АЯЛДАН ЭРКЕК КЕМ БЕКЕН?! МЫРЗАЛАР ДА ЖАСАЛМА СУЛУУЛУККА ЫКТООДО

Заман агымына жараша Кыргызстанда пластикалык операция жасаткан эркектердин саны өсүп жатат дешет адистер. Адатта көзүнө сурма жасатып, эринин же көкүрөгүн чоңойткон айымдар тууралуу угабыз. А эркектерчи, алар пластикалык операцияга эмне үчүн кайрылышат? Ушул жаатта адистерден маалымат алдык.

АБДОМИНОПЛАСТИКА

Абдоминопластиканын 2 түрү бар:

1) Курсактагы май баскан ашыкча терини майы менен кошо кесип алып салуу. Мындай ыкманы ичи салаңдап калгандар тандашат.

2) Арыктаганда шалбырап калган терини кесип алып салуу.

Эки түрүндө тең операцияга 3-4 саат кетет. Жалпы наркоз менен жасалат. Өзгөчө даярдык керек, анткени кан кетиши мүмкүн.

ОТОПЛАСТИКА

Биринчи түрү – делдең кулактын формасын кичирейтүү, артты көздөй жапыруу.

Кулактын формасына жараша операцияга 1-1,5 саат кетет. Кулак өмүр бою өсчү орган. Андыктан адамдын жашы канчалык улуу болсо, кулагы да ошончолук чоң болот.

Экинчи түрү – кулактын көнчөгүндөгү сөйкө салынган тешиги чоңоюп кеткенде же жырылайын деп калганда жамашат. Бул аялдарга жасалат. Бирок чанда болсо да чет өлкөдө сырга тагынчу кээ бир эркектер бул операцияга кайрылып калышат.

БЕТКЕ ЛИФТИНГ ОПЕРАЦИЯ

Бет толугу менен же жарым- жартылай (беттин ылдый жагы) тартылат. Тамеки чеккендердин бетине бат бырыш түшөт, андыктан өтө аз болсо да бетин тарттырам деген кыргыз жигиттери жолугат. Мисалы, өз жашынан улуу көрүнгүсү келбейт же элге жагымдуу көрүнүүнү каалайт.

Тегерете тартууга 3,5-4 саат, жарым-жартылай тартууга 2,5-3 саат кетет. Жалпы наркоз же керектүү жерге сайылуучу оорутууну сездирбөөчү укол сайылып жасалат.

ТЫРЫКТАРДАН АРЫЛУУ

Операцияга жол кырсыгына кабылып денесинде тырык калгандар, жыгылгандан, же кулагандан, же башка себептен улам тырык алгандар келет. Эски тырык кесилип, орду тигилет. Ал жерде билинер-билинбес тигиштин орду калат. 4-6 айдан кийин тигиш жумшарып, агарып, билинбей калат. Тырык каерде жайгашканына жана канчалык терең экенине карата операция 20 мүнөткө же бир сааттан ашыкка созулушу мүмкүн. Оорутууну сездирбөөчү укол колдонулат.

ЭМЧЕКТИ КИЧИРЕЙТҮҮ

Бул операцияны жасатууга 2 себеп болот:

Биринчиси – толуп кетүү, экинчиси – организмдеги гормоналдык баланстын бузулушу. Ушулардан улам эркектин эмчеги чоңоюп кетет. Операцияда эмчегинин да, үрпүнүн да көлөмү кичирейтилет. Кызыгы, эркектердин эмчеги чоңойгондо үрпү да чоңоюп кетет.

Оорутууну сездирбөөчү укол сайылып жасалчу операция 1-1,5 саатка созулат.

РИНОПЛАСТИКА

Мурундун формасын же сырткы бөлүгүнүн көлөмүн өзгөртүү. Мурду кайсы бир себептерден улам сынып, кыйшык бүтүп калгандар, мурду узун жана учтугуй болгондор жасатышат. Мурундагы дөмпөктү (горбинка) алдыруу же бели жок мурдуна силикон койдуруу үчүн жасаткан эркектер өтө аз кездешет. Операцияны отолоринголия жаатында да билими бар пластикалык хирургдар жасашат. Операция түрүнө жараша 2 же андан ашык саатка созулушу мүмкүн. Жалпы наркоз менен жасалат.

МЕНТОПЛАСТИКА ЖЕ ЭЭКТИН ФОРМАСЫН ӨЗГӨРТҮҮ

Кыргызстанда кумир туткан ырчысы, футболчусу же саясатчысына окшош болгусу келип ээгинин формасын оңдоткусу келген жаштар бар. Бирок Корея, Японияда кеңири жайылган.

Мындай операцияда ээкке адамдын өзүнүн денесинен сөөк алынып, салынат. Адатта сөөк кабыргадан же күң жиликтен алынат. Мындай реконструктивдүү операцияны жасоого 4-5 саат кетет.

“КОЛТУКТУН БЕЗДЕРИН АЛДЫРГАНДАРДЫН 50 ПАЙЫЗЫ ЭРКЕКТЕР”

Пластикалык хирург Жалил Акунов блефаропластика жана колтуктун тер бездерин алдыруу жаатындагы операциялар тууралуу маалымат берди.

БЛЕФАРОПЛАСТИКА

Мунун 2 түрү бар: Биринчиси – жаш куракка байланыштуу көздүн үстүнкү же астынкы, же экөөнүн тең ашыкча терисин алдыруу. Тери көздү тосуп, адамга бир нерсени толук кароого жолтоо болот. Операцияны көбүнчө 50 жаштан жогоркулар жасатышат. Кийинки убакта мындай операцияны жасаткан эркектердин саны өсүп жатат. Бул да болсо пластикалык операциянын бул түрү тууралуу эркектер интернеттен, элден маалыматка ээ болуп, сулуулук үчүн эмес, зарылчылык үчүн керек экендигин билип жатышкандыгы.

Көздү өтө бакырайтпай, сурманын мурунку табигый формасындагыдай жасоо керектелет. Операцияга 1-1,5 саат убакыт кетет.

Кээ бир адамдардын териси жука, кээ бириники калың, айрымдардын сурмасынын алдында май болот. Операциянын узактыгы айтылгандарга жараша болот. Мисалы, сурма алдында май болсо, операция узагыраак созулат.

Экинчи түрү – сурма чыгаруу. Муну 30-35 жаштын тегерегиндеги жигиттер жасатышат. “Көзүм бүтүгүй, ошондуктан чоңураак болушун каалайм” дешет.

КОЛТУКТУН ТЕР БЕЗДЕРИН АЛДЫРУУ

Колоңсосу барларга, өтө терчилдерге эң керектүү операция түрү. Бизге келген кардарлардын 50 пайызын эркектер түзөт. Операция 1-1,5 саатка созулат. Оорутууну сездирбөөчү укол сайылып жасалат. Колтуктун алдындагы тер бездер алынып салынат. Колтук бир эле кезде түктөн, тер бездеринен да арылат. Тер бездерди алып салуу организмдеги жалпы лимфа системинин иштешине эч кандай таасирин тийгизбейт.

Кыргызстанда пластикалык операциялар жасалчу медициналык мекемелер бааларын операциянын түрүнө жараша коюшат. Башкача айтканда, эң оңой деген операция 200 доллар турат. Бирок баалар Орусия жана Казакстанга салыштырмалуу арзан. Операция жасатам дегендер алгач керектүү текшерүүлөрдөн өтүшөт.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 950, 18-24-февраль, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан