Данияр Байдөбөтов, залкардын уулу: “АТАМДАЙ ЖУМШАК КИШИ ЭМЕСМИН”

"Туяк" – гезитибиздеги жаңы рубрика. Бул рубриканын астында кыргыздын атактуу инсандарынын уул-кыздары маек курат. Алгачкы коногубуз Кыргыз Эл артисти, маркум Дүйшөнбек Байдөбөтовдун уулу Данияр Байдөбөтов болду.

– Данияр мырза, саламатсызбы? Чыгаан актёр Дүйшөнбек Байдөбөтов сыртынан караганда сүрдүү көрүнгөн инсан эле. Балдарына кандай ата болду?

– Эми атам жөнүндө айтсам сөз түгөнбөйт. Алп киши эле. Каза болгондо жазуучу, драматург Султан Раев агабыз “жүрөгү тоодой бийик, гүлдөй назик” деп туура айткан. Чыгармачылык жагынан атамдай мыкты актёрлор бардыр, бирок адамгерчилик жагынан андай адамды жолуктура элекмин. Өмүр бою атамдын жанында жүрүп, анын мүнөзүнө көнүп калганга мүмкүн “бардык адамдар ушундай болушу керек” деп мээме сиңип калгандыр. Мен эле эмес, туугандар да “кандай адамдан айрылдык? Мындай адамдар дагы жаралабы?” деп калышат.

Атам кайсы жерге барбасын, ошол жерди шаңга айлантчу. Баары көңүлдүү, көтөрүңкү маанайда отурушчу. Азыр дос-туугандар чогулуп калсак, ал кишинин жоктугу байкалып турат.

Үйдө болсо бизге бир жагынан катуу, бир жагынан жумшак, шартка жараша мамиле кылчу. Өзү аябай так жүргөн, тартипти катуу сактаган, айткан убадасын аткарган киши эле. Атамдын кээде урушуп, ачуусу келгенде башка чаап койгон учурлары да болду. Эми бала кезде тентек болчубуз да, ошондуктан аны туура түшүнчүбүз. Жалгыз карындашым бар. “Кыз үйдүн коногу. Ага эч качан катуу сүйлөбө. Сен аны коргошуң керек” деп көп айтар эле. Ошондуктан азыркыга чейин карындашыма аяр мамиле жасайм.

– Бир туугандардын арасынан атаңызга кимиңиздер көбүрөөк жакын элеңиздер?

– Карындашым экөөбүз жакын элек. Улуу агам бала чактан айылда, атамдын бир тууган эжесинин колунда чоңойду. Агам да абдан тентек эле. Кийин шаарга келгенде атамдар өздөрү тарбиялады. Ал шаарга көнө албай жүрдү. Андан кийин аскерге барып келди. Агам көп жашаса болмок, ден соолугуна байланыштуу 2015-жылы, 47 жашында каза болуп калды. Агамдын бир кызы бар. Ал эки баланын апасы. Ата-эне үчүн баласынан ажыроо эң оор жоготуу экен. Ошол жоготуудан кийин атам да ооруп калды. Атамдын арабыздан эрте кетишине ошол күйүт себеп болуп калды.

– Бала кезде атаңыз жумушуна байланыштуу алыс жакка кетерде “кетпеңиз” деп ээрчиген күндөрүңүз болду беле?

– Атам Ошто көп убакыт иштеп калды. Анда биз дагы чогуу кеткенбиз. Мен 10-класста окучумун. Алайда “Акбаранын көз жашы” тасмасы тартылып жатканда үйгө бир аптада бир келчү. Жыл сайын гастролдоп сырт жакка көп чыгып жүрдү. Ал кез Советтер Союзу болчу. Кийимибиз бүтүн, курсагыбыз ток дегендей. Баладай болуп сабакка барып-келип жүрчүбүз. Апам да дайыма үйдө болгондуктан атабыздын алыста жүргөндүгү байкалчу эмес. Анын аман-эсен барып-келгенине сүйүнүп, туура түшүнчүбүз. Жумушуна кеткенде мен ээрчип, сагынчу деле эмесмин. Бул эми ата менен баланын ортосундагы мамиле десем болот.

– Үй-бүлөңүз тууралуу айтсаңыз. Келинчегиңиз менен качан баш коштуңуз эле?

– Келинчегим экөөбүз 1998-жылы баш коштук. 23 жылдан бери эриш-аркак жашап келатабыз. Үч кыз, бир уулубуз бар. Балдарымдын апасы кийим тигүү боюнча дизайнер-технолог. Ушул кесип менен эмгектенип келет.

– Атаңыздын жолун жолдоп актёр болуу кыялы болгонбу?

– Жаш кезде атам менен кинодо, театрда аралашып жүргөн учурда чыгармачылыкка кызыгуу болгон. Мектепте көп чыгармаларды да окуп калдык. Ал кезде бир багыт менен чоңоюп, билим берүү күчтүү болчу. Ошол кезде ата-энеси менен киного тартылып жүргөн балдардын арасынан кийин искусствого аралашып кеткендери болду. Азыр атамдын курсташтарынын балдары чыгармачылык чөйрөдө. Мен атамдын жолун жолдобой калсам да, атамдын туугандарынан тасмаларга тартылгандары бар. “Ааламга жол айылдан башталат” дегендей, атам “искусствого келген улан-кыздардын көпчүлүгү айылдан чыккандар” деп айтып калчу. Себеби айылда балдар ээн-эркин, таза абада өсүшүп, алардын дүйнө таанымы дагы башкача болгондуктан искусствого жакын болушат экен. Чогуу жүрүп, ырдап ынтымактуу болушат. Мен шаарда чоңоюп калгандыктан искусствого жакын болсом да, чыгармачылык жакка максат коюп, иштейин деген ой болгон эмес. Себеби биздин дүйнөгө болгон көз карашыбыз башкача болчу. Мисалы, мен өмүр бою аскер адамы болом деп кыялданчумун. Бизге атам катуу тарбия берип чоңойткондуктан, тартипке бекем болгонду жакшы көрөм. Ошондуктан кыялымдагы кесиптин ээси болдум.

Балдарым ырдаганды, бийлегенди жакшы көрүшөт. Кесип тандоо алардын өз эрки. Тун кызым компьютердик технология жаатын, экинчи кызым кытай тили боюнча котормочу кесибин тандаган. Кичүү балабыз менен кызыбыз мектепте окуйт. Алар азырынча бир кесипти тандаша элек. Биз балдарыбызга эркиндик бердик. Себеби атабыз да бизге ушундай мамиле жасачу. “Балам, өзүңдүн жолуң бар, өзүң танда. Мен сага жардам гана берип турам” дечү.

– Кайсы мүнөзүңүздү атаңызга окшоштурасыз?

– Так жүргөнүм, элге жасаган мамилем, таза, тыкандыгым. Бирок мен атамдай жумшак эмесмин. Бул аскер адамы болгонумдан болсо керек. Негизи атама өзүмдү теңей албайм. Бирок атамдын баласымын. Атамды уят кылбай, атын өчүрбөгөнгө аракет кылсам деп жашап келем.

– Агайдын дагы эл билбеген кандай таланттары бар эле?

– Атам чыгармачылыктан тышкары спортко кызыгып, воллейболду жакшы ойночу. Ал мага “сен воллейболчу бол” деп айтар эле. Мен дагы көп убакыт спорттун ушул түрү менен машыктым. Үй жаныбарларын абдан жакшы көрчү. Мүнөзү жумшак киши болгондуктан малды дагы аячу. “Кантип бирөөнүн баласын мууздайм?” деп мал сойчу эмес.

Атам көрсөткөн жол менен келе жатабыз. “Бирөөгө жамандык жасаба, өзүңдүн жумушуңа так бол, улууларга салам берип жүр, баарына аяр мамиле жаса” деп көп айтар эле. Ушул нерсе бизге сиңип калды десем болот. Албетте, жумушта ар кандай учурлар болот. “Коомчулукта жүргөндө айтылган сөздөрдү унутпа” дейт эле. Мен дагы ошону эстеп, карманганга аракет кылам. Кээде ачууланганда “кой-кой, атам мындай кылат эле, тигиндей деп айтты эле” деп өзүмдү басып турам.

– Чоң жоготуудан кийин сиздердин гана эмес, бүтүндөй кыргыз элинин кабыргасы кайышты. Апаңыздын абалы жакшыбы?

– Кудайга шүгүр, апам азыр жакшы. Аты жаман оору жүрүп жаткан учурда апабызды жакшы карап, ден соолугуна кам көрүп жатабыз. Атабызга арнап өткөн жылдагы эскерүү иш-чараларын өткөрүү планыбыз пандемияга байланыштуу ишке ашпай калды. Карантинге байланыштуу көп жерлер иштебей калды. Ошону менен бирге театрлар дагы жабылып турду. Мына эми акырындан жанданып баштады.

– Залкардын курдаштары көбүнчө эмнелерин айтып эскеришет? Ишке ашпай калган ой-максаттары бар беле?

– Атам өмүр бою башкаларга жардам берип өттү. Бардык кыялдары орундалып, искусствого кызыккан жаш муундарды тарбиялады. “Жаштар кыргыздын искусствосун түшүрбөй, дайыма бийиктикте көтөрүп жүрүшсүн” дечү. Ишке ашпай калган кыялы да бар. “Айылга үй салып, ошол жакта жашасам” дечү. Атамдын бир туугандарына жардам берип, алардын үйү бүтүп, эми өзүнө келгенде көзү өтүп кетти. Атам “балам, айылды унутпа, туугандар менен катышып жүр. Алар биздин эң жакын адамдарыбыз” деп айтып кетти. Керээзин аткарайын деп өткөн жылы атам туулуп өскөн Ысык-Атадагы Үч-Эмчек айылына үй салып баштадым. Буюрса, ушул жылы бүтүп калат.

– Маегиңизге рахмат! Ден соолукта болуңуз!



Гүлдана Мамадали кызы

 Кыстарылган видео 
Дүйшөн Байдөбөтовдун уулу атасы тууралуу айтып берди
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Haanykeim
2021-02-22 11:02:33
Ыраматылык мыкты инсан эле.
+4
Nurbany
2021-02-25 12:35:32
Эээх жузу нурлуу эле жаткан жери жайлуу болсун
0
№ 950, 18-24-февраль, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан