ЖАМАЛ СЕЙДАКМАТОВА ДҮЙНӨ САЛДЫ

16-февраль күнү түнкү саат 3:00 чамасында улуу инсан, Кыргыз Эл артисти Жамал Сейдакматова 82 жашында дүйнө салды. 17-февраль күнү залкарды акыркы сапарга узатуу зыйнаты болуп, сөөгү “Ала-Арча” көрүстөнүндө жерге берилди. Жамал Сейдакматованы жакындары эскеришти.

“ЖАМАЛ ЭЖЕ АПАБЫЗДАЙ БОЛЧУ”

Мурат Мамбетов, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти:

-Эженин актёрлук чеберчилигин баары билет, театрда мыкты ролдорду ойноду. “Кыргыз кереметине” түзмө-түз катышкан, салымы чоң инсан.

Ушунчалык жөнөкөй, жумшак адам эле. Эже адамга ишенчү. “Тунгуч” театрын ачканда бизге ишенген. “Балдар, жүрөгүңөрдөн чыкканды жасагыла” деп бизге чыгармачылык эркиндик берди. 10 жылдан ашык бир театрда иштедик, биздин апабыз болуп калган.

Мен эжени акыркы жолу жездебиз Садыр Назаров каза болгондо көргөм. Анда пандемия болуп, карантин күчөп турган учур болчу. 20-30 чакты киши гана чогулуп, акыркы сапарга узатканбыз. Жамал эжеге көңүл айтсам, ыйлап, мени кучактаган эле. Ошонусу эсте калды. Өзүн оор сезип калганын байкагам. Бирок күйөөсү каза болгондуктан ушундай болуп жатат го деп ойлодум. Пандемиянын айынан бири-бирибизге көп каттабай калбадыкпы. Бирок эжени ойлоп койчумун. Ушундай болуп кеткенине аябай жаман болдум. Мен эле эмес, кыргыз эли жаман болуп жатат. Бул оор жоготуу.

“АР БИР ИЙГИЛИГИМДЕ ЖАМАЛ ЭЖЕНИ ЭСТЕЙМ”

Эгемберди Чалабаев, Кыргыз Эл артисти:

-Мен кандай ийгиликке жетсем, дайыма Жамал эжени эстейм. Анткени театрда иштеп жүргөнүбүздө эже жаш балдардын келечегине жол салайын деген үмүт менен бизди балапандай ээрчитип алып кетип, “Тунгуч” театрын түзгөн. Бизди жаңыча ойлонууга үйрөттү, эркибизге койду. Ошентип биз чыгармачылыктын бардык жагында өзүбүздү сынап көрдүк. Натыйжасы жаман эмес. Жамал эже чыгармачылыгыбыздын башатында “балдарымды элге таанымал улуу инсандардын катарына кошом” деген. Ал максатына жетти.

Жамал эженин “турмушта аялыңа же күйөөңө, досуңа, өзүңө калп айтсаң болот. Бирок эч качан сахнада калп айтпаш керек” деген сөзү эсимде түбөлүк сакталып калды.

Акыркы жолу эжени январда президенттин иш башкармалыгына караштуу атайын ооруканадан көрдүм. Бизди доктурлар текшерип турушат да. Врач “келип кетиңиз” деп чакырганынан баргам. Эжени көрүп, “эмне болду?” десем, “жакшымын” деген. “Жоомарт кандай, Эл-Ай кандай?” деп балдарымды сурады. 80ге келсе да балдарымдын аттарын унутпаганына таң калам. Бизге Жамал эже жүрөгүн берип, мээримин төктү. Жаткан жери жайлуу болсун.

“АСЕЛ, БААРЫ ЖАКШЫ БОЛОТ” ДЕГЕНИ АКЫРКЫ СӨЗҮ БОЛДУ”

Асел Чоткараева, Жамал Сейдакматованын келини:

-Апам сөзгө терикпеген, кайраттуу, сабырдуу, көтөрүмдүү болчу. Мыкты жар, мыкты эне болду. Эч бир адамдын көңүлүн оорутчу эмес. Өзү бала кыял, чыныгы чыгармачыл адам эле. “Жакшы жашады” деп айтып жатышат. Биз да жакшы жашады деп айтабыз. Ошенткен күндө да кайсы жашта болбосун эне деген эне экен. Ичибиз ачышып турат.

Апам катуу ооруду. Өткөн жылдын ноябрь айынан ооруп баштаган. Ортодо ооруканадан чыгып, өзүн жакшы сезип калган. Январ айынан баштап кайра катуу ооруду.

Апам президент Садыр Жапаровду жан дили менен колдоду. Шайлоо учурунда ооруканада болуп калып, шайлоого катыша албай калганына ичи ачышып ыйлаганы эсимде. Садыр Жапаров президент болгондон кийин “мен инаугурацияга барышым керек. Балама бата беришим керек” деп жатты. Күн өткөн сайын абалы начарлай берген эле, жатып да калган. Мурда өзү басса, кийин бирөөгө таянып басып калды. “Апа, инаугурацияга бара албайсыз го” десек, түзөлүп, болгон күчүн чогултуп даярданды. Ал учурда 1 саат отурса эле кыйналып, жыгылып калып жаткан. Бирок инаугурацияга чейинки даярдыкта 4 сааттай түздөнүп жүрдү. Өзү кайраттуу киши эле.

Акыркы жолу “жер үйдө жашагым келип жатат” деген кыялын айтты. Жер үйгө көчүп киргенибизге 2 күн болгондо каза болду.

Апам экөөбүз бөтөнчө жакын болдук. Ушул ишемби күнү үй той берели деп жатканбыз. Тойдо ырдайм деп ыр жаттап жаткан. Үзүлөрдүн алдында чекесинен өөп, “апа, үй той беришибиз керек. Эмне эркелеп жатасыз, күчтөнүңүз” десем, алсыз жооп берип калган. Колумду издеди. Колумду берсем, “Аселя, баары жакшы болот" деди. Акыркы сөзү ушул болду. 2-3 сааттан кийин үзүлдү. Түндө тынч уктаган. Улуу небереси жанында болчу. Ага “үстүмдү ачып койчу” дептир. Ачкандан кийин эле дем албай калыптыр. Түбөлүктүү эч ким жок экен, эмне кылабыз? Кабыргабыз кайышып турат.

Акыркы кезде Султан Раевдин “Топурак” чыгармасына кызыгып жүрдү. “Айыксам ушул чыгармага кино тарттырат элем” деп кадимкидей даярданды.

Жаңы үйгө көчөрдө бизди отургузуп алып, “уулумдун мыкты экенин билчүмүн. Бирок ушунчалык жан тарткан уул болорун билбептирмин. Келиним андан ашты. Экөөңөргө ыраазымын. Жүрөгүңөр тоодой адамдар экенсиңер” деди (ыйлап).

АКТРИСА ТУУРАЛУУ:

  • Жамал Сейдакматова 1939-жылы 21-сентябрда Ысык-Көл облусунун Темир айылында туулган. 1957-жылдан тартып Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында эмгектенген.
  • Актриса 1989-жылы "Тунгуч" жеке менчик театрын ачып, анын көркөм жетекчиси катары ишин уланткан.
  • 1970-жылы Кыргыз ССРинин Эмгек сиңирген артисти, 1976-жылы Кыргыз ССРинин Эл артисти наамын алган. 1986-жылы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси болгон. 2003-жылы III даражадагы, 2019-жылы II даражадагы «Манас» ордени ыйгарылган.
  • Ал «Акбаранын көз жашы», «Караш-караш окуясы», «Эрте жаздагы турналар», «Мен – Тянь-Шань», «Отко таазим», «Ак илбирстин тукуму», «Курманжан датка» сыяктуу бир катар кинотасмаларда, жүздөгөн спектаклдерде ар түрдүү образдарды жогорку чеберчиликте жараткан.

“Супер-Инфо” гезитинин эмгек жамааты залкардын үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза-кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Перизат Музуратбекова

 Кыстарылган видео 
Жамал Сейдакматованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Nina.alex
2021-02-22 13:23:13
Таттыбубу тосуп алгандыр...
0
№ 950, 18-24-февраль, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан