ЧЕТ ӨЛКӨДӨ ОКУУ – ЖАШТАРДЫН КЫЯЛЫ

Чет өлкөдөн акысыз билим алууга мүмкүнчүлүктөр көп. Болгону жаштарга багыт керек. Кыргызстанда чет жерден окугусу келгендер миңдеп саналат. Бул макалада учурда кайсы өлкөлөргө окууга тапшырууга болору тууралуу айтып беребиз.

ОРУСИЯНЫН ЖОЖДОРУ ҮЧҮН БЮДЖЕТТИК ОРУНДАР

Кабыл алуу 2021-жылдын 20-январынан 20-февралына чейин EDUCATION IN RUSSIA сайтында жүргүзүлөт. Бакалавр, магистратура, ординатура, аспирантурага кабыл алат. Орусия Кыргызстанга эң көп бюджеттик орундарды берген өлкө. Жылына жалпы 400дөй орун бөлөт.

ЛАТВИЯ ӨЛКӨСҮНҮН СТИПЕНДИЯСЫ

Катталуу 2021-жылдын 1-февралынан 1-апрелине чейин жүрөт. Бул Латвия өлкөсү менен Кыргызстандын ортосундагы билим берүү жана илим жаатындагы кызматташуу боюнча келишимдин негизинде Латвия тарабынан бөлүнгөн стипендия болуп эсептелет.

Кыргыз өлкөсүнүн жарандары Латвиянын жогорку окуу жайларына бакалавр, магистратура жана докторантурага тапшыра алышат. Документтерди кабыл алуу www.viaa.gov.lv/scholarships сайтында онлайн түрдө жүрөт. Чет жерден окугусу келген жаштар күчүн сынашса болот.

ТҮРКИЯ СТИПЕНДИЯЛАРЫ

Түркиянын мамлекеттик окуу жайларында бакалавр, магистратура жана докторантура даражалары боюнча акысыз билим алуу программасы бар. Аталган программа жыл сайын студенттерди кабыл алат. Катталуу 2021-жыл үчүн 10-январдан 20-февралга чейин жүргүзүлөт.

7 тилде катталууга болот: түрк, орус, араб, англис, француз, испан жана босния тилинде.

Түркиянын мамлекеттик стипендиясына https://turkiyeburslari.gov.tr/tr расмий сайтынан онлайн түрдө катталуу зарыл. Бакалаврга 21 жаштан, магистратурага 30 жаштан, ал эми докторантурага 35 жаштан ашпоо шарты менен.

Аталган стипендияга тапшырууда окуудагы жана социалдык жетишкендиктер каралат.

“ТҮРКИЯ УНИВЕРСИТЕТТЕРИНДЕ СТИПЕНДИЯ АЛЫП, АКЫСЫЗ ОКУЙ АЛАСЫҢ”

Мырзахит Мырзаев, “Түркия стипендиялары” программасынын бүтүрүүчүсү:

– Бул программа Түркия Республикасы тарабынан каржыланат. Ай сайын стипендия берет, жатакананын акчасын да ай сайын төлөп турат. Студент жатаканага же батирге жашаса болот. Андан сырткары медициналык камсыздандыруу жана студенттин Түркияга алгачкы келген жана окуусун аяктагандан кийин кетүү учак билети төлөнөт. Эки турдун жыйынтыгы менен студенттер тандалып алынат. 1-турда катталуудан өтүп, документтерди жиберет. Эгер студент кабыл алынса, 2-турда маектешүү болот. Андан өткөн болсо керектүү документтерди Түркия Республикасынын элчилиги аркылуу тастыктап, андан соң окууга кетет. Толук маалымат студенттин электрондук дарегине жиберилет. Шарттары аябай жакшы. Түркияда жалпы 200дөн ашуун университет болсо, аталган программага эң жакшы делген 60тай университет кирген. Инженердик факультетте окугандар лабораторияда иштеши керек. Ал үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

Орусия, Кытай же башка өлкө болсун, дегеле, чет жакта билим алуунун артыкчылыктары көп деп ойлойм. Себеби дүйнөнүн 4 бурчунан келген студенттер менен аралашып, тил үйрөнүп, маданияты менен таанышасың.

“ЧЕТ ЖАКТА ОКУУ ҮЧҮН АНГЛИС ТИЛИНДЕГИ TOEFL, IELTS СЫНАКТАРЫ ТАЛАП КЫЛЫНАТ”

Абдрахман Сулайманов, ОБСЕ академиясынын бүтүрүүчүсү:

– Өзүм Ноокат районунун Борбаш айылынан болом. Чет жакта билим алууну каалаган студент магистратурага 1-2-курстан тартып эле даярдана башташы керек. Ал эми бакалаврды чет жерде окуйм десе мектепте окуп жүргөндө баштоосу зарыл. Ал үчүн биринчи англис тилинин деңгээлин көрсөткөн TOEFL, IELTS деген сынактардын сертификаттары керек. Ал сертификаттар англис тилин билет деген тастыктама. Мисалы, Европа өлкөлөрүнө Германияга же Улуу Британияга окууга тапшырсаң, кабыл алчу университет англис тилин билериңе ишениши керек. Андан кийин кайсы кесипке тапшырарыңды так билишиң кажет.

Ар бир өнүккөн мамлекеттин стипендиялык программасы бар. Мисалы, Германиянын DAAD, Англиянын Chevening стипендиясы жана башка толтура программалар бар. Студент өзү изилдеп, издениши керек. Мүмкүнчүлүктөр көп. Чет жакта окууга тапшырууда жогоруда айтылган эл аралык сынактар, мотивациялык кат, сунуш кат дагы башка критерийлерге маани берилет.

Жогорудагы жана башка стипендиялык программалар октябрь айынан баштап документтерди онлайн түрдө кабыл алып баштайт. Кээ бир университеттер тандап алуу процессин эрте баштайт, кээ бирлери кечирээк. Көпчүлүгү январь айынан баштап апрелге чейин жүрөт.

ЧЕТ МАМЛЕКЕТКЕ БАРГАНДА ДҮЙНӨЛҮК АТААНДАШТЫККА ЧЫГАСЫҢ”

Жылдыз Арыстанбек кызы, "Венгрия стипендиялары" программасынын магистранты:

– Венгрия стипендияларынын Кыргызстанга келгенине 3-4 жылдай болду. Башында ушул стипендиянын аркасы менен байлардын, депутаттардын балдары эле барат деп Жогорку Кеңеште ызы-чуу болгон. Кийинчерээк тандоо ачык өтүп баштады. Бул программага башында 35 орун берилчү. 2019-жылы 75 орун, 2020-жылдан баштап 150дөй орун бөлүнө баштады. Анын ичинде бакалавр, магистратура жана PhD программалары кирет. Бул, эң биринчиден, Европага баруу мүмкүнчүлүгү. Баргандар Европадагы адамдардын ой жүгүртүүсү эмнеге башкача, эмне үчүн алар алдыда деген сыяктуу суроолорго жооп табышат, мыкты билим алат. Мисалы, магистратурага кайсы тармакты тандасаң, ошол тармактын мыкты адиси кылып чыгарат. Учурда маалыматтардын баары англис тилинде болгондуктан бул тилди жакшы өздөштүрө аласың. Европадан диплом алуу бир топ мүмкүнчүлүктөрдү ачып, көп мамлекеттерде жакшы каралат. Мисалы, жумушка кирип жатканда бааланат, башка өлкөлөргө чыгып, андан ары академиялык карьера кылганга чоң мүмкүнчүлүк түзөт. Андан тышкары Европанын өзүндө иштөөгө болот.

Биз Кыргызстанда өлкөнүн деңгээлиндеги конкуренция менен жүрө беребиз. Ал эми чет мамлекетке чыкканда дүйнөлүк атаандаштыкка чыгасың. Мисалы, менин тайпамдагы 25 студенттин 18-20сы ар башка мамлекеттен келген. Мексика, Украина, Македония, Кытай жана башка. Алардын ой жүгүртүүсү ар башка, жашоого болгон көз карашы, айткан идеялары ар түрдүү. Алар менен идея алмашасың. Мугалимдер күчтүү, заман талабына ылайык окутат.

Жумабай Акимов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 950, 18-24-февраль, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан