КӨГАЛА КӨЛДҮН СЫРЫ

Мекенибиз ажайып кооз табияты менен эле эмес, ыйык жайлары менен да мактана алат. Мындай ыйык жайлардын бири, Жалалабат областынын Алабука районунун түштүгүнөн, Чаткал тоо кыркаларынан орун алган Көгала көлү. Бул көл тууралуу легендалар айтылып, көлдүн касиети боюнча аңыз кептер да көп.

Көгала көлүнүн өзгөчө касиетке ээ экендиги жалаң гана өзү­бүздүн мекендештерге маалым болбостон, коңшулаш Өзбекстан, Тажикстандын элин да өзүнө тартып, жай айларында зыярат кылуучу жайга айланат.
Деңиз деңгээлинен 2000 метрден ашуун бийиктикте жайгашкан Көгаланы биринчи көргөн адам анын сулуулугуна, жайгашкан ордуна карап таңданбай койбойт. Бир жак тарабы аскалар менен курчалса, экинчи тарабы жашыл арчалар менен курчалат. Дал ушул тарабынан көлгө тоонун сай-сайынан куралган чоң өзөн агып кирет.
Бул көл жөнүндө эл арасында нечен аңыз кептер, легендалар айтылып жүрөт. Алардын көпчүлүгү түнкүсүн көлдү тегерене айланып, кишенеп жүргөн «канаттуу айгыр» жөнүндө.
Илгери бул аймакты Өмүрбек аттуу бай жердечү дешет. Анын жер түтөгөн малы болгондуктан, аларды карап-баккан көп түтүн малайлары болуптур. Антсе да Өмүрбек байлыкка манчыркабай, акыл-эстүүлүгү менен кадыр-баркка ээ болгон экен. Ал карылыкка таяп калганда дагы бир уулдуу болот. Балдарына эч качан үзүлүп түшүп, өнтөлөбөгөн Өмүрбек бай улгайганда көргөн бул уулун чыканактайынан өзү менен кошо ээрчитип жүрүп чоңойтот. Жаштайынан улуу кишилердин чөйрө­сүн­дө жү­рүп акыл­ман карылардын даанышман кептерин дилине сиңирип тарбия алган бала 3 жашынан эле ээрге бекем минип, 5 жашында тай чабышка тү­шүп, айтканын бербеген өжөр, курч, акылдуу чыгат. Артында күтүрөгөн малы, кадыр- баркы бар атасы бир суу элге баш-көз болоор, өзүнүн ордун башка уулдарына эмес, эң кичүү баласына берээри элге маалым болот. «Чоң өргөөдө» кичүү иниси калып, бийлик жүргүзөөрүн байкаган агалары ойго-түшкө кирбеген жорукка барышат. Чаткал тараптан алынып келинген азоо айгырды 14 жаштагы балтыр эти толо элек инисине көрсөтүшүп, «атам атайы сага арнап алып келди, аргымактын тукумунан экен» дешип азгырышып, мингизип коюшат. Бала ойлонуп отурбай эле жан адамды жанына жолотпой, кош аяктай абаны чапчып жаткан айгырга минип алат. Ушуну ичинен тилеп турган агасы өзү капысынан чочуп кеткендей түр көрсө­түп, турган жеринен артка секире айгырды үркүтүп жиберет. Ансыз деле кошкуруп, кош аягын чапчып жаткан айгыр алып-учуп жөнөйт. Жашынан ээрде өскөн бала оңой менен шыпырылып түшүп калбай, али каруу-күчкө толо элек колдору менен жиниккен аттын башын тартууга аракет кылат. Үркүп, өзүн токтото албай калган айгыр аркырай баланы ала качкан тейинче, түптүз барып көлгө кирип кетет. Жаш жигитти көлгө чөктүрүп, өзү да күм- жам болгон айгырдын өңү жылкы баласынан башкача көгала болгонунан улам көл Көгала деген аталышка конгон экен. Ошол күндөн тартып бүгүнгө чейин түнкүсүн, айрыкча жаан жаап, сел жүргөндө көлдөн чыккан Көгала кишеней ал тегеректеги жылкы баласын кайтарып чыгат дешет.
Көгаланын мындан бөлөк сырдуу көрүнүштөрү да көп. Бул жерге жыл сайын Көксерек айылынын тургундары жайлоого чыгышат. Алар касиеттүү жерди тушкелди булгап, арчаларын башаламан кыя беришпейт. Атайы эс алганы, же зыярат кылганы келгендер башка сай, кокту-колоттордо алаамат түшүп, жаан жаап жатса да көлдүн тегерегине жаан себелеп гана өтүп кетээрин көрүп чексиз таң калышат. Мындайда, көлдү бир башкача тынчтык чүмкөп, күмүш боорлорун күнгө жылтыраткан балыктар сууда секирип, ойной башташат. Көгалага жөн гана эс алганы келгендер да ичимдик ичишпейт. Себеби, шарактай сайран куруп, көлдүн сырдуу тынчтыгын бузуп, балык уулап, аракты «өкүртө» ичкен үч киши сууга түшүшкөн боюнча чөгүп, сөөктөрү табылбай калгандыгын бул аймактагылар жакшы билишет. Кийинчерээк дагы бир жаш жигит ушундай жорукту кайталап, сууга түшкөн боюнча чыкпай калгандыгы да айтылат.
Көгалага көбүнчөсү бала көрбөй зарлагандар бала тилеп келишет. «Тээ өзбектердин Анжиянынан 9 жыл бою балалуу болбой зарлаган жубайлар келип, сыйынышып, ыйык жердин касиети менен уулдуу болушуптур. Дегеле, мындай окуялар Көгалада көп болот» деген бул аймакты жердегендер көлдүн баянын өзгөчө сыймыктануу менен кеп кылышат. Мындан тышкары талмага кабылгандар да келишип, оорусунан кутулуп, далайы дартына даба таап кетишет делет.

Даярдаган Айбек Нурадилов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
ertur
2015-08-12 11:35:36
Бир Алаах берет баардык нерсени
0
№ 238, 25-31-май, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан