“ТАГДЫРДЫН ТАМАШАСЫ” ТАСМАСЫНЫН ЖЫЛДЫЗЫ ӨЧТҮ

“Тагдырдын тамашасы же жеңил парыңыз менен” тасмасысыз Жаңы жыл тосууну элестетүү кыйын. Ушул жана “Кызматтагы махабат”, “Гараж”, “Бир тууган Карамазовдор” жана башка бир топ тасмалардын башкы каарманы, советтик жана орусиялык актёр Андрей Мягков 18-февраль күнү 82 жашында жүрөк оорусунан улам каза тапты.

КОКУСТАН БАЙКАП КАЛЫП, ТЕАТРГА АЛЫП КЕЛИШКЕН...

Андрей Мягков 1938-жылы 8-июлда Ленинградда интеллигент үй-бүлөдө төрөлгөн. Атасы педагог, техника илимдеринин кандидаты, апасы инженер-механик болгон. Болочоктогу жылдыз мектепти бүткөндөн кийин атасынын каалоосу менен Ленинграддагы химия-технологиялык институтка тапшырып, аны аяктаган соң пластмасса институтуна жумушка кирген. Ал жакта эмгек жамаат чыгармачыл болгон, байма-бай спектаклдерди коюп турган. Ошондой спектаклдердин биринде Мягковду Москва көркөм театрынын мектеп-студиясында иштеген педагог байкап калып, ага актёрлук факультетке тапшырууну сунуштаган. Мягков сынактан оңой эле өткөн. Окуусун аяктагандан кийин аны “Современник” театрына кубануу менен алышкан. Ал жактан жаш актёр сахнага дароо эле башкы ролдо чыккан. Ал Фёдор Достоевскийдин “Байкенин түшү” (“Дядюшкин сон”) пьесасында ойногон. Көрүүчүлөрдүн арасында режиссёр Элем Климов отурган. Ага Мягковдун ойногону жагып, ошол жерден актёрго “Тиш доктурдун окуялары” тасмасындагы Сергей Чесноковдун ролун сунуштайт. Ошентип Мягков бир учурда театр менен кошо кинодо дебют жасаган. Бирок кинодогу алгачкы ролдору актёрго атактуулук алып келген эмес. 1977-жылы “Тагдырдын тамашасы же жеңил парыңыз менен” тасмасы Советтер Союзу боюнча популярдуу болуп, Мягковду Москва көркөм академиялык театрына чакырышкан. Театрда мыкты образдарды жаратып, сыйлыктарга татыган. Бул театрда ал режиссёр болуп да иштеген.

ТАСМА БРЕЖНЕВГЕ ЖАГЫП, КӨРСӨТҮҮГӨ УРУКСАТ БЕРГЕН

1974-жылы режиссёр Эльдар Рязанов Жаңы жылда адашып Ленинградга барып калып, сүйүүсүнө жолуккан хирург тууралуу комедия тартууну ойлонот. “Жеңил парыңыз менен” пьесасын режиссёр сценарист Эмиль Брагинский менен чогуу 1968-жылы эле жазып койгон. Көпчүлүк айылдарда ал пьеса аншлаг менен коюлган. “Мосфильмге” сунушташканда “сценарий өтө жөнөкөй” деп албай коюшкан. Анткен менен мамлекеттик телерадио кабыл алган. Башында Женя Лукашиндин образына Рязанов актёрлор Олег Даль, Андрей Миронов, Станислав Любшин жана Пётр Вельяминовду тартып көргөн. Бирок бирөөнү да бул образга жараштыра алган эмес. Режиссёр эмне кыларын билбей калганда анын ассистенти Мягковду сунуштап калат. Рязанов Мягковдон күмөн санаганына карабай байкап көрүп, жактырган.

“Бул тасма спирт ичимдиктерин жана жубайынын көзүнө чөп салууну пропагандалайт” дешип башында экрандарга коё берүүдөн баш тартышкан. Бирок КПСС БКнын генералдык секретары Леонид Брежневге фильм жагып, көрсөтүүгө уруксат берген. 1977-жылы бул комедия Советтер Союзунун мамлекеттик сыйлыгын алган. Ошондон бери 31-декабрда ар жылы көрсөтүлөт. Рязанов болсо Мягков менен иштешүүнү жактырып, “Кызматтагы махабат” тасмасына башкы ролго чакырган. Бул тасма “Тагдырдын тамашасынан” калбай популярдуу болгон. Андан кийин “Гараж” жана “Катаал романс” тасмаларына тарткан.

Актёр көп ролдорду аткарган. Бирок Женя Лукашиндин жана Анатолий Новосельцевдин атагын эч бири басып кете алган жок. Лукашиндин ролу үчүн Мягков СССРдин Мамлекеттик сыйлыгына татыган.

Мягков бир канча жолу Рязановго “Тагдырдын тамашасынын” уландысын тартууну сунуштаган. Өзү сценарийин да жазган. Режиссёр баш тарта бергендиктен бул сунуш менен “Биринчи каналдын” жетекчиси Константин Эрнстке келген. Ошентип Тимур Бекмамбетов режиссёрлук кылган “Тагдырдын тамашасы. Уландысы” тартылган. Тасмада Мягков жазган сценарийден эч нерсе калган эмес. Ошондуктан актёр тасмага көңүлсүз тартылган.

Актёр 1976-жылы РСФСРдин Эмгек сиңирген артисти, 1986-жылы Эл артисти, 2003-жылы IV даражадагы “Ата Мекенге салымы үчүн” ордени менен сыйланган.

ЖАШООДО ДА ЖАН ДИЛИ МЕНЕН СҮЙӨ АЛГАН

Андрей Мягков болочок жубайы Анастасия Вознесенскаяны бир көрүп жактырган. Алар чогуу Москва көркөм театрынын алдындагы мектеп-студиясында окушкан. Экөө таанышканда актёр 23 жашта, Вознесенская 17 жашта эле. Алар окуу жайды бүтүрө электе баш кошуп, өмүр бою бирге болушту. «Современник» театрында чогуу иштеп, чогуу Москва көркөм театрына өтүшкөн. Мягков “тасмаларга аялым менен чогуу тартылам” деп талап койчу дешет кесиптештери. Анастасия Вознесенская жолдошундай атактуу боло алган эмес. Жубайы детектив романдарды жакшы көргөндүктөн Мягков аялы үчүн 3 детектив роман жазган. Чыгармалары ийгиликтүү болуп, арасынан экрандаштырылганы да бар.

Жубайларды кесиптештери “сиам эгиздери” деп коюшчу. Режиссёр Евгений Каменькович экөө тууралуу “бирөө ооруп калса, экинчиси аны карап жумушка келбей койчу. Репетиция болуп жатканда аларды таппай калчусуң. Аябай жиним келчү. Бирок азыр бул көрүнүшкө суктануу гана керек экенин түшүндүм” дейт. 2009-жылы Мягковдун жүрөгү ооруп, экрандардан көрүнбөй калган. Жубайы Москваны түп көтөрүп, тааныштарына, мамлекеттик кызматкерлерге чейин чалып, күйөөсүн Германияга операцияга жөнөткөн. 2013-жылы спектакль учурунда Анастасия Вознесенскаянын кан басымы көтөрүлүп, ооруканага алып кетишкен. Ошондон кийин Мягков аялын карап үйдө отуруп калган. Аялына кам көрүү үчүн 30 жыл кызмат кылган театрын ойлонбой туруп таштаган.

Экөөнүн ортосундагы жакындык таң каларлык. Мисалы, “Катаал романс” тасмасын тартуу учурунда Мягков колун канатып алган. “Ошондо Настя чалып, “Андрей, эмне болду?” деп сурады. “Эч нерсе” десем, “анда эмнеге колуң канап жатат?” деди. Мен канча жылдан бери көзү ачык менен жашап жатамбы деп коркуп кеттим. Настя колумдун канап жатканын кантип сезди, дагы эле түшүнбөйм”,- деп айтып берген актёр.

Алардын бактылуу үй-бүлөсүнүн сыры эмнеде экенин сурашканда Мягков: “Эч кандай сыр жок. Адамды сүйүш керек, жагымдуу нерсе жасаш керек. Сүйүүнүн өткөн чагы жок. Бул чын. Мен бактылуумун. Силерге да ошону каалайм”,- деп жооп берген.

Жубайлар балалуу болушкан эмес. Мураскерлери жок болгону менен, алардын студенттери бар эле. Студенттерине өз балдарындай мамиле кылышчу.

Андрей Мягков быйыл 18-февраль күнү өз үйүндө эсин жоготкон. Жубайы "Тез жардам" чакырган, бирок Мягков врач келгиче үзүлүп кеткен. Аны акыркы сапарга узатуу зыйнатына аялы катышкан эмес. Жолдошу каза болгондон кийин анын ден соолугу начарлап кеткени айтылууда.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 951, 25-февраль-3-март, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан