Эки аптадан бери Баткен аймагы коомчулуктун көңүл борборунда турат. Чек ара чатагы тыйылбаган, тургундарынын уйкусу тынч болбой жаткан облуста учурда кырдаал кандай? Аймактагы соңку чуулгандуу окуялар, анда жабыркагандар тууралуу жергиликтүү жашоочулар айтып беришти.
“2013-ЖЫЛДАН БЕРИ КӨК-ТАШТА ЖАҢЖАЛ ТОКТОБОЙ КЕЛЕТ”
Разия Өсөрова, Көк-Таш айылынын башчысы:
– 12-февраль күнү кечке жуук Көк-Таш айылынын кире беришиндеги Чек-Дөбө тилкесинде жолдун боюна тажик тарап көчөт тигип баштады. Алар жолго чейин жетип келгенге аракет кылып жатышат. Ал жерден Ош-Исфана трассасы өтөт. Ал көчөттөрдү айылдын тургундары чыгып жулуп салдык. Ага болбой алар кайра көчөт отургузушту. Кыскасын айтканда, көчөт тигип, биздин жерге ээлик кылып алгылары келип жатышат. Жаз келип талаа иштери башталары менен ушул сыяктуу чыр-чатактар көбөйүп, талаш күчөйт.
Көчөт тиккен жерди такталбаган жер деп да жүрүшөт. Эч кандай такталбаган жер эмес, биздин жер. Мурун тажик тарап улам мал сарай салып, жылып келе беришкен. 1957-1958-жылдардагы түшүрүлгөн картада Кыргызстандын жери катары көрсөтүлгөн. Мен 50 жылдан ашуун айылдагы окуяларга күбөмүн. Бул маселе 1989-жылдан бери чечилбей келет. Мурда чыр чыкканда таш ыргытышат элек, азыр ок атышууга чейин жетип жатат. 2013-жылдан бери жаңжал токтобойт. 2019-жылы Көк-Таштын өзүндө эле 3 жолу ок атышуу окуясы катталды. Көк-Таштагы чек ара маселесинин чечилиши кыйыныраак. Бул көйгөйдү жер алмашуу жолу аркылуу жана эки өлкөнүн президенттеринин келишими менен гана чечпесе, чечилиши кыйын. Болбосо бул чыр-чатак токтобойт, эч ким “токтойт” деп кепилдик да бере албайт. Башка чек ара тилкелерин зым менен тосуп же башка жолдор аркылуу чечсе болот. Биздин айылдыкы кыйын. Кыргыз менен тажиктин үйлөрү аралаш жайгашкан. Ошон үчүн жер, суу талашып отурабыз.
“ТАЖИК ЖАРАНДАРЫ БИЗДИН КОЙЛОРДУ АЙДАП КИРИП КЕТИШТИ”
Эсен Мажитов, Көк-Таш айылынын тургуну:
– Мен чек арага жакын жашайм. Былтыркы чыр-чатак учурунда тажиктер тарабынан үйүм өрттөлгөн. Көчөт отургузуу чыры боюнча айтсам, Баткен шаары тараптан келе жатканда Көк-Таш айылынын кире беришине жана анын Кум-Мазар деген жерине тажик жарандары көчөт тигишкен. Аны биздикилер жулуп салып кеткен соң эртеси дагы көчөт тигип башташты. Биздикилер кайра жулушкан. Көчөт тигүү ошол менен токтогон. Учурда ошол Чек-Дөбөдөгү Кум-Мазар деген жерди тажик тарап талашып жатат.
Андан тышкары 19-февраль күнү менин 9-класста окуган балам менен кошунабыздын баласы экөө 20дан ашык койду өзүбүздүн аймакта кайтарып жүрсө Тажик жарандары келип, коркутуп-үркүтүп, айдап кетишиптир. Балдар мага чуркап келишти. Мен дароо эле өзүбүздүн жергиликтүү аскер кызматкерлерине жана айыл башчыбызга чалдым. Алар келип, сүйлөшүп жатып араң койлорду чыгартып беришти. Азыр малды көп узакка айдабай, өзүбүздүн айдоо талаабызда эле багып жатабыз. Кандай болгон күндө да мен үчүн чек арада жашаган кооптуу. Өзүбүздүн аскер кызматкерлерге рахмат айтам. Чек араны кайтарып, коргоп турушат. Күндө келип, абалыбызды сурап, кабар алышат.
Камчыбек Ташиев: “БАРДЫК ЧАРАЛАРДЫ КӨРӨБҮЗ”
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 18-февралда Германиядагы дарылануусунан Бишкекке учуп келери менен Баткенге барып, Ак-Сай, Көк-Таш айылдарынын эли менен жолугушту. Ал өз сөзүндө чек араны “биргеликте чечишибиз керек” деп билдирди.
– Кантип эле мамлекеттин башында турган адамдар бир метр жерибизди берип коёлу? Кантип эле элге каршы келген чечимдерге кол коюп калалы? Силердин кыжалат болуп жатканыңарды токтотуп келейин деп келдим. "Чек араны чечебиз деп таштап койду" деп айтылып жатат. Андай эмес, бийликти биз утуп алып келген жокпуз, аны силер бердиңер. Силер кыжалат болбогула, Садыр Нургожоевич экөөбүз сүйлөшүп, бул маселени чечкенбиз. Ошондуктан ал киши мага дайындаган. Чек ара тезинен чече коюучу маселе эмес экен. Ал үчүн силер да жардам бергиле. Бири-бирибизге басым көрсөтпөйлү.
Бул маселе, буюрса, чечилет, сабырдуу болуп чечебиз. Жаштар, кызуу кандуулукка алдырбагыла. Көп нерселер айтылбайт. Алар айтылса, анда мамлекеттик сыр болбой калат. Биз бардык чараларга барабыз,- деди жолугушууда Ташиев.
УКМК төрагасы маселени чечүүнүн айрым жолдорун да айтып өттү. Ошондой эле кээ бир жерлерди алуу үчүн айрым жер тилкелери кошуналарга берилиши мүмкүндүгүн да эскертти. Баткендеги чек ара маселеси курч болгондуктан, облуска генерал Суваналиевдин жетекчи болуп дайындалышын да баса белгиледи.
ЭЛ МИТИНГГЕ ЧЫКТЫ
16-февралда Баткендин 5 тургуну Тажикстандын укук коргоо органдары тарабынан кармалганы тууралуу маалымат тарады. Жергиликтүү бийликтин расмий маалыматына таянсак, алар жол таппай адашып калып, мыйзамдуу өткөрмө чек ара бекетинен өтпөгөндүктөн, Тажикстандын атайын кызматы тарабынан кармалышкан. Алар Кадамжай районунун 2 жана Баткен районунун 3 тургуну. Лейлек районундагы Жаңы-Жер айыл аймагы аркылуу Тажикстандын мал базарына барып, Согди облусунун Кистакуз деген жеринен кармалган.
22-февралда кармалган жарандардын жакындары митингге чыгышты.
ТАЖИК ТАРАП 300 МИҢ СОМ АЙЫП ПУЛ САЛГАНЫ АЙТЫЛДЫ”
Мирлан Садыкжан уулу, Баткен шаарынын тургуну:
– Мен Баткен шаарынын тургунумун. 22-февраль күнү митингде болдум. Баткен шаарынын администрациясынын алдына Тажикстанда кармалган Баткен жана Кадамжай райондорунун тургундары болгон 5 жаранды чыгарып берүүнү облус башчысынан суранышты. Митингге жалпы 150гө жакын адам келди. Ал жерде Тажик тарап кармалгандарга 300 миң сом айып пул салып жатканы айтылды. Бирок кармалган жарандардын жакындары, “андай акчаны төлөөгө күчүбүз, мүмкүнчүлүгүбүз жетпейт” дешти. Акциянын катышуучуларын облустун губернатору кабыл алып, сүйлөшүү болду. Жергиликтүү бийлик “аларды Кыргызстанга кайтарууга аракет кылабыз” деп, облустун атайын өкүлдөрүнүн жана кармалган жарандардын ата-энесинин Тажикстанга барып, балдарынан кабар алып келүүсүнө шарт түзүлөрүн айтты. Бүгүнкү күндө Баткен шаарында абал тынч.
Жумабай Акимов