БААЛУУ ДОКУМЕНТТИ, ЗЕР ЖАСАЛГАНЫ БАНКТЫК СЕЙФ ЯЧЕЙКАСЫНДА САКТАҢЫЗ!

Банктын Кардарларды тейлөө башкармалыгынын башкы адиси Талгатбек Баимбетов баалуу документти жана кагазды, асыл таш же баалуу металлдан жасалган зер жасалгаларды эмне үчүн банктык ячейкада сактоо керектиги, аны кантип ижарага алууга боло тургандыгы тууралуу маалымат берет.

Ар бир үй-бүлөнүн олуттуу мааниге ээ болгон документ, баалуу кагаз, баалуу металл жана асыл таштардан жасалган зер буюмдары сыяктуу ишенимдүү жерде сакталууга тийиш болгон буюм-заттары болот эмеспи. Аларды кантип жашыруун сактоого болот? Үй сейфиндеби? Кимдир бирөө салынгандары менен кошо аны уурдап кетиши мүмкүн да. Ошондуктан “Айыл Банк” мындай көйгөйлүү маселени чечүүнүн эң эле ишенимдүү ыкмасын – банктык сейфтерден пайдалануу ыңгайын сунуштоо менен бирге эле, 2021-жылдын акырына чейин сейфтерди ижарага берүүдө тарифтерди 50 пайызга төмөндөтүү шартын караштырган.

Банктын Кардарларды тейлөө башкармалыгынын башкы адиси Талгатбек Баимбетов менен маегибизде ал кызмат көрсөтүүнүн бул түрү боюнча толук маалыматты сунуштап, кеңири түшүндүрмө берет.

– Банктык сейф ячейкасы деген эмне жана анда эмнелерди сактоого болот?

– Банктык сейф ячейка – бул банк кеңсесинде жайгашкан, баалуу буюмдарды, акча каражатын, зер буюмдарды, коллекциялык монеталарды ишенимдүү сактоо үчүн каралган, ар бир кардарга өз-өзүнчө ижарага сунушталуучу кутуча. Анда кардар менен түзүлгөн келишимдерде көрсөтүлгөндөрдөн башка нерселерди, буюмдарды сактоого жол берилбейт, атап айтканда:

• адам баласынын саламаттыгына, айлана-чөйрөгө кесепеттүү терс таасирин тийгизүүчү тез күйүп кетүүчү, уулуу, радиоактивдүү жана башка заттар;

• мите курттардын пайда болушун шарттаган, тез бузулуп кеткен тамак-аш азыктары, башка заттар;

• ок атуучу курал-жарактар, ок-дарылардын бардык түрлөрү;

• массалык жок кылуучу куралдарды жасап чыгарууда колдонулган жардыргыч заттар (жардыргыч куралдар), анын ичинде илимий-техникалык жабдуулар;

• баңгизаттарын, психиканын бузулушуна алып келчү заттарды, аларды колдонууда керектелген шаймандарды;

• ууландыруучу заттарды;

• Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык, чек ара аркылуу алып өтүүгө/ташып келүүгө тыюу салынган жана жүгүртүүдөн алынган, сактоого болбой турган башка буюм-заттар.

– Банктык сейф ячейкада баалуулуктарды канча убакыт сактоого болот?

– Бул шарт кардарлар менен түзүлгөн келишимде белгиленүүгө тийиш, башкача айтканда, 1 күндөн тартып, узак убакытка чейин банктык сейф ячейкасын ижарага алууга болот. Ижара мөөнөтү өткөрүлүп жиберилген шартта банктын эскертүүсү менен келишим мөөнөтүн андан ары узартууга жол берилет.

– Ижара наркы канча?

– Сактоо мөөнөтү канчалык узак болсо, ижара төлөмү ошончо арзанга турат.

– Банктык сейф ячейканы кантип ижарага алууга болот?

1. Алгач келишим түзүү зарыл, бул үчүн кардардын паспорту талап кылынат. Банктык сейф ячейканы тандап, аны ижарага алуу мөөнөтүн аныктап, банктын ошол учурга карата колдонулуп жаткан тарифи боюнча ижара төлөмү төлөнгөндөн кийин ячейканын эки ачкычы берилет.

2. Банктык сейф ячейкага кандай болбосун баалуулукту салуу же андан алуу үчүн кардар банк кызматкеринин коштоосунда сактоо жайына кирип, банк кызматкери ячейканы өз ачкычы, ал эми кардар аны өз ачкычы менен ачкандан кийин банк өкүлү кардарды жалгыз калтырат.

3. Банктык сейф ячейкага кайрадан кирүү үчүн паспортту кайталап көрсөтүүгө туура келет.

– Туугандар банктык сейф ячейкага кирүүгө мүмкүндүк ала алабы?

– Келишим түзүүдө банктык сейф ячейкага кирүүгө дагы бир ишенимдүү адамга ишеним катты түзүп коюу оң. Ишеним катты кардардын өтүнүчү боюнча банктын өзү түзүшү мүмкүн, же болбосо нотариус аркылуу күбөлөндүрүүгө жол берилет.

Бул боюнча кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү телефон номерине кайрылууну өтүнөбүз:


(0312) 62-23-13

(0312) 30-08-25

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 951, 25-февраль-3-март, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан