22-ФЕВРАЛДАН 28-ФЕВРАЛГА ЧЕЙИН


КОЙ (21.03-20.04)

Конокто же бир иш-чарада сизге жакпаган адам менен кагылышып калууңуз ыктымал. Соода жана тейлөө тармагында иштегендер так болбосо ката кетирип, чыгым тартып калат дешет жылдыздар. Жаңы таанышуу же романтикалык жолугушуу күтүлөт. Көргөн түшкө маани бериңиз, бир нерседен эскертүү бериши мүмкүн.

БУКАЧАР (21.04-20.05)

Эргүү менен ойлогон планды кыска убакытта ишке ашыра аласыз. Жакшы жаңылыктан улам үйүңүзгө шаң кирет. Өткөн жашоону анализдеп, жаңылануу киргизүү керектигин сезесиз. Коомдук иш же саясат менен алектенгендер орчундуу маселе боюнча чыккан жыйынтыкка нааразылыктарын билдирет.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Чыр-чатак же өткөн аптадагы негативдүү тенденциянын уланышы тең салмактан чыгарат. Бирок чөйрөдөгүлөрдүн колдоосу, түшкөн киреше жанданууга түртөт. Пландалбаган иштер чыгат, ага убакыт жана энергия коротосуз. Досуңуздун ийгилигин кошо белгилеп кубанасыз. Жылдыздар жолдо жүрүүдө сак болууну эскертишет.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Жаныңызды карч уруп иштей бербей, ден соолукка да кам көрүңүз, болбосо ооруп каласыз. Үй-мүлк, жер тилкеси, унаага байланыштуу документтерди бүтүрүү керектелет. Ишке ашпай жаткан максаттарды, пландарды башка ыкма аркылуу ашырууга киришсеңиз, жыйынтыгы кубантат. Сүйүү жаатында кыялдар орундалат.


АРСТАН (23.07-23.08)

Үй-бүлөлүк бюджет акырындап жакшыра баштайт. Көп иштерге аралашуу керектелет. Үйдө жалгыз калып баштагы баш аламан ойлорду иреттеңиз, бизнес баштагыңыз келсе керектүү адамдардан кеңеш алыңыз. Сюрпризге туш келүүңүз мүмкүн. Корс же одоно сүйлөп жибербесеңиз эле үй-бүлөдө мамиле камыр-жумур болот.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Жакын адамыңыздан белек аласыз. Бойдоктор сүйүү торуна чалына бербей, бирөөгө токтолуулары зарыл. Айнек, металл, кесүүчү шаймандар менен иштөөдө абайлоо керек, жаракат алуу коркунучу чоң. Балдардан же өнөктөштөн жыйынтыкты талап кыларда алардын мүмкүнчүлүгүн эске алуу зарыл. Талыкпай иштесеңиз үзүрү кайтат.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Энергияңыздын аз болгонуна карабай маселеңизди жакындарыңызга артпаңыз. Жасалып жаткан иштерден майнап чыгаруу үчүн куулукка, кызыл тилдүүлүккө барыңыз. Ички дүйнөнү байытуу максатында көп кызыктуу нерселерди окуп, көрө баштооңуз мүмкүн. Достор менен кызыктуу баарлашуулар чарчоого каршы дары болуп берет.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Акчаны коротпой туруңуз, коноктор келиши мүмкүн. Балдардын көңүлүн ачуу менен өзүңүз да балалык дооруңузду эстеп жыргап аласыз. Керектүү байланыштарды чыңдаңыз, колдонуңуз, бул ийгиликке кыска жол болуп берет. Таанышыңыз бир жакка чогуу барууну сурануусу ыктымал. Акча жаатында так болуңуз.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Сизге сыртын салып жүргөн адамдардын ушагына калбоо үчүн алардын чөйрөсүнө жакындабоо керек. Иште, үйдө баары жайына келе баштагандыктан жан дүйнөңүз тынч ала түшөт. Аласа-береселер боюнча такташасыз. Туугандар сиздин керек экениңизди билдирип, акчалай же азык-түлүк жагынан жардам берет.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Сизге жаңы кызмат орду сунушталат же оор тапшырманы аткаруу жүктөлөт. Кандай болсо да макул болуңуз, жакында иште жакшы өзгөрүү күтүлөт. Кимдин болсо да катачылыгын кечирүү менен мыкты жагыңызды көрсөтөрүңүздү унутпаңыз. Айрымдар чогуу иштешкен өнөктөштөрүн алмаштырат.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Иште лидерликке умтулуп, “мен” дей берсеңиз нааразычылыкка туш болосуз. Бүтө турган иштер каалагандай жыйынтык бербеши мүмкүн. Күтүлбөгөн жаңылык үй-бүлөлүк маселеге баш-отуңуз менен кирүүгө аргасыз кылат. Жогорку органдарга кайрылуу ыңгайлуу, бирок ичтегинин баарын айтуунун кереги жок.


БАЛЫК (20.02-20.03)

Каржылык жаатта жетекчилик же бирге иштешкендер менен такташуу күтүлөт. Жакын адамыңыздын тагдырына күйүп-бышып чуркоо сизди бир топ алсыратат. Айрымдарда үйдү жасалгалоо, бузулган нерселерди оңдотуу маселелери чыгат. Мамилелери туруктуу болбой келе жаткан кыз-жигиттер эки башка жолго түшүшөт.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 950, 18-24-февраль, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан