгып кет” деп чыгышты. Мен сыртка чыгып кайра кирсем карындашым кийимдерин салып, “мен кетем” деп босогодо туруптур. “Сен кетсең булар мени сабайт” деп колумдан кармап ыйлады. Ошол учурда таенем аны токмоктоп, жөнөтпөй койду. Таенемдин карындашымды сабаганын биринчи жолу көрдүм жана видеого тартып социалдык тармактарга жүктөөгө аргасыз болдум. Ага чейин сабап жүргөндөрүн билбейм. Бирок ошо жерден таенемдин “баягы күнкүдөй көмкөрөңдөн жаткырып алып сабайм” дегенин уктум. Акыркы бир жыл ичинде карындашым “келсең таенеме айтпай келчи” деп чалып калган. Шаарга келгенден кийин телефон аркылуу карындашымдан “сени буга чейин да сабашчу беле?” десем, “ооба” деп жооп берди.

“КАРЫНДАШЫМДЫ ӨЗ КАМКОРДУГУМА АЛСАМ ДЕЙМ”

– Мен карындашым менен бир жумада бир жолу телефон аркылуу сүйлөшүп турчумун. Чоң суммада жардам бере албасам да, анча-мынча жардам берчүмүн. Бутун дарылатууга акча топтогом. Мурун таене-таятамдардын жашоо шарты жакшы болчу. Азыр алар, уул-келини жана 5 небереси болуп жашашат. Чоңойгон сайын карындашыма ал үйдө жашоо кыйын болууда. Дааратканага бутун сүйрөп эптеп чыгып келет. Социалдык фонддон келип текшерип “боло берет” деп кетишет экен. Мен карындашымды өз камкордугума алсам дейм. Аны багып алууга кудуретим жетет. Окуя болгондон кийин 7-февралда таенем менен таятамдын үстүнөн Ички иштер министрлигине арыз жаздым. Карындашыма соттук-медициналык экспертиза жасатабыз. Таенемдин сабаганын кечирүүгө болот. Бирок таятам карындашымды зордуктаган деген да имиштерди угуп жатам. Эгер чын эле ошондой болсо, мыйзам чегинде жазасын алсын.

“КЫЗДЫ ТАЯТАСЫ ЗОРДУКТАГАН ДЕГЕН КҮМӨН БАР”

Жабыр тарткан кыздын жактоочусу Шердор Абдыкапаров кыз зордукталган болушу мүмкүн дейт:

– Кыздын бир тууган агасы окуя боюнча мага жардам сурап кайрылды. Биз “кызды таятасы зордуктап жүргөн” деген да сөздү уктук. Бул сөздү уккандан кийин кыз менен байланышып суроону өзгөртүп “сени таятаң зордуктады беле, же таякең зордуктады беле?” деп берсем, кыз “таятам зордуктаган” деп жооп берди. Видео интернетке жарыялангандан кийин Тогуз-Торо РИИБинин кызматкерлери ыкчам чара көрүп, кызды үйдөн ооруканага алып барып жаткырышты. Кыз милиция кызматкерлеринин көзөмөлүндө. Биз аны Бишкекке алып келип, медициналык экспертизадан өткөрөбүз. ИИМ алдын ала кыз зордукталган эмес деген маалымат таратты. Бирок текшерүүдө ал "кыз эмес" болуп чыкты.

“ЖЭЭНИМДИ АГАСЫНА БЕРҮҮГӨ ДАЯРБЫЗ”

Экинчи тараптын пикирин угуу үчүн кыздын таятасы А.А. менен байланыштык:

– Кызым каза болгондо жээним 3 жашта эле. Ушул күнгө чейин ага кам көрүп келдик. Кокуй, ушул кызыбызды өлтүрүп албасак экен деп көрүнгөндүн малын багып иштедик. Макул, агасы алса алсын. Бирок ушунчалык уу-дуу кылбай эле келип алып кетсе болмок. Эгер бала бейбаштык кылса урасың. Байбичем кичине какыс-кукус кылып коюптур. Анан ооруканага алып барып текшертишти. Денесинде көк аласы жок, таза чыкты. Акмак агасы келип алып мага жалаа жаап жатат. Мен андай ишке бара албайм. Жинди болсом бир жөн. Жетимиш жашка чыксам да акыл-эсим таза. Милицияга барып сурак берип келдим. Ушул жашка чыккыча кызга кол тийгизген жокпуз. Чекесине черттирбей бактык. Макул, биз жээнимди агасына берүүгө даярбыз.

“ӨМҮР-ЖАШЫН КУДАЙДАН СУРАП ЖҮРҮП БАКТЫМ”

Кыздын таенеси А.У. аны сабабай турганын айтты:

– Шаардан агасы келип, алып кетем деди. Ошондон улам уруш чыкты. Эми кетип каякка барат, мен багып келе жатам. Алып кетем деген неберемди дагы мен баккам. Мен "үй салдыңбы?" деп сурасам “жок” дейт. Батирде жашайм, ошол жакка кызды алып кетем дейт. Эми ойлосоңор, кыздын буту баспаса, батирде жашаса, аны кантип багат? Анын булганган кийимдерин ким жууйт? Мен бербейм дедим. Кызым өлгөндөн кийин ушул неберелеримди эмне деген азап менен бактым?! Төрөлгөндө эки буту баспай төрөлгөн. Өмүр-жашын Кудайдан сурап жүрүп бактым, булардын кир-когун жууганым канча? Кыздын агасы арыз жазыптыр, милицияга барып келдим. Биз неберебизди урган жокпуз. Ошол окуяда агасынын көзүнчө “эмне кетем дейсиң?” деп эле чапкам. Аны чапкан эмесмин дебейм. Шаарга барса, батирге жашаса, эртең эле аны түртүп чыгарып коюшат. Ошол үчүн бербейм деп жатам. Кызды ушундай азап менен баксам, эми көргөн кордугум бул.


Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Isikkolumkeremet
2021-02-15 15:53:04
Жоооок.жалган ишенбейм.ооо кудай ден соолук бер баардыгына
0
serche
2021-02-17 15:34:08
Таята-таененин суйлогону жакпады, акмак агасы деп. Озуно коз каранды болгон кызга кучун корсотсо, кудай жазасын берсин. Байкуш кызга бактылуулук тилейм
+3
№ 949, 11-17-февраль, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан