ТУУРА ЖАШООНУН 5 СЫРЫ

Бул ирет Садхгуру деген ат менен таанымал индиялык мистик жана йогин Жагги Васудевдин эртең менен туруу, денени ойготуу жаатындагы кеңештерин сунуштайбыз.

ОЙГОНГОНДО ОҢ КАПТАЛ МЕНЕН ТУРУҢУЗ

Ойгонгондон кийин оң капталга оодарылыңыз. Анан чыканакка таянып туруңуз. Анткени сол капталда жүрөк жайгашкан. Эртең менен турганда ошол күнкү жашоо жүрөктөн башталат. Сол жак каптал менен турганда жүрөккө күч келет. Сиз уктап жатканда метаболизм процесси төмөнкү деңгээлде болот. Турганда ал процесс активдешип баштайт. Ойгонор менен сол каптал менен туруу адатка айланса, жүрөктүн иштеши акырындап бузула берет. Натыйжасында билинбей оору жаралат.

ДЕНЕНИ ОЙГОТУҢУЗ

Ойгонгон соң турганга шашпаңыз. Эки алаканды бири-бирине сүргүлөп, анан алакандарды эки көздүн үстүнө басыңыз. Анткени алаканда нервдердин бүткөн жерлери көп. Эки алаканды сүргүлөгөндө организмдеги бардык системдер ойгонот. Айта кетсек, дем алуу, тамакты аш кылуу, заара бөлүп чыгаруучу, таяныч-кыймылдаткыч, нерв жана башка системдер. Ошентип алакандарды сүргүлөөдөн денеңиз ойгонот. Алаканды көзгө басуу менен дененин ойгонушуна кошумча жардам бересиз.

ТУРГАНДА ЖЫЛМАЙЫҢЫЗ

Кечинде уктоо үчүн баарыбыз жатабыз. Бирок күндө эртең менен Жер шарында болжол менен 250 миңдей адам ойгонбойт. Алар түрдүү себептер менен көз жумуп кеткендер.

Эртең менен сиздин сөзсүз ойгонушуңузга 100 пайыз кепилдик барбы?

Сиз эртең менен ойгондуңуз дейли. Тирүү ойгонсоңуз муну кичинекей майрам катары белгилөө керек. Кантип? Сөзсүз секирип бийлөө керек эмес. Жок дегенде жылмайыңыз. Сиз тирүүсүз, барсыз, бул чын дилден жылмаюуга себеп.

Ойгонбой калган 250 миңдей адамдын жакындары, туугандары, достору, жакшы тааныштары кайгырып жатат. Алардын саны болжол менен 3-5 миллион дейли. А сиздин жакындарыңыз, туугандарыңыз, досторуңуз бар. Сиз кайгы чекпей турасыз. Бул экинчи ирет жылмаюуга себеп.

ЖЕР ЖАҢГАК ЖЕҢИЗ!

Сиз ойгондуңуз, кийим кийдиңиз, эми тамакка кезек келди.

Жер жаңгак (арахис) өзгөчө азык. Анда организмге керектүү нерселердин баары бар. 4-5 саат ток кармайт, башкача айтканда, ошончо убакытка жетчү энергия менен камсыздайт.

Жер жаңгакты 6-8 саатка сууга чылап коюңуз. Андан адам организминен жагымсыз заттар чыгып кетет. Болгону жер жаңгак гени өзгөртүлбөгөн жана химиялык жер семирткичтер менен өстүрүлбөгөн болушу кажет.

Эртең менен сууга чыланган жер жаңгакты блендерден өткөрүңүз. Ага өзүңүз каалаган жемишти кошуңуз. Банан же бал кошсоңуз эң жакшы болот. Мунун баарына болгону 2-3 мүнөт убакыт кетет, сизге болсо пайдалуу тамак даяр.

Боткону суюк кылып ичем десеңиз, кайнак суу кошуп алыңыз.

БЫРЫШКАН КИЙИМДИ КИЙБЕҢИЗ

Сиз ойгондуңуз. Эми бырышпаган кийим кийиңиз. Эмне үчүн? Буга жооп берүү үчүн баарын башынан баштайлы.

Гималай тоосунда деңиз деңгээлинен 2-3,5 миң метр бийиктикте түбөлүк көгөрүп туруучу рудракша дарагы өсөт. Рудракша – аныкталган термелүүгө (вибрация) ээ. Андан жасалган теспени оң энергияга ээ нерсенин үстүнө кармасак, теспе сааттын жебеси боюнча айланат. Ал эми терс энергиялуу нерсенин үстүнө кармасак, ал сааттын жебесине каршы тарапка айланат. Нейтралдуу энергияга ээ нерсенин үстүндө ал маятник сыяктуу ары-бери термелет.

Мисалы, биз бырышпаган барактын үстүнө ошондой теспени кармасак, ал саат жебеси боюнча айланат. Эми баракты бырыштырып туруп, кайра үстүнө кармасак, теспе тескери айланат. Демек, бырышкан барак терс энергияга ээ.

Ата-энеңиз сизге кийим жана башка буюмдарды бүктөп, орду-ордуна коюп жүр деп айтып үйрөтсө керек. Демек, ойгонгон соң төшөнчү, ордуңузду да кылдаттык менен калыпка келтириңиз, жыйнаңыз. Бул сиздин жашооңузга таасирин тийгизет. Индиялыктар жана башка көп элдер "чачылып жаткан төшөнчү орунда жин- шайтан (демон) ойноп кетет. Андай төшөктө уктаса терс таасири тиет" деп айтышат. Бул айтылган нерсе туура. Кандайынан туура? Биз жин-шайтан деп жашоонун негативдүү формасын айтабыз. Жакшы, сонун дегенибиз – жашоонун позитивдүү формасы.

Эми кайра баракка келсек, аны бырыштырганда негативди өзүнө тартып, жыйнай баштады. Эгер баракты бырыштырбасак ал энергиянын позитивдүү формасы боюнча калат.

Адам үйдөгү кийим, шейшеп, мата дасторкон, сүлгү жана башкаларды дыкаттык менен бүктөп сактоосу керек. Колдонордо бырышып калчуларын үтүктөө керек.

Жуулган таза 2 көйнөктүн бирин бырыштырып, экинчисин кылдаттык менен бүктөп, экөөнү тең 3 күн коюп коюңуз. 3 күндөн кийин бырышкан көйнөктү кийип көзүңүздү жумуңуз да, эмнени сездиңиз, байкаңыз. Анан ушуну берки көйнөктү кийип кайталап көрүңүз. Бырышканынан терс энергия, бырышпаганынан оң энергия сезилет. Андыктан таза, бырышпаган кийим кийиңиз.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 951, 25-февраль-3-март, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан