Өмүрбек Израилов, актёр: “ДАРАК ЫРЫНА” ТАРТЫЛЫП ЖАТЫП БАШ МЭЭМ ЧАЙКАЛГАН”

Актёр, алып баруучу Өмүрбек Израиловду сиз Айбек Дайырбековдун “Дарак ыры” тарыхый мюзиклиндеги башкы каарман катары тааныйсыз. Мындан тышкары бул жигитти театрдан, клиптерден жана ар кандай иш-чаралардан алып баруучу катары көрүп жүрөсүз. Көп кырдуу жаш талант менен жакындан таанышып, кызыктырган суроолорду бердик.

– Өмүрбек, кандайсыз? Алгач өзүңүз тууралуу кенен маалымат алсак...

– Жакшы, рахмат. Мен 1995-жылы Талас облусуна караштуу Манас районунун Чоң-Капка айылында төрөлгөм. 4 бир туугандын кичүүсүмүн. Атабыз мен кичинекей кезимде эле каза болгон. Апам бизди жалгыз тарбиялап чоңойтту.

Айылда 9-класска чейин окуп, андан кийин Кыргыз драма театрынын алдындагы театралдык окуу жайда 4 жыл билим алдым. Андан кийин ошол театрда актёр болуп эмгектендим. Аны менен кошо Искусство университетинин режиссура бөлүмүн сырттан окуп бүтүрдүм. Учурда театрда иштейм, театралдык окуу жайда Эркин Эгембердиев, Арнис Кыдырмышев агайлардын ассистенти болуп иштеп, студенттерге сабак берем. Тасмаларга тартылам, алып баруучулук кылам жана башка.

– Жакшы. Атам эрте өткөн деп калдыңыз...

– Анда мен 1-класста окусам керек. 1995-жылдары ачарчылык каптап, кыйын кырдаал болгон деп аталарыбыз айтып жүрүшөт го. Биздин атабыз ошол маалда Казакстанда, чет өлкөлөрдө иштеп жүрүп, аны көп көрбөй калдым. Чындыгында, азыр атамды элестете албайм. Эмнеден улам каза болгонун билбейм. Агайым Марат Козукеев каза болгондон кийин атамда деле тромб болсо керек деген ой келди. Анткени 49 жаш күүлүү-күчтүү курак да.

– Атаңыздын бейишин берсин. Апаңыз тууралуу сөз кылбасак болбос...

– Апам алтын адам, апам менин бейишим. Ал киши 65ке чыкты. Мени 40 жашында төрөгөн. Азыр төрүбүздүн көркү болуп балпайып жүрөт. Азыр да жумуш кылгандан тажабайт. Ушунчалык эмгекчил, ушунчалык ак көңүл, эркек мүнөз адам. Бизди жалгыз тарбиялаганы үчүн эркек мүнөз болуп калдыбы деп ойлойм. Учурда апам айылда байкемдин колунда, 5 небересин кучактап отурат.

– Жакшы. Көбүнчө чыгармачылык кандан өтөт дешет. Сизге кимден өткөн?

– Апам ырдап калат. Таякемдер ыр-күүгө жакын адамдар. Балким, ошолордон өткөндүр.

– Өз каалооңуз менен эле ушул чөйрөгө келгенсизби?

– 9-классты аяктагандан кийин шаарга ырчы болом деп келгем. Театр дегенди билчү эмесмин. Ырчы болом деп филармонияга барсак, кабыл алуу бүтүп калыптыр. Бир байке “театралдык окуу жайда окуп турбайбы, кийин ырчы болуп кетет” деп кеңеш берген. Ал эми үйдөгүлөр медицина тармагында окушумду каалашкан. Театралдык окуу жайга өтпөсөм, айылга барып, 10-11-классты окумакмын. Кудай жалгап, актёрлукка өтүп кеттим. Окуп жүрүп актёрлук кесипке сүйүүм ойгонду. Улуу актёр Марат Козукеев, Арнис Кыдырмышев, Назым Мендебаиров, Жаркын Балыкбаева эже-агайларым жол көрсөтүп, элге кызматыбыз кандай болорун түшүндүргөндөн кийин жүрөгүмө жакын болуп, театрдан такыр кете албай калдым.

– Кинодогу алгачкы ролуңуз кайсы болду?

– 3-курсумда Мурат Мамбетов агай “Чак түштө түшкөн чагылган” деген сериал тартып, мага роль берген. Ошол менин кинодогу алгачкы кадамым болду. Дисктен коюп алып, улам кайталап көрүп, улам токтотуп, “ушул менмин” деп жакындарыма көрсөтүп толкундангам. Өзүмдүн ойногонум жаккан. Бирок бир кемчилигимди байкап калгам. Ал кезде корей сериалдары мода болуп, чач жасалгам ошол жигиттердикине окшош узун болчу. Тасмада солдаттын образын жараткам. Ошондо чачымды алып койбой деп дагы эле өкүнөм. Бул боюнча көп эскертүү алгам.

– Үй-бүлөңүз да сиздей эле кубанышса керек...

– Ооба, биринчи күйөрманым апам болгон. Ошондон кийин “медицинага барбай эле кой, актёр бол” деп калган.

– Тасмадагы алгачкы башкы роль “Дарак ыры” тасмасында болду окшойт?

– Ооба, кастингге барып өтүп кетип, башкы ролду жаратып калдым.

– Тасмада жардан кулаган, камчы менен таяк жеген, мушташкан жерлериңиз бар. Бул кадрлар кандай тартылды? Кайсы учурду каскадёрлор аткарып беришти? Жаракат алган жоксузбу?

– Каскадёрлор жардан кулаган, аттан кулаган жерин аткарып беришти. Калганын өзүм аткардым. Бегимай экөөбүз ат чаап качып баратканда Өгүздүн ролун аткарган Жылдызбек Касеинов артыбыздан кууп келип, экөөбүз күрөшкөн жерибиз бар эмеспи. Ошол кадрды тартыш үчүн 30-40 жолу куладым окшойт. Анткени ар кандай планда тартыш керек да. Бир жолу жерге чапканда башым менен кырдуу ташка куладым. Анда да тартууну токтотпой, аягына чыгып коюп, баары бүткөндөн кийин кечинде ооруканага бардым. Көрсө, баш мээм чайкалыптыр. Ооруканага жатып дарыланууга убакыт болгон жок. Эртеси кайра тартуу талаасына чыгууга туура келди.

– Камчы менен чапкан жериндечи?

– Ошол жерин тартууда мага коргоочу костюм кийгизишти. Ал пластмассадан жасалыптыр. Кийсем, ийиним көтөрүлүп, моюнум жок болуп калат экен. Жашмын да, “сулуу болбой жатам” деп кыйын болуп аны кийбей койгом. Жылдызбек Касеиновго “сабай бериңиз, мен сезишим керек” деп коём. Ал аярлап чаап жатты. Бирок образга кирип кетип тирешкенде катуу соккулар болуп кетти. Кечинде карасам, далым көк ала, кызыл ала болуп тилинип, сыйрылып кетиптир. Өзүм жалаң көйнөкчөн болчумун.

– Актёр болуш үчүн баарына чыдаш керек экен да. Бул тасмада кемчилигиңизди көрө алдыңызбы?

– Жанагы эле кемчиликти көрүп жатпаймынбы. Чачым жок болушу керек болгон жерден чачым көрүнүп калган. Чачым жасалгаланган болчу. “Ал убакта кайдагы чач жасалга?” деген сындар айтылды. Бул деталды режиссёрлор да, биз да байкабай калыптырбыз.

– Тасма бир катар эл аралык фестивалдарга катышып бир топ жеңишке жетишти. Бул тасмадан кийин сиз да сыйлыкка ээ болдуңуз окшойт?

– Ооба, Маданият министрлиги “Кыргыз киносунун отличниги” деген сыйлык тапшырды.

– Кесибиңиз боюнча режиссёр экенсиз. Тасма тартуу планыңыз барбы?

– Азырынча андай планым жок. “Таң алдында” сериалында режиссёрдун ассистенти катары иштедим. Өзүм театр режиссёру болгондуктан, кинону жакшы билбейм. Ошондуктан азырынча ушинтип аралашып тажрыйба топтоп жатам. Келечекте, албетте, жакшы тасма тартуу кыялым бар.

– Ошондо ырчы болуу кыялыңыздан кайттыңызбы?

– Жок. Азыр досторум “ыр жазып берели, клип тартып берели” деп көп айтышат. Продюсерлерден “чогуу иштешели” деген сунуштар түшөт. Бирок мен ырчылыкка кетип калсам актёрлук кесибим, театр калып калабы деп коркуп жатам. Сунуштагандар “театр калбайт, чогуу алып кетебиз” дешсе, сөз жок ал кадамга барам.

– Азыр театрга караганда киного болгон талап күчтүү болсо керек?

– Ооба. Бизде жакшы кинолор тартылса деп кыялданам. Бизде кыйын актёрлор көп. Алтын доор учурунда тартылган “Бакайдын жайыты”, “Уркуя”, “Очкарик”, “Ак кеме”, “Кыямат” сыяктуу тасмалар азыр эмнеге тартылбайт? Эмнеге Голливуд кинолорун көрүшүбүз керек? Голливудда тартылган эч бир фильмди кыргыз кереметтерине теңебейм. Кыргыз кереметтери тартылган учурда бир эпизод тартып алып, плёнканы көтөрүп Москвага барып, текшеришчү экен. Көрүп, ошол кадр окшошконуна ынанып, анан кийинки эпизодго өтүшчү. Техника жокто ошондой шедеврлерди тарткан, ойногон актёрлорду эмнеге баалабайбыз да, жашыл фондо туруп ойногон Голливуд актёрлорун баалайбыз?

– Туура. Акыркы суроом жеке жашооңуз тууралуу болсун...

– Сүйлөшкөн кызым бар. Быйыл күзүндө баш кошолу деп пландап жатабыз. Буюрса, тойго чакырам.

– Сонун жаңылык экен. Бактылуу болуңуздар, чакыруу күтөбүз.

Перизат Музуратбекова

 Кыстарылган видео 
“Дарак ырына” тартылып жатып баш мээм чайкалган”
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Mubarak
2021-02-28 10:23:36
Мыкты актер ону дагы ролуна туура келген
0
№ 950, 18-24-февраль, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан