Биринчи курс –бармак. Жаңы эле айылдан келип шаардын жашоосуна көнө албай, үрккөн тайлактай болуп чоочуркап турган мезгил. Көчөгө жалгыз чыккандан, жайнаган транспорттон башы айлана элеңдейт. Себеби, адашып кетиши мүмкүн. Аудиторияларды таппай адашкан күндөр андан көп. Журналда бир "кж" жок. Түптүз окууга, кайрадан үйгө жөнөмөй. Бири-бирине атаандашып, жарыша окуган кез да ушул. Дем алыш күнү таңдан кечке китепканадан чыкмай жок. Өзү да майга бышкан боорсоктой толмочураак.
Экинчи курс –сөөмөй. Мурункуга караганда бир топ бою өсүп, арыктап калган. Кыздардын узун чачы кыскарып, бой мүчөсү сөөмөй сымал сымбаттуу тартып калган. Мугалимдердин сырын билип, зачёт, экзаменден коркмой жок. Алтургай, мугалим менен биринчи курстун ортосунда "элчи" болгонго жарап калган. Анда-санда отурушка барып, кыз-жигиттер менен таанышып, студенттик жашоонун даамын сезип калган кез.
(Макаланын толук вариантын «Супер-Инфо» гезитинен окуңуздар).