ПАЙДА ТАБАМ ДЕСЕҢ ИТ МУРУН, ЖАСМЫК, ДАРБЫЗ ЭК!

Учурда дыйканчылык, багбанчылык улам өнүгүп бара жаткандыктан атаандаштык да бар. Андыктан дыйкандар менен багбандар "эккен нерсем өтпөй же өзүн актабай калбасын" деп улам жаңы сортторду эгип, аны өткөргөнгө аракет кылууда. Кыргызстандын рыногуна жаңы кирип жаткан бизнестердин катарына ит мурун жана жасмык бизнеси кирет. Киреше алып келе турган бизнес түрлөрүн сунуштайбыз.

“4 ЖЫЛДАН БЕРИ 3 ТОННАДАН ТҮШҮМ АЛЫП ЖАТАМ”

Руслан Алимжанов, Кадамжай районунун Ынтымак айылынын жашоочусу, багбан:

– Мен ит мурунду эккениме 11 жыл болду. Айыл өкмөттөн 1 гектар жерди ижарага алып, алгач беде септим. Ал жер таштагыраак жер. Анан 1200 ит мурун көчөтүн сатып келип, беденин ичине тиктим. Катар жөөктөрдүн аралыгы 4 метр, ал эми жөөктөгү ит мурундардын аралыгы 2 метрден. Сортун биз жактагылар “королевский” деп жүрүшөт. Үчүнчү жыл дегенде азыраак түшүм берди. Мол түшүмдү 5-6 жыл дегенде бере баштайт экен. 4 жылдан бери 1 гектардан 3 тоннадан түшүм алып жатам. Азыр бою 1,6-2 метр. Мөмөсүн Тажикстандан келип алып кетишет. Дүңүнөн 90-110 сомдун тегерегинде сатам. Алар кайра иштетип, кутуларга салып Орусия, Казакстанга өткөрүшөт.

Күн ысыкта 10 күндө бир сугаруу керек. Түшүм жыйноо сентябрдын этегинде башталат. 10 адамды күнүнө 450 сомдон жалдайм, 10 күндө терип бүтүшөт. Мөмөлөрүнүн узундугу 3, диаметри 1,5 сантиметрдей. Биздин айылда ит мурун айдалган жерлердин жалпы аянты 20 гектардай болот. Коңшу айылдарда да өстүрүшүүдө. Көчөтүн биз жактан Ош, Жалал-Абад облустарынын айылдарына, Көлгө чейин алып кетишип, тигишүүдө. Бир жолу тигип, көп жылдар бою түшүм алууга ыңгайлуу, дары өсүмдүк. Топурагы семиз жерге тигип, жакшы сугарса түшүмү мол болот.


Чыгым (1 гектарга):

Карбамид – 2 жолкуга 7 мүшөк. 1 мүшөгү – 1350 сом. Жалпы: 9450 сом

Сууга төлөм – 1 сезонго 1500 сом

Жер ижарасы, салыгы – 3000 сом

Тердирүүгө, түшүмдү талаадан ташып келүүгө – 75 миң сом (адамдарга, мүшөк, тамак-ашка, машинага бензинге)

Жалпы чыгаша – 88 950 сом

Түшүм – 3000 килограмм x 100 сом (1 килограммы орточо эсеп менен) = 300 000 сом

Таза киреше – 300 000 – 88 950 сом = 211 050 сом

Ит мурунду биринчи жылы эгип жатсаңыз, анда жерди айдатуу, малалатуу, отургузганга адамдарды жалдаганга да чыгым кетет.

“ЖАСМЫК МЕНЕН БИЗНЕС КЫЛУУГА БОЛОТ”

Акматбек Ниязалиев, “Сан-Агро” айыл чарба өндүрүштүк кооперативинин жетекчиси:

– Биздин кооператив кызыл жана жашыл жасмыкты (чечевица) баш-аягы 5 жылдан бери эгип келебиз. Өткөн жылы Көлдүн Жети-Өгүз районуна 200 гектарга, Чүй облусунун Чүй, Ысык-Ата, Москва, Жайыл райондоруна баары биригип 600 гектарга айдадык. Нарындын Ат-Башы районуна былтыр эксперимент катары 5 гектарга айдап көрдүк. Кеч эгилгендиктен даны бышканга жетишкен жок, тоютка деп чаап алдык. Быйыл убагында айдап көрөлү деп жатабыз. Таласта жеке чарбалар эгип жатат деген маалыматтар бар. Быйыл Көлдүн Ак-Суу, Түп райондоруна да эгип көрүү планыбыз бар.

Жасмык климаты жарым кургак келген аймактарды баалайт. Кайрак жерге эгип, сугарбаса болот. Бирок кургакчылыкта түшүмү кескин азаят. Ным көбүрөөк болсо бою өсүп кетип, түшүм аз болуп калат. Минус 5-6 градус суукка чейин чыдамдуу. Шор (туздуу) жана кычкыл топуракты жактырбайт. Ошондуктан алгач топуракты лабораториялык анализден өткөрүү керек. Урукту грибок ооруларына каршы дарылатуу кажет. Дан өсүмдүктөрү, жүгөрү айдалган жердин ордуна сепсе жакшы. 1 гектарга – 130 килограммдай урук кетет. 4-5 сантиметр тереңдикте, аралыктары 15 сантиметрден тигилет. Сепкенден 40-45 күн өткөндө гүлдөйт. Абадан азотту алып, топуракты байытат. 1 гектарга 100-120 килограмм калий же 50-80 килограмм фосфор чачылат. Түшүм комбайн менен чабылат. Кайракы жерден сугарбастан 1 гектардан орточо эсеп менен 1-1,2 тонна түшүм алынат. Сугат жерге тигип, убагында сугарса 2 тоннадан алынат. Жасмыкты Казакстан, Орусия жана башка өлкөлөргө сатабыз, ошондой эле Кыргызстандын рыногуна да чыгарабыз.

“75 СОТЫХТАН 45 ТОННА ДАРБЫЗ АЛДЫМ”

Чыңгыз Сариев, Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон районунун Акман айылынын тургуну:

– Былтыр дарбыздын Франциядан чыгарылган кримсон свит сортун өзүмдүн үлүш жериме, 75 сотыхка эктим. Жер 2 жолу айдалып, 3 жолу малаланат. Анткени топурак абдан майдаланып, жер табына келиши керек. Дарбыз өнүп чыккандан кийин суукка кабылбашы үчүн урукту клеёнканын алдына тиктим. 12 ирет сугардым. Культивация урук өнүп чыгып, бою 10 сантиметрдей болгондо жүргүзүлөт. Экинчи ирет жүргүзүлбөйт, анткени дарбыз түйүп чоңоё баштаганда чөп керек болот. Көлөкө жок күндө жаткан дарбыздын сырты саргайып “товарный вид” жоголот. Чөптүн көлөкөсүндөгү дарбыздын сырты жашыл бойдон калат. Дарбыз 90 күн дегенде бышып, 45 тонна түшүм жыйнадым. Түшүмдү үй-бүлөбүз, туугандар менен чогултуп алдык. Дарбыздардын эң чоңдору 25, эң кичинелери 5 килограммдын тегерегинде болду.

Чыгым (75 сотыхка):

Жер айдатканга (2 жолкуга) – 6000 сом

Малалатуу (3 жолкуга) – 5000 сом

Жөөк тартуу (2 ирет) – 3000 сом

Культивация – 2000 сом

Урук (750 гр.) – 4500 сом

Клеёнка (60 кг.) – 6500 сом

Аммафос (100 кг.) – 3000 сом

Карбамид (100 кг.) – 2300 сом

Биогумус – 1000 сом

Сууга – 1000 сом

Жер салыгы – 1000 сом

Түшүмдү чогултуп базарга жеткирүүгө – 25 500 сом

Жалпы чыгаша: 60 800 сом

Киреше

45 тонна = 45 000 килограмм x 7 сом (1 килограммы дүңүнөн)= 315 000

315 000 – 60 800 = 254 200 сом

Таза киреше: 254 200 сом


Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Sweet-home-
2021-02-22 13:37:17
Азаматсынар.
+1
Mister-XXX
2021-02-22 18:14:25
Түшүмдү Тажикстан сатып алып,Россияга сатат экен.Кыргыздар кызык эле калкпыз ээ...Эмне өзүбүз кутуга салып сатсак болбойбу?Дыйкан мээнет кылып канча тапса,упаковка кылып саткан тажиктер деле ошондой акча табат.Ушул нерсени биздин өлкөдө колдонуш керек.Нокот,күрүч,ит мурун,жаңгак,жер жаңгакка окшогон тамактарды упаковкалап сатса жакшы пайда калат.
+2
kkkk3259780
2021-02-26 14:15:31
Mister-XXX, кана эми ошону кылса.
0
№ 950, 18-24-февраль, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан