БААРЫБЫЗ ЧОГУУ ОЙНОЙБУЗ

Бардык үй-бүлө мүчөлөрү чогулуп ойнойсуңарбы? А эмнеге ойнобойсуңар? Жашоодо бактылуу учурлар эсте калат эмеспи. Ансыз да башыбыз гаджеттен чыкпай жатканда бул оюндар сиздин үй-бүлөгө позитив тартуулайт. Балдарыңыз да сизге жакындап, жаңы нерселерди үйрөнүүгө шарт түзүлөт.

«КЕНЧ ИЗДӨӨ ОЮНУ»

Бардык үй-бүлө чогулуп ойногондо үй чачылып, ызы-чуу болушу мүмкүн. Бирок бактылуу мүнөттөрдү өзүңүз түзбөсөңүз, ким түзөт? Бул оюнда алгач баары сыртка чыгып турат, оюнду уюштуруп жаткан адам бөлмөнүн бир жерине “кенчти” (мисалы, кичинекей оюнчукту, тыйын жана башка) катып коёт, анан калгандары аны издеп табышы керек.

«ИНВЕНТАРИЗАЦИЯ»

Эс-тутумду, ойду топтоону жакшыртуучу сонун оюн. Уюштуруучу столдун үстүнө бир топ ар кандай буюмдарды (топчу, ачкыч, өчүргүч, сөйкө, оюнчук жана башка) коёт. Катышуучулар бир канча секунд ичинде аларды карап алат, андан соң уюштуруучу алардын үстүнө кездеме жабат. Оюнчулар кезеги менен буюмдардын аттарын айтып чыгышы керек. Адашкан жана мурунку айтылганды кайталаган оюндан чыгат.

«ЖОМОК ТОКУЙБУЗ»

Тынч, бирок образдуу ой жүгүртүүнү жана сүйлөө речти, фантазияны өнүктүрүүгө жардам берет. Кичинекей барактарга ар кандай сөздөрдү жазып, аны бир идишке салып аралаштырасыз. Оюнчулар кезеги менен бирден кагаз алып, андагы жазылган сөздү кошуп окуя ойлоп таап бир нече сүйлөм айтат. Андан кийинки катышуучу ошол эле окуяны барагында жазылган сөздөн улантып кетиши керек. Жыйынтыгында кызыктуу аңгеме пайда болот. Канчалык күлкүлүү болсо, ошончо жакшы.

«ТАШ БАКАЛАР ЖАРЫШЫ»

Бул кыймылды талап кылган оюн. Зеригип отурган убакта ойносоңуз, чоңдордун да, балдардын да көңүлүн көтөрөт. Жерге төрт аяктап турасыз да, жонуңузга бир чоңураак зыянсыз буюмду, мисалы, жаздык, китеп, жумшак оюнчук коёсуз. Ушул абалда бөлмөнүн бир бурчунан экинчи бурчуна чейин жарышсаңыз болот. Негизги максат – “таш бака” “панцырын” түшүрүп албашы керек.

Оюндарга жаза катары үй жыйноо, идиш жуумай, байге катары алардан бошотуу деген сыяктууларды уюштурсаңыз, оюндун кызыгы андан да артат.

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 951, 25-февраль-3-март, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан