Белгилүү аалым, кыргыздын чыгаан уулу Чубак Жалиловдун шакирти, жакын адамы Улан Давлеткулов менен маектештик. Ал Чубак ажы өмүрүнүн акыркы күндөрүндө эмне менен алек болгонун, жашоо, келечек тууралуу кандай ойлорду багып жүргөнүн, анын ишке ашпай калган кыялын айтып берди. "Спорт менен алектенсем көп убактым текке кетип калчудай" дечү экен аалым...
– Саламатсызбы, Улан мырза? Алгач өзүңүз тууралуу кененирээк тааныштырсаңыз...
– Саламатчылык. Мен Чүй облусуна караштуу Москва районунун Заря айылында төрөлүп-өскөм. Үч бир туугандын улуусумун. Атабыз курулуш тармагында иштейт, апабыз мугалим. Үй-бүлөм бар. Келинчегим үй кожойкеси, үч кызды тарбиялап жатат. Өзү кытай тилинен котормочу. Кытай жана англис тилинде эркин сүйлөйт. Мен мектепти аяктагандан кийин аскер кызматын өтөп, андан кийин Куралдуу күчтөр тармагында контракттык негизде 6 жылдай иштедим. Аскердик кызматты өтөп жаткан учурда Кыргыз улуттук агрардык университетинин сырттан окуу бөлүмүндө бажы иштери багытында билим алгам.
– Чубак Жалилов менен качан таанышып, ага шакирт болуп калдыңыз?
– Окуучу кезден эле журналистикага, режиссёрлукка абдан кызыкчумун. Чубак ажы Жалиловдун насааттарын угуп, сабактарын көрүп турчубуз. Устатыбыз менен таанышуубуз кызык болгон. Чубак ажыга жолугардан мурда эле жеке долбоорлор менен иштеп жүрчүмүн. Алардын бири – “Ыймандуу келечек” деген долбоор. “Канткенде балдарды туура тарбиялай алабыз?” деген суроолордун үстүндө иштечүбүз. Ушул долбоордун алкагында Чубак ажы менен таанышып, анын эң биринчи сабагына катышканыбызда көзүбүздөн кадимкидей жаш аккан. 2013-жыл болчу, ошол сабагы тартылбай калыптыр. Чубак ажы менен жакындан таанышып, жакшы пландарды коюп, айрымдарын ишке ашырууга үлгүрдүк.
– Убакыт, тагдыр дегенге каршы туруу мүмкүн эмес. Аалымдын ордун басчу чыгаандар барбы?
– Өтө жүйөлүү суроо. Устазыбыз өткөндөн кийин эң көп берилген суроо ушул болду. Устатыбыздын, албетте, орду бөлөк. Ошентсе да тарбиялаган шакирттери көп. Алардын бири Калысбек Заманбеков, учурда Египетте окуп жатат. Биз аны менен онлайн байланышып турабыз. Учурда калың элдин жүйөлүү суроолоруна Калысбек жооп берүүдө.
– Дин аалымынын жанында көбүрөөк болуп, чогуу иштешип жүрдүңүздөр. Устатыңыз көбүнчө эмнелерди кеп кылчу?
– Айрым президенттердин мемуар жазып калтырган салты бар эмеспи. Устатыбыз да тамашалап “мен кийин мемуар жазам” деп калчу. Устатым менен болгон окуялардын баарын чогултуп, атайын китеп жазып чыксамбы деген ой бар. Анткени аны менен болгон кызыктуу, эл билбеген окуяларыбыз көп. Устатыбыз “элге кызмат кылып калайын” деп шашып жашачу. Чарчаганын такыр билгизчү эмес. Кеч жатып, эрте турчу. Дайыма шамдагай жана позитивдүү жүрчү. Тазалыкка, тактыкка бекем эле. Айтылган жерге кечикпей, өз убагында барчу. “Элди караңгылыктан акыйкаттын нуруна алып чыгалы” деп көп аракет кылды. Өмүрүнүн акыркы күндөрүндө “адамдар алган илимине амал кылышса болот эле” деп көп айтып калган. Анткени илим алуу менен ага амал кылып жашоо башка нерсе экен. Агайыбыз көзү өтөр алдында “Улан, сен эң жакын адамдарымдын бирисиң. Мага Кудайым сени өзү жөнөткөн” деп тамашалап айтты. Бул сөздү устаз чанда гана айтар эле.
– Бирге жүргөн күндөрүңүздөр тууралуу айтып берсеңиз. Чубак Жалиловдун кандай максаты ишке ашпай калды?
– Устатыбыз кичи пейил, кечиримдүү, акыйкатты бетке айткан эр жүрөк болчу. Бир жолу бирөө жолугушууга келиптир. Ал маалда устатыбыз ооруп жаткан эле. Мен анын тынчын албайлы деген ойдо "жолуга албайт" деп жатсам, өзү келип “кабыл алам, келиңиз” деп, ооруп турса да аны менен бир топко сүйлөшүп отурган. Бирөөдөн жардамын аячу эмес. Адамдардын социалдык статусун эмес, мамилесин баалачу. Мейли, ал депутатпы же бир миллионерби, анын адамгерчилигине карачу. Ал, өзүңүздөр билгендей, китепти сүйгөн киши эле. Кайда барбасын жанына китеп алып жүрчү. Учакта, унаада узак жолго чыкса дагы дайыма бир китепти окуп бүтүрчү.
Устатыбыз муну айтпа дечү. Бирок айтып берейин, айтканга туура келет. Бир жолу Умра сапарына барганыбызда көп суммада акча үнөмдөп китеп сатып алып, өзүбүз кукси жегенбиз. “Ушул китептердин элге пайдасы тийсин” дейт. Башкалар ресторанда жүрүшсө, биз бөлмөбүздө тамактанганыбыз эсимде. Ошондо Кыргызстанга 120 килограмм китеп менен кайтканбыз. “Китептер – менин байлыгым” дечү. Устатыбыздын китепканасында тонналаган китептери калды. Акыркы күндөрү жаштарга көбүрөөк маани беришибиз керектигин көп айтып калган.
– Аалымдын үй-бүлөсү менен байланышып турасызбы? Уулдарынын ичинен анын жолун жолдоочулары барбы?
– Албетте, үй-бүлөсү менен катташып турабыз. Устатыбыз кичүү баласын, атын айтпай эле турайын, “менин жолумду жолдосо” деп калчу. Ал азыр 4-класста окуп жатат. Чындыгында, анын аалым боло турган дарамети бар. Ортончу баласы Египетте билим алып жатат. Улуу баласы борбор шаарыбыздагы жогорку окуу жайлардын биринде окуйт. Ал дагы илимге кызыгып жүрөт.
– Ден соолугуна кайдыгер мамиле жасачу эмес беле? Ооруканага эртерээк кайрылса, балким, баары башкача болот беле?
– Адам ийгиликке жетүү үчүн бир нерсени курмандыкка чалат. Устатыбыз өзүнүн ден соолугун курмандыкка чалды десем болот. Анткени “спорт менен алектенсем көп убактым текке кетип калат. Элге пайдалуу иштерди жасап калайын” деп эле чуркап жүрчү. Өзүнүн ден соолугуна анча көңүл бурбагандыгы да ошондон болсо керек. Ооруганын билчүбүз. Колубуздан келишинче аракетибизди кылдык. Көзү өтөр астында 5 күндөй жакшы болуп, өзүнө келип калган. Бирок жакын досторунун удаасынан каза болуп калганына катуу кайгырды. Бул оорусунун күчөшүнө себеп болду окшойт. Ал күнү деле жолукканбыз, досуна арнап макала жазып жаткан. Ошол күнү түнкү саат 12ден өткөндө балдар “устатыбыз ооруканага жатып калыптыр” деп калышты. Артынан барсак эле ушундай окуя болуп кетти. "Эртерээк алып барсак болмок экен" деп өкүндүк. Бирок тагдырга баш ийбөөгө арга жок экен. Устатыбыз “эгерде пендени алдыда жамандык күтүп турса, анда азыр өтүп кеткени жакшы” деп калчу. Аны акыркы сапарга узатып жатканда эмнегедир кайра бат эле жолугушчудай сезимдер боло берди...
– Маегиңизге рахмат!
Гүлдана Мамадали кызы