ТЕЛЕФОН

Бүгүн биз Кыргызстанда отуруп Германия, АКШда жашаган адамдар менен телефон аркылуу байланыша алабыз. Бул эч кимге жаңылык эмес. Анда ошол телефондун жаралыш тарыхына бир көз чаптыралы.

1876-жылы америкалык ойлоп табуучу Александр Белл телефонду ойлоп тапкан. Телефонду өз убагында “тилдүү телеграф” деп аташкан. Алгач Беллдин телефону сүйлөшүү үчүн гана кызмат кылган, башка функциясы болгон эмес. Беллдин телефону телеграфка караганда алда канча ыңгайлуу эле. Ошондон тарта бардык ири шаарларга телефон станциялары орнотулуп, колунда барлардын үйүнө телефон коюла баштаган. 1879-жылы Александр Белл телефон чыгаруучу фирма ачат. 10 жыл аралыгында телефон АКШга кеңири тарап, 25 жыл өткөн соң миллиондогон адамдар телефон колдонууга өтүшөт. Телефон барган сайын дүйнөгө жайылат. Александр Белл 1922-жылы көз жумган. Анын жаркын элесинин урматына 1 мүнөттүк телефондук байланыш өчүрүлүп, АКШда ошол учурда 13 миллион телефондук чалуу токтотулган.

Учурда телефон бир гана байланыш куралы эмес, аны менен бирге фотоаппарат, кинотеатр, калкульятор, радио, календардын жана сааттын милдетин аткарат. Эң негизгиси – интернет.


Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Baatirbek81
2021-03-01 09:43:03
145 жыл мурун ойлоп чыгарса,бизде азыр кальюкулятор чыкпайтко!
+1
№ 951, 25-февраль-3-март, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан