Садхгуру деген ат менен таанымал индиялык мистик жана йогин Жагги Васудев Жер шарынын түндүк жарым шарында жашагандар башын түндүккө каратып уктабашы керек, болбосо оору табышат дейт. Муну ал мындайча чечмелеп берет.
– Баарыңыздар билгендей, жер бетинин түндүк жана түштүк уюлу бар. Ал жакта магниттик уюлдар да бар. Түндүк жарым шардагы материктер түндүктөгү магниттик уюлдун, ал эми түштүк жарым шаардагы материктер түштүктөгү магниттик уюлдун таасирине карата ошол жакка тартылып турушат.
Эгер сиз анемия болсоңуз эмне жетпейт? Албетте, темир. Темир болсо кандын курамында болот. Эгер башыңызга чоң магнитти койсок, анда магниттин күчү жана кандагы темирдин арты менен кан башыңызга карай топтоло баштайт.
Эми жүрөккө келсек, ал канды насос сындуу ылдыйга жана ылдыйдан өйдөгө карай иштетип турат. Кан ылдый көздөй оңой жылат жана кан тамырлар жоонураак болот. Ал эми канды өйдөгө ташуучу кан тамырлар ичкерээк болот. Башта болсо ичке кан тамырлар көп, арасында чачтай ичкелери бар. Ашыкча бир тамчы кандан инсульт да күтүлүшү мүмкүн. Ушулардан улам айта турган сөз – сиз түндүк жарым шарда (Түндүк Америка, Евразия, Африканын жарымы) жашасаңыз жана уктаганда башыңызды түндүккө каратып жатсаңыз, анда түндүк магниттик уюлдун таасири менен материк жана аны менен кошо сиз да түндүккө карай тартыласыз. Демек, кан денеден башты көздөй акырындап тартылып, куюла баштайт. Ушундан улам уйкунун бузулушу, жаман түштөрдү көрүү, эртең менен баштын оорушу күтүлүшү мүмкүн. Эгер дамамат башты түндүккө каратып жатсаңыз, инсультка чалдыгуу коркунучу чыгат.
Түштүк Америкада, Африканын калган бөлүгүндө, Австарилияда жашагандар тескерисинче, баштарын түштүккө каратып уктабашы кажет. Себеби жогорудагыдай эле. Экватор сызыгынын тегерегинде жашагандар юла сымал тоголонуп уктай беришсе болот.
Башты каякты көздөй каратып жатуу эң туура? Эң жакшысы – чыгышты каратып уктоо. Эгер буга шарт болбосо анда батышка каратыңыз. Такыр эле арга болбосо түштүккө каратса болот.
Канымжан Усупбекова