ЖАЗ КЕЛАТАТ, ЖАЗ...

Жаздын биринчи айы жакындап келет. Аба ырайы да жылуу болуп, жаздын деми сезиле баштады. Жаз мезгилине көңүлдөгүдөй сергек кирип барууну каалайсызбы? Сизге бир нече пайдалуу кеңеш.

КЕРЕКТҮҮ ВИТАМИНДЕРДИ АЛЫҢЫЗ

Эрте жазда суук аба ырайынан кийин организм өтө алсырап, сырткы көрүнүшүбүзгө таасирин тийгизет. Мисалы, чач күңүрт тартып, морт болот, тери түлөп, көрүнүшү жакшы болбойт. Иммунитет да төмөндөп, жадакалса маанайыбыз да өзгөрмөлүү болуп калат. Мунун себеби – организмдеги зат алмашууну жана анын туура иштешин камсыз кылган керектүү витаминдердин жетишсиздиги. А, В, С, D жана Е топторундагы витаминдерге басым жасоо керек.

ОРГАНИЗМДИ ТАЗАЛАҢЫЗ

Эгер башыңыз ооруп жатса, тамакты сиңирүү бузулса, чарчоо, аллергия коштоп жүрсө, ойлонуп көрүңүз. Мунун себеби кышкы сезондон кийин организмде токсиндер топтолуп калгандан болушу мүмкүн. Организмди жазга карата тазалоонун бир нече ыкмасын, ылайыктуусун карап көрүңүз. Бул сизге ашказандын, өттүн, бөйрөктүн иштешин жакшыртууга, авитаминоздон сактанууга, иммунитетти бекемдөөгө жардам берет.

СПОРТКО ЖАКЫНДАҢЫЗ

Активдүү жашоо образы үчүн спортту биринчи айта салабыз. Бирок кылбайбыз. Суукта эринип жүргөн болсоңуз, учуру келди. Эртең эле жай келет, көлгө да даярданыш керек эмеспи.

Дароо эле оорунан баштабай, таза абада көбүрөөк сейилдеп басуудан, эртең менен чуркоо, велосипед тебүүдөн баштасаңыз болот. Баштап алсаңыз эле, калганын жөнгө салып кетесиз.

ГАРДЕРОБДУ ИРЕТТЕҢИЗ

Жаз келери менен көпчүлүк аялзаты өзгөрүүнү каалап калат эмеспи. Эгерде сизде ушундай маанай пайда болсо, гардеробдон баштаңыз. Кышкы кийимдерди жыйнап, жазгы гардеробго орун бошотуңуз. Кааласаңыз стилиңизди жаңыртсаңыз болот.

Өзүңүзгө жагымдуу маанай тартуулаңыз

Жогорку төрт пунктка киришкен болсоңуз, демек, бир топ жылыш бар. Бардык нерсенин терс жагын көрүп наалыбаңыз. Билип коюңуз, маанайыңыз сиздин сулуулукка чоң таасирин тийгизет. Өзүңүзгө жагымдуу эс алуу тартуулаганды унутпаңыз. Баары жакшы болот.

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 950, 18-24-февраль, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан