Бектур Усенов, актёр: “КАЙНЕНЕМ БАТИР БЕРСЕ ЖАШАЙ БЕРМЕКМИН”

Ал “Кошунаны тандабайт” сериалындагы кейипкер Адилет. Ийгилик жарата албаган жаш актёр күч күйөө болгонго, кайнененин куйкум сөздөрүнө чыдоого аргасыз. Намыстанат, жашоосуна кейийт. Мына ушундай образды Бектур Усенов жеткиликтүү ачып берди. Жашоодо ал каарманы Адилеттей эмес, позитивдүү, тамашакөй, өзү айткандай, көп сүйлөгөн жигит.

Толук аты-жөнү – Усенов Бектур Усенович

Туулган жылы – 1995-жыл, 22-июль

Туулган жери – Бишкек шаары

Бою – 178 сантиметр

Салмагы – 74 килограмм

Билими – Кыргызстандын Эл аралык университетинин эл аралык мамилелер факультетин бүтүргөн

– Бектур, сени көпчүлүк “Кошунаны тандабайт” сериалынан улам таанышат. Чыгармачылыкка качан аралаша баштадың эле?

– Чыгармачылыкка болгон сапарым университетте окуп жүргөндө эле башталган. КВН, “Тамашоуго” катышып, сценарий жазганды үйрөндүм. “Не жаңылык?” деген долбоорду тарттык. “Азия Микс” командасы менен иштешип, “Санжар Live” долбоорунун сценарийин жазыш үчүн Алматыга чейин барып иштеп келгем. Бул жакка келгенде “Кошунаны тандабайт” сериалынын режиссёру Радик Эшимовдон актёр болуу сунушу түштү. Кастингге барып, каарманым Адилеттин ролун аткарып берсем, “жарайт экенсиң” деди. Көп жерде “биз сизге кайра чалып коёбуз” деп акырын узатып коюшат эмеспи. Ошондуктан “таарынтып албаш үчүн ушинтип айтты го” деп ойлодум. Анткени 2 жумадай байланышкан жок. Башканы тартып башташса керек деп жатсам, “баягы ролго даярсыңбы?” деп чалып чакырып калышты.

– Комментарийлерге сени “кичинекей балага окшош экенсиң” деп жазышат. Буга таарынбайсыңбы?

– Тескерисинче, жагат. Өзүмдү дале кичинекей баладай сезем. 40 жашка чыкканда 30 жашта деп ойлошсо жакшы да.

– Каарманың Адилет менен окшоштуктар барбы?

– 1-сезондо 40 пайыз окшошпуз. 2-сезондо 70 пайыз. 1-сезондо тажрыйбам аз болчу. Каарманым Адилет кандай адам экенин сезбей жаткам. Көп учурда туура эмес ойноп, көп дубль менен тартылып кыйналчумун. 2-сезонго катуу даярдандым. Анын үстүнө сценарийин өзүм жазганга каарманым кандай адам экенин жакындан сезип жаттым да. 1-сезондо Адилет жашоосуна дайыма нааразы боло берген, колунан эч нерсе келбеген каарман болсо, 2-сезондо ийгилик жарата баштайт.

– Ийгилик жарата албаган эркектин ролун ойногон кандай экен?

– Кыйын болду. Анткени сериал интернетке жүктөлөрү менен чыдабай комментарийлерди окуп баштачумун. “Могу актёруңарды алып салгылачы”, “мунуңар балык эмес, же эт эмес го”, “Адилет эркек эмес экен” деп жазышчу. Тажрыйбалуу актёр-актрисалар менен тартылып жаткандыктан алардын жанынан өзүмдү ансыз да алсыз сезчүмүн. Негативдерди окуп алып ого бетер жаман болуп жүрдүм. Бирок режиссёр “жаман комментарийлерге капа болбо. Эгер негатив жазылып жатса, демек, образыңды жеткиликтүү аткарып жатасың” деген. 2-сезондо Адилет ийгилик жарата баштагандыктан негатив комментарийлер токтоду.

– Күч күйөө болгончу?

“Кайненең батир берип жатса жыргап эле жашай бербейсиңби” деп жазышчу. Бирок Адилет намыскөй болгондуктан күч күйөө болуп жатканына капалана берчү. Эгер Бектур аял алганда кайненеси батир берсе, Адилеттей болуп жашоосуна нааразы болбой эле, жакшынакай жашап, өзүнүн үйүнө акча чогулта бермек. Өркүндөп-өссүн ошондой кайненелер (күлүп).

– Сериалды тартып жатканда эсте калган учурлар болдубу?

– Биринчи сезондо бир учур имараттын чатырынан тартылган. Мен көп сүйлөгөн, бир жерде отура албаган адаммын. Ошол жакта ары-бери чуркап, ойноп жүргөм. Бир маалда чатырдын бордюруна секирсем жарымы пенопласт экен. Теңселип, өзүмдү араң кармап туруп калдым. Көрсө, имараттын четин пенопласт менен кооздоп коюшат тура. Эгерде бир аз эле арыраак секиргенимде 15-кабаттан кулап түшмөкмүн. Кудай сактады. Ошол окуядан кийин режиссёр “эгерде ошондо кулап кетсең, мейли эми, башка актёр таап келели деп сага кайгырбай эле, башкасын тартып салмакпыз” деп тамашалап калат (күлүп). Үйдөгүлөр бул окуя тууралуу билишчү эмес. Бул маекти окуп билишет го.

– Аз жерден калыптырсың. Кесибиң боюнча дипломат экенсиң. Ата-энең чыгармачылыкты тандаганыңды кандай кабыл алды?

– Башында атам каршы болду. Анткени ата-энемдин жалгыз уулумун, 3 эжем, 1 карындашым бар. Атам бала кезде бизди катуу кармачу. Билимге көп маани берер эле. Уруп-согуп тарбиялаган эмес. Билим алууга мотивация берчү. Мисалы, үйдө Sega оюну бар эле. “Эгер жадыбалды жаттап айтып берсең, ыр жаттасаң ойнотом” дечү. Ошондой мотивация бергенден уламбы, баарыбыз мектепте отличник болчубуз.

Атам жаштыгын мамлекеттик кызматка арнады, азыр пенсияда. Ошондуктан мамлекеттик кызматта иштегенимди каалачу. Чыгармачылыкты тандаганыма каршы болуп, “болду, жетишет, жаш кезиң өтүп жатат, олуттуу болбойсуңбу” дечү. Апам болсо “башкалардай наркоман болуп кеткенден көрө, чыгармачылык менен алектенгени жакшы” деп колдоду. Атам кийин мени телевизордон көрүп “баламдын чымыны бар окшойт” деп калды. Азыр каршы эмес.

– Жан дүйнөң чыгармачылыкка жакын болсо, эмне үчүн дипломат кесибин тандап алдың?

– Биринчиден, чет өлкөдөгү жашоо кызык болчу. Экинчиден, чет өлкөгө барганда кара жумушта иштегим келчү эмес. Ошондуктан “кантип чет өлкөдө жакшы кызматта иштесе болот?” деген суроонун үстүндө ойлоно баштаганда дипломат кесибин сунушташты. “Мисалы, кайсы бир өлкөгө элчи болсоң балдарың да ошол жакта окуганга мүмкүнчүлүк алат, айдоочуң болот” дешти. Ошону угуп дипломат болом дедим. Бирок бул мен тандаган кесиптин туу чокусу экен да. Ага тырмышып жетиш керек экен. Балким, бул кыялым 45 жашка чыкканда орундалмак. Анан “карып калганда ал жакта эмне кылам?” дедим. 3 ай кесибим боюнча иштеп көрсөм жаккан жок. Кайра эле чыгармачылыкты тандадым.

– Маек соңунда сага ашык болуп жүргөн селкилерге жооп алып берели. Жүрөгүң бошпу?

– Жүрөгүм бош эмес. Убак-сааты келгенде сүйүктүүм менен тааныштырам.

– Маегиңе рахмат! Ийгилик жарата бер!

Динара Абдыкадырова

 Кыстарылган видео 
"Сериалга тартылып жатып 1 өлүмдөн калгам" дейт актёр Бектур Усенов
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Nina.alex
2021-03-01 09:52:43
Болбогон кинолор,ары жок актерлор
-13
Birimdik5555
2021-03-01 13:25:41
Сонун кино,баары жакшы ойношот ийгилик
+8
Isikkolumkeremet
2021-03-02 08:53:51
Уландысы барбы ушу кинонун.кутуп жатабыз.уй булобуз мн.билендер жооп кутом
+5
Kurbanaiym.
2021-03-07 14:45:59
Мыкты актёр тартылган кинолору аябай жагат
0
Gulina90
2021-03-08 08:01:23
Молодец,назданбай жүрөгүм бош эмес дептир,башкалар жашырышатко тим эле.
+1
№ 951, 25-февраль-3-март, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан