ОЮН КАРТАЛАРЫНЫН СЫРДУУ ТАРЫХЫ

Дүйнө жүзүнө кеңири белгилүү болгон оюн карталары түрдүүчө колдонулат. Мисалы, таро картасы менен айрымдар келечекти божомолдошсо, айрымдар ойноп көңүл ачышат. Бирок карталардын өткөн мезгили ушунчалык карама-каршылыктуу жана бүдөмүк болгондуктан, алардын кайда пайда болгону азырынча белгисиз.

КАГАЗДАН МУРДА ПАЙДА БОЛУШУ МҮМКҮН

Кытайда биздин заманга чейинки 105-жылы кагаз ойлоп табылган. Бирок ага чейин ойлоп табылган ар кандай табылгалар бар, алар заманбап карталардын түпкү “аталары” болушу мүмкүн. Алгач жаныбар, буюм же курал-жарактардын сүрөттөрү түрдүү буюмдарга, айталы, булгаары, кабык, бамбукка, жадакалса сөөккө да тартылган. Окумуштуулардын теорияларына ылайык, алгач карта Кытайда пайда болгон жана соода жолдорунун аркасында алар Индия менен Персияга жеткен. Кытай оюн карталарынын мекени деп эсептөөгө илгерки ошол карталардын азыркы заманбап карталар менен окшоштуктары да себеп. Карталарды кыйла жөнөкөйлөтүп, алгач басып чыгарган да Кытай болгон. Ошондой эле карталардын мекени Индия деген көз караштар бар. Индияда илгерки оюн карталарына окшош нерселер, тегерек сөөктөр табылган. Азырынча эч ким карталардын чыныгы мекенин далилдей элек.

КАРТАДАГЫ ЖҮЗДӨР КАЙДАН ПАЙДА БОЛГОН?

Божомолдорго караганда, Кытайда табылган байыркы карталар Египетке жеткенден кийин алар олуттуу өзгөрүүлөргө учурайт. Анткени Египет эли карманган дин адамдардын сүрөттөрүн картага түшүрүүгө жол берген эмес.

КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР

XVII кылымга чейин картадагы сүрөттөрдө адамдардын тулку бою толук тартылган. Кийин “2 баштуу карталар” (адамдын бир башы ылдый, бири өйдө караган) чыга баштайт.

Шахтёрлор шахтага карта алып барышпайт. Анткени жамандыкты алып жүрөт деген ырымды карманышат.

XIX кылымга чейин аскердик кемелердин капитандары “бороонду чакырат” деген ишеним менен матросторго бортто карта ойноого тыюу салышкан.

Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 951, 25-февраль-3-март, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан