«ТАНДАГАН ТАЗГА ЖОЛУГАТ» МАКАЛЫНЫН ЖАРАЛУУ ТАРЫХЫ

Элибизде “тандаган тазга жолугат” деген макал бар. Анын келип чыгуу тарыхы боюнча айтылып жүргөн варианттардын бирин сунуштайбыз.

Илгери өткөн заманда бир хан болот. Анын көзгө басар уулу шыңга бойлуу, акыл-эстүү, сымбаттуу, куюлуштуруп сүйлөгөн жигит болуп чоңоёт. Эр жеткенде ата-энеси колунда барлардын кыздарын сунуштап, бирине үйлөн дешет. Жигит макул болбойт. Достору да улам бир кызды көрсөтүп, анын сынынан өткөрүшөт. Эч кимиси жакпайт. Акыры ата-энеси да, достору да жадашат да, “кызды эми өзүң тап” дешет.

Ошентип бир күнү жигит күлүк атын токуп, мыкты кийинип алып кыз издеп өзү жалгыз жөнөйт. Айылдан айыл аралайт, эч бир кыз көөнүнө толбойт. Бир күнү түш оой бир айылга жакындайт. Ошол кезде бир топ кыз булакка сууга келе жаткан болот. Алар жакындаганда кымча бел, ак саргыл жүздүү, көзү ботонукундай балбылдаган бир кызга көзү түшөт. Көрөрү менен жүрөгү башкача согуп, туйлап кетет. Жигит өзүнө жар болчу кыз ушул экенин ичинен сезет.

Кыздар булактан кайра кайтканда алардын артынан акмалап жүрүп отуруп, өзүнө жагып калган кыз кайсы үйгө киргенин баамдап калат. Кечки убак ошол үйгө барып түшөт. Кыздын атасы жигиттин жөн келбегенин туят. Кыздын үйүндөгүлөр колунда барын дасторконго жайнатып, жигитти жакшы кабыл алышат. Таанышып, сүйлөшүп отуруп кыздын атасы жигиттин сыпаалыгына, сөзмөрлүгүнө, адебине баа берет. Мындай жигитти ким болсо да күйөө бала кылып алмак. Кечки тамак желип бүтүп, үйдө жигит экөө гана калганда кыздын атасы жигиттин келүү себебин сыпаа сурайт. Жигиттин жүзү нурдана түшүп, оюн айтат.

Ошентип той болот. Тойго келгендердин баары кыздын назиктигине, сулуулугуна суктанып, аны узун кеп кылып анан тарашат. Жаш жубайлардын таттуу жашоосу башталат. Келинчеги күндүзү элечек кийип, түнкүсүн жоолук салынып, уктаганда анысын такыр чечпейт. Жолдошу суранса да күлүп кутулуп кетет. Жигит буга таң кала мында бир сыр бар экенин баамдайт. Бир күнү экөө конокко барып келишкен соң чарчаган келинчек катуу уктап калат. Ошондо күйөөсү акырын жоолугун чечип жиберип караса эле башы таз экен. Чочуп кеткен жигит дендароо болуп бир топко отурат. Анан кейиштүү түр менен:

“Кыздан кызды тандадым

Кундуздай кара чачтууну,

Кудай мага туш кылды
Аарчыган пияз баштууну”, -
деп армандайт. Бул сыр акыры бир күнү сыртка чыгып, келиндин таздыгы элге маалым болот. “Тандаган тазга жолугат” деген макал ошентип жаралыптыр.


Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
voennyi88
2021-03-02 19:57:47
Мага таздагы жок болуп жатпайбы.
+5
nur...nur.
2021-03-04 19:51:52
ушундай экенда ээ
0
Nursul
2021-03-07 12:37:49
Таз болсо деле мейли эле эң башкысы ыймандуу болсо болгону.
0
№ 951, 25-февраль-3-март, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан