ДҮЙНӨДӨГҮ ӨЗГӨЧӨ АЙКЕЛДЕР

Жер планетасындагы эң байыркы айкел “Сфинкс” айкели. Бул Мисир (Египет) өлкөсүндө пирамидалардын жанында жайгашкан жарымы арстан, жарымы адам келбетине окшогон эстелик. Ал эми биринчи толук мемориалдык гана функциясы бар айкелдер Байыркы Римде пайда болгон. Бул макалабызда дүйнөдөгү өзгөчө эстеликтер туурасында сөз кылабыз.

ЧИЛИДЕГИ “ЧӨЛДҮН КОЛУ”

Дүйнөдөгү уникалдуу айкелдердин бири – Чилинин белгилүү Атакама чөлүндө жайгашкан “Чөлдүн колу”. Аталган эстеликтин автору – чилилик скульптор Марио Ирраразабал. Бул эстелик адаттан тыш өзүнүн чоңдугу менен көзгө урунуп, көңүлдү бурат. Колдун бийиктиги 11 метрди түзөт. Айкел аябай таасирдүү көрүнүп, чөлдүн сансыз кумуна көмүлгөн алптын колун элестетет. Эстелик символикалык мааниге ээ. Айкел адамдын сол алаканын билдирет, Алакандын болжол менен төрттөн үч бөлүгү кумдан көтөрүлүп турат. Автор бул эмгегинде адамдагы адилетсиздик, жалгыздык, кайгы-капа, азапты, ошондой эле байкаларлык деңгээлде адамдын жаратылыш алдында алсыз экендигин жана ошол бойдон кала берерин айткысы келген. Эстеликтин жайгашкан жери да символикалык мааниге ээ. Атакама – дүйнөдөгү эң ысык жана эң катаал климаттык шартта жайгашкан чөлдөрдүн бири.

Айкел 1992-жылы “Corporateacion Pro Antofagasta” фондунун колдоосу менен тургузулган. Темир бетондон жасалган эстелик өзүн курчап турган чөлдүү ландшафт менен айкалышып турат. Чөл ысык болгонуна карабастан, айкелди көрүү үчүн күн сайын туристтер келип турушат.

ЖЕНЕВАДАГЫ “СЫНГАН ОТУРГУЧ”

Бул Швейцариянын Женева шаарындагы монументалдык эстелик. 4 буттуу жыгач отургучтун бийиктиги 12 метр. Аны жасоого жалпы 5,5 тонна жыгач жумшалган. Эмгектин авторлору – скульптор Даниэль Берсе жана жыгач уста Луи Женев. Айкел 2004-жылга чейин автордун менчиги болгон, андан кийин Майыптардын эл аралык ассоциациясына тапшырылган.

Буту сынган жыгач отургуч таң калычтуу жана терең метафоралык эстелик болуп саналат. Бул Эл аралык майыптар ассоциациясынын Швейцариядагы филиалынын жөө аскерлерге каршы миналарды жана кластердик бомбаларды колдонууга каршы чыгууну символдоштурган долбоору. Бул аёосуз куралдарды колдонууну, жарылууларды токтотуунун символу. Анын сынган буту миналар жана кластердик бомбалар алып келген коркунучту чагылдырат. Бул куралдардын айынан көп карапайым адамдар, жаш балдар майып болот.

Долбоордун максаты – мамлекеттерди адамгерчиликке жатпаган куралга тыюу салууга жана жабыр тарткандарды дарылоо, аларга жардам берүүгө үндөө .

Сынган отургуч 1997-жылы август айында БУУнун Европадагы башкы кеңсесинин алдына орнотулган. Шарт боюнча Оттава келишимине кол коюлуп, кластердик куралдарга тыюу салынганга чейин турушу керек болгон. Бирок келишимге кол коюу бир нече жолу жылдырылып, айкел 2005-жылга чейин башка жерде сакталган. Отургуч кийинчерээк оңдоп-түзөөдөн өтүп, 2007-жылы, Ослодо кластердик куралдарга тыюу салууга кол коюлган соң кайрадан мурунку ордуна орнотулган.

ПРАГАДАГЫ “ФРАНЦ КАФКАНЫН БАШЫ”

Чехиянын борбор калаасы Прагада 20-кылымдын эң татаал жазуучусу, модернизм агымынын баштоочусу Франц Кафканын башынын айкели орнотулган. Айкелдин автору – Давид Черни. Ал өзүнүн элди дүрбөлөңгө салган фантазиясы, стандарттуу эмес ой жүгүртүүсү жана укмуштуу чеберчилиги менен айырмаланган чыгармалары менен белгилүү.

Алп баш түрүндөгү эстелик 2014-жылы жасалып бүткөн. Ал дат баспас болоттон жасалып, бийиктиги 10,6 метр, салмагы 45 тоннаны түзөт. Ал ар кандай багытта айланган 42 дисктен (панель) турат. Дисктер бир нече секунд ичинде Франц Кафканын портретине айланып, андан кийин аны жашырып, күзгүгө айланып кетет. Бири-биринен көз карандысыз формадагы болоттон жасалган дисктер мүнөтүнө 6 жолу айланат. Эстеликтин ичинде 21 кыймылдаткыч модулу жана 1 чакырым кабель бар. Түнкүсүн айкел көп түстүү жарык менен жарыктандырылат. Ал эми суук мезгилде үстү жабылат.

Бул Давид Чернинин алгачкы эмгеги эмес. Анын АКШнын түндүк Каролина штатындагы Шарлотт шаарында 2007-жылы орнотулган “Метаморфоздор” айкели ушул эле принципте иштейт.

Кантсе да бул чыгармачылыктын табияты жөнүндө адистердин талаш-тартыштары дагы деле болсо уланууда. Кафканын чыгармаларына сиңип калган абсурд, үмүтсүздүк жана коркуу сезимин чечмелөө кыйын. Бул жазуучунун эң популярдуу окуяларынын бири, ал бир адамдын чоң жийиркеничтүү коңузга кантип айлангандыгы жөнүндөгү “Кубулуу” повестиндеги окуяга негизделген. Жалпысынан алганда, Давид Черни так эмнени ойлогону белгисиз болсо да, Кафканын башынын бир формадан экинчи түргө өтүшү, анын укмуштуу акылын, ой-чабытын чагылдырат десек туура болот.

Жумабай Акимов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Bekbolot008
2021-02-28 14:20:07
Укмуш баш тууралу эстелик тим эле укмуш экен.
0
№ 950, 18-24-февраль, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан