Жабырлануучунун апасы: “КЫЗЫМДЫ ҮЧ ӨСПҮРҮМ ЗОРДУКТАГАН”

Редакциябызга акыйкаттык издеп жүргөнүн айткан айым кайрылды. Ал "кызым өткөн жылы 3 жигит тарабынан зордукталган. Кылмышка шектүүлөр тараптан кызыма коркутуулар болгон, кылмыш иши кайра тергөөгө жиберилди" деп билдирди.

“ТЕРГӨӨ ИШТЕРИ КАЙРА ЖАНДАНДЫ”

Окуя боюнча Бишкек ШИИББи төмөнкүдөй маалымат берет:

– 2020-жылдын 23-ноябрында Свердлов РИИБине Бишкек шаарынын И.Г. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Арызда 2020-жылдын 17-августунда 2006-жылы туулган кызын үйүнөн бирөөлөр зордуктап, из жашырып кетишкени айтылат. Ошондой эле арызда зордуктады дегендер Бишкектеги №21 жатак мектептин окуучулары экендиги айтылган.

Бул иш Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 161-берене "зордуктоо" боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери №21 шаардык жатак мектеп окуучулары менен сүйлөшүшкөн. 2004-жылы туулган А.Э., Б.Б. жана 2003-жылы туулган И.А. аттуу балдар бул ишке эч кандай тиешеси жоктугун айтышкан. Ошондой эле медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, кызда кош бойлуулук жана жыныстык кындын бузулуусу аныкталган эмес.

Мындан сырткары окуя болгон жерди текшерүү учурунда табылган шейшептерден соттук-биологиялык экспертиза “биологиялык калдыктар табылган жок” деп корутунду берген. Ошондой эле жабырлануучунун психикалык абалын текшерүү үчүн соттук-психологиялык экспертиза дайындалып, бирок ушул күнгө чейин арыз ээси жана анын кызы белгисиз себептерден улам дайындалган экспертизага келише элек. Бирок алардын кайра даттануусунун негизинде тергөө иштери кайра жанданды.

“ӨЛТҮРҮП КЕТЕБИЗ ДЕП КОРКУТУШКАН”
Жабырлануучу кыздын апасы И.Г. окуя боюнча өз версиясын айтып берди:

– Кызымдын эки кулагы укпайт жана сүйлөбөйт. Учурда Бишкектеги дүлөй балдар үчүн адистештирилген жатак мектепте окуйт. Кызымдын колдорун жаңсап жана жазып түшүндүрүп бергенине караганда, 2020-жылдын 17-августунда А.Э. аттуу бала кызымды үйдөн зордуктаган экен. Кызымдын айтып бергени боюнча, андан кийин ал бала классташына айтып, Б.Б. аттуу өспүрүм 27-августта келиптир. Кийин үчүнчү И.А. аттуу бала кызымды 2-ноябрда коркутуу жолу менен зордуктаптыр. Үчөө тең биз үйдө жок учурда келишиптир. Ноябрь айында жумушта отурсам мугалими телефон чалып, мектепке чакырды. Балдар бири-бирине айтып жүрүшкөн окшойт. Окуучулардын баары угуп, мектепке ушак болуп жайылып кетиптир. Мага класс жетекчиси “кызың балдар менен жатыптыр” деди. Кызымды зордуктаган балдар чала-бучук сүйлөп, угушат экен. Алар да ошол эле мектепте окушат. Жаштары кызымдан улуу. Алар кызымды “эч кимге айтпа, айтсаң апаң экөөңдү өлтүрүп кетебиз” деп коркутушуптур. Алардын арасында балдардын тарбиячысы болуп иштеген 27 жаштагы кыз бар экен. Кызымды үчүнчү бала зордуктаганда тарбиячысы кошо келип, “апасы кокус келип калбасын, мен сыртты карап турайын, сен кирип жатып чык” дептир. Тарбиячысы да кызымды жолугушууга чакырып алып, экөө өбүшкөн экен. Мен окуяны уккан соң Свердлов РИИБине арыз жаздым. Кызыма “эмне мага айтпай жүргөнсүң” десем, “корктум” дейт. Кызым достору жана тарбиячысы болуп телефондон, видео чалуу аркылуу колдорун жаңсап сүйлөшчү. Мен эмне деп сүйлөшүп жатканын түшүнчү эмесмин.

“ЖЫНЫСТЫК КАТНАШ БОЛГОНУ АНЫКТАЛДЫ”

– Кызымды биринчи зордуктаган баланын энеси жана өспүрүмдөр менен жолуктум. Балдар кылган ишин моюнга алышып, айтып беришкен. Ошол учурда тарбиячысын жаактан ары бир чаап, “аял болгон соң кызымды карап койбойсуңбу?” десем, кайра мага “өзүң кызыңа туура эмес тарбия бергенсиң, өзүң бузулган аялсың” деп мени каралады. Кыскасы, кечирим суроонун ордуна кайра мага атырылышты. Бир жолу тарбиячысы кызыма “кийимиңди чечип, төшүңдү көрсөтчү” дептир. Кызым “эмнеге?” десе, “сага ич кийим белек кылайын дегем” дептир. Ошентип ал видеону скриншот кылып, элдерге жарыялаптыр. Свердлов РИИБинен тергөөчү келип, үйдү сүрөткө тартып, төшөнчүлөрдү алып кетти. Кызымды соттук медициналык экспертизага алып бардым. Жыйынтыгында кызымда жыныстык кындын бузулуусу аныкталган жок дешти. Мен буга ишенбей, башка ооруканаларга барып, кызымды эки гинекологго текшертип көрдүм. Ал жерден жыныстык катнашта болгону аныкталды. Биологиялык жактан кыздык чел кабыгы бузулбаганын, бирок жыныстык катнашта болгонун, чоюлуп калганын айтышты. Маалым кат жазып бериңизчи десем, "биз жазып бере албайбыз" деп макул болбой коюшту. Ошондо биздин психикалык абалыбызды текшерүү үчүн соттук-психологиялык экспертизага чакыртышты. Кызым сүйлөй албагандыктан котормочусу жок бара албай калдык. Кийин телефон аркылуу байланышып, “иш эмне болду? Балдар окуп, тарбиячысы иштеп жүрөт” десем, кайра мага “сага эмне керек? Алар да сенин кызың сыяктуу майыптар экен” деп аларды коргоп туруп алды. Иштеген жерине барып сурасам, “кызың өз макулдугун бериптир, ал балдарды өзү чакырган экен” деди. Мен кызымды коркутушканын айттым. Мен Свердлов райондук прокуратурага тергөөчүнүн үстүнөн арыз жазам дегенде, алар ишти кайра артка кайтарышты.

“ТАРБИЯЧЫСЫ ИШТЕН БОШОТУЛГАН”

Жабырлануучунун жактоочусу Шердор Абдыкапаров буларга токтолду:

– Зордуктоого шектелген балдардын бирөө 18, экөө 17 жашта. Балдар ишти моюндарына алышты. Экспертизанын жыйынтыгы чыккандан кийин кыздын апасы башка дарыгерлерге кайрылып көргөндө жыныстык катнаш болгону аныкталган. Свердлов РИИБи ишти “өз ара макулдашуу аркылуу болгон” деп жаап салган. Жабырлануучу ошол учурда 14 жашта болгон. Биринчиден, үч бала менен өз ара макулдашуу аркылуу жыныстык катнашка баруу мүмкүн эмес. Экинчиден, экөө жоопкерчиликтен бошотулса, бирөө жоопко тартылмак. Ал балдар чала-бучук сүйлөшөт, акыл-эстери ордунда. Күнөөлүүлөр мыйзамдын негизинде жоопко тартылышы керек. Тарбиячысы боюнча айта кетсем, ал окуя болгондон кийин мектеп жетекчилиги тарабынан иштен бошотулган. Свердлов райондук прокуратурасы иштин мыйзамсыз жабылганын билип, кайра ишти тергөөгө жөнөттү.

Экинчи тараптын оюн угуу үчүн балдардын ата-энелери менен байланышууга аракет кылдык. Бири бул окуя боюнча комментарий берүүдөн баш тартса, калгандары суроону жоопсуз калтырышты.


Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Asmat84
2021-03-03 09:28:19
Жөн эле жалаа жабуу окшойт 3 бала менен жатса да кыздыгы алынбаса кандай түшүнсө болот бул жерде жөн гана акча өндүрүү болуп атат окшойт
+2
Gulina90
2021-03-08 08:12:48
Курулай дооматтан сактасын,бирөө эле бузуп коймок,үч бала өлтүрбөйлү.
0
№ 951, 25-февраль-3-март, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан