БАЛДАРДЫН ТАЛМА ООРУСУ

“Мурун элде талма диагнозу үй-бүлө күтүүгө жана иштөөгө чекит коёт деген түшүнүк болгон. Азыр заманбап дары-дармектерди ичүү жана убагында текшерилип туруу менен талмасы барлар оорусун узак убакытка, ал тургай бир топ жылга чейин карматпай жүрө алышат. Бул – окууга чоң мүмкүнчүлүк. Ал эми дары-дармек ичпей коюу оорунун өнүгүшүн шарттайт”,- дейт врач невролог, остеопат Жапарбек Жекишев. Ал бул санда балдардын талма оорусу тууралуу кенен маалымат берди.


ДАРЫЛОО

– Талма – бул баш мээнин өнөкөт дарты. Айтып кетчү нерсе, карышуу менен талманы алмаштырбоо керек. Мисалы, баланын организминде кальций, глюкоза, витамин сыяктуу керектүү заттар жетишпесе бала карышып калуусу мүмкүн. Бул “метаболизмдик карышуу” деп аталат. Бирок карышуу улам кайталана берсе талмага өтүп кетиши мүмкүн.

Талмасы барларды врач эпилептолог, ал жок болсо невролог дарылайт. Дарылоо үйдөн жүргүзүлөт жана жалаң таблеткалар колдонулат. Бала уколдон коркуп же ийне сайгандагы оорутуудан улам оорусу кармашы мүмкүн. Абалы оорлошуп кеткенде гана ооруканага жаткырылат. Физиодарылоо колдонулбайт. Дарылатпай молдолорго алып баруу туура эмес. Убакыт өткөн сайын оору күчөй берет. Аны менен кошо бала чоңойгон сайын мүнөзү, жүрүм-туруму өзгөрөт. Тынчы жок, агрессивдүү, ачуусу бат келме боло баштайт.

Дарылар дайыма убактысы менен ичилет. Дарылатпаса баланын акыл-эси өспөй калуусу ыктымал. Бала көп чарчаса, уйкусу канбаса, кеч жатса мээсине күч келип, оорусу кармашы мүмкүн. Үзбөй дарылатып, врачтын айткандарын толук аткартса ооругандардын 70 пайызынын оорусу узакка кармабайт. Ал тургай кээ бирлеринин оорусу биротоло жоголот. Дарылап айыктырууга мүмкүн болбогон учурда операция жасалат.

Бала туулганда башы кысылып гипоксияга чалдыкса, анда неврологдон тышкары остеопатка да көрсөтүп текшертүү зарыл. Баш кысылганда баш сөөктөрдүн кошулган жерлеринин чекелери кайрылып, баш сөөктүн алдындагы чел кабык тырышып калат. Остеопат кайрылган жерлерди калыпка келтирип, тырышкан чел кабыкты бошотот. Убагында текшерилсе баланын айыгып кетишине мүмкүндүк бар.

Дарылар ички органдарга зыянын тийгизбейт деп айтууга болбойт. Андыктан боор, бөйрөктөрү 4-5 айда бир текшерилет. Аталган органдарга күч келбеши үчүн ачуу, туздуу, куурулган тамактар берилбейт.

Үйдө эшиктер кулпуланбай ачык калтырылганы оң. Анткени кокус баланын оорусу кармаса эшикти ача албай калуу коркунучу бар. Бала чоңураак болсо деле өз алдынча калтырууга болбойт. Мүмкүн от жагам же тамак бышырам деп жаракатка кабылышы мүмкүн.

ТАЛМА КАРМАГАНДА КӨРГӨЗҮЛҮҮЧҮ БИРИНЧИ ЖАРДАМ

  • Туура эмес: бетине суу чачуу.
  • Айрым учурда талмасы кармаганда бала тилин жутуп алышы мүмкүн. Андай учурда оозун ачып, жумшак нерсени тиштетип, анан манжа менен тилди бери тартыш керек. Тил аба өтүүчү жолду бууп калса бала каза болуп калышы мүмкүн.
  • Башын ылдый каратып (кусса аны жутуп албагыдай кылып), оң капталынан жаткызып, башына жаздык коюп, "Тез жардам" чакыруу керек. Алар атайын уколду сайып эсине келтирет.
  • Эсине келтирчү уколду ата-эне өздөрү сайганды үйрөнүшү керек.
  • Оозуна пипетка менен тамызчу дары түрү, көтөн чучукка салынчу атайын дары майлар бар. Аларды колдонуу оңой.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
kkkk3259780
2021-03-03 08:56:21
чала молдого алып барбаш керек.чыныгы дем салгандар бар го.ошолорго алып барса болот.
0
№ 951, 25-февраль-3-март, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан