СҮЙҮҮ СОНАТАСЫ

(Башы өткөн сандарыбызда)

– Баса, сенин кызың канчада?
Айдана аптыгып кетти. Жөнөкөй эле суроо болгону менен, талуу жерине таш болуп тийди. Аэропортто көзүнүн жашын көл кылып, өзүнө кол булгалап ыйлап, атасынын колунан жулунуп жаткан кызы көз алдына тартыла түштү. Иман анын кирдей түшкөн кабагынан эле калпыс суроо берип алганын түшүнүп турду.
– Мен барайын, Иман агай, жылуу сөздөрүңүзгө рахмат.
– Бара гой, этият бол.
Башын жерге салып кетип бара жаткан кыздын артынан карап туруп, Иман үшкүрүп алды. “Сезим оту эмнеге алып барбайт? Экөөнө тең жаман болду. Мунусу минтип азап тартып жүрсө, тигиниси түндөй түнөрүп, кабагын ачпайт. Эмнеге келди экен? А балким, бул тагдырдыр?” Иман ушинтип ойлонуп турду.
Айдана ойго чөгүп бара жатты. Ооба, ортодон өткөн беш жыл ал үчүн жеңил болгон жок. Жакшы адамдарга жолукту. Турмушка да чыкты. Абдул экөөнүн жолукканы да өзгөчө бир жомок.
Стамбулдун үп түндөрүнүн бири эле. Думуктурган абадан улам Айдана сыртка чуркап чыкты. Отургучка отура калып эчкирип ыйлап жиберди.
Жерин сагынып, элин сагынып, жат жерде жүргөнүнө бир жаны ачышса, Рустамга болгон кусасы жүрөгүн тызылдатып, анын баары көз жашка айланып, мөндүр болуп жаап жатты. Оо, көптөн бери бугу чыга ыйлай албай жүргөн. Кайдан ыйлайт? Жанталашып окумай, андан кийин машыгуулары менен алек болуп, анын үстүнө жатаканада чогуу жашаган кыздардан уялып ыйлай албай жүргөн.
Эчкирип ыйлап жаткан кыз кимдир бирөө каруудан алганын сезип, селт чочуду. Маңдайында тиктеп турган түрк жигитти көрүп, жактырбай жүзүн буруп кетти.
– Сизге эмне болду?- деди ал түрк тилинде.
Тигинин кичи пейил үнү ого бетер куйкасын куруштуруп, ордунан тура калды.
– Сизге эмне керек?!
Ачуу бүрккөн кыз жигиттин жүзүнө бир карап алып, жатаканага жүгүрүп кирип кетти. Ошол боюнча көп убакыт ал жигитти көргөн эмес. Бирок кийин билсе, ал аны сыртынан багып, өзү тууралуу маалымат чогултуп жүргөн экен.
Кыз пианинодо бериле ойноп жатты. Рустамды эстегенде ушул обонду ойноо адаты эле. Сыбызгыган обон муңканып жатты. Бир кезде жаштык, кумар, бакытты тартуулачу бул обон азыр башкача чыгып жатты. Бериле ойноп жаткан кыз капысынан токтоп, ойлуу отуруп калды. Ушул учурда арт жагынан кимдир бирөөнүн жөтөлгөн үнүн угуп, чочуп кетти. Кылчайса, кабак алдынан аяй тиктеген баягы түрк жигит турат.
– Сизди баятан бери угуп турдум. Жакшы ойнойт экенсиз. Бирок мага жаккан жок. Сиздей жаш адам мындай обонду ойнобошу керек.
– Сиздин ишиңиз эмес!- Айдана кесе сүйлөдү. Жок дегенде бир саатка жалгыз болуп, эскерүүлөрү менен алышып жатканда тоскоол болгон бул жигитти жаман көрүп турду. Бирок жигит анын тоң мүнөзүн сезбегендей күлүп-жайнай берди. Ошол күндөн баштап Абдул айланчыктады да калды.
Шайыр-шатман жүргөн жигитти кийинки кездери жакын көрүп, кадимкидей караанын издеп калчу. Өзүн ээрчиген Рустамдын караанынан убактылуу болсо да кутулуу үчүн аны менен көбүрөөк убакыт өткөрчү болду.
– Жериңди сагындыңбы?- деди бир күнү Абдул капысынан.
– Сагындым. Окуумду бүтөрүм менен Кыргызстаным кайдасың деп жолго чыгам.
– Сени ал жакта күткөн адам барбы?
Айдананын көзү муңкана түшүп, башын чайкады. Шап колдон алган Абдул кыздын көзүнө тике карап, жалдырап жиберди.
– Айдана, эгерде күткөн эч ким жок болсо, мени менен кал. Мен сени жакшы көрөм. Жок, жакшы көрүү эле эмес, жанымды бергенге даярмын. Экөөбүз үйлөнүп, бактылуу жашайбыз.
Жигит өрттөнө тиктеп турду. Анын жалынына ким болсо да туруштук бере албайт эле.
Мына ушундай болгон. Рустамды унутуу үчүн, жаңы жашоо үчүн жаңы турмушту баштаган. Алдында аны эмне күтүп турарын билбеген Айдана Абдул менен бактылуу болоруна ишенген.

ххх

Рустам кыжалаттана саатын карап алды. Күткөн адамына жини келе папкасын ары ыргытып, кофе куюлуп турган кружкасын бери ыргытып, ага да болбой демигип, бөлмөдө ары-бери баса баштады. Мындай абалда жүргөнүнө көп болду. Айдананын шаарга келгенин уккандан бери өзүнө өзү окшобой кыйналып жүрөт. Ошол учурда кирип келген катчысы аялы менен уулу келгенин айтты. Жумуш убагында дегеле келбеген аялына таң калып турду.
– Айдин, Айнура, силер кайдан?
– Сени көрүп кеткибиз келди. Анын үстүнө туулган күнүңө досторуңду чакырып койдум. Ошого камылга көрүп, базарга бара жатканбыз.
– Сен эмнеге кыйналдың? Айдоочуга эле тизмесин берип койсоң болмок.
– Жок, кыйналбайм деле. Сенин туулган күнүңө өзүм стол жасагым келди. Баса, жумушуңа каралап кеч келчү элең. Бул жолу кечикпе.
– Макул.
Уулунун маңдайынан өөп, аялына кол булгалап койгон Рустам кабинетине кирип, шалдая отуруп калды. Ал аңгыча телефону шыңгырап, кезикчү адамы да келди. Көп иштерди бүтүрдү. Бирок көңүл борборунда таптакыр башка маселе турганын сезип, эмне кыларын билбей жатты. Акыл-эси, сезими, дили Айдана деген ысымга умтулуп, ошол адамды көрүү жашоодогу максатына айлангандай сезилип жатты. «Жолуктум дейли. Анан токтоно аламбы? Көрө электе эле ушунчалык чабалактап жатам. Көргөндөн кийин андан баш тарта албай калсам эмне болот? Жок, бул жолу чын эле баш тарта албайм. Андан көрө көрбөй койгонум оң. А кантип чыдайм? Же ал кеткенче үй-бүлөмдү алып бир жакка кетип калсамбы?»
Ушинтип чабалактап жатып, канча убакыт өткөнүн билбейт. Бир маалда аялы телефон чалып калды.
– Рустам, коноктор келишти. Жалгыз сени күтүп калдык. Качан келе­сиң?
– Кайсы коноктор?-деп алып Рустам шашып кетти.
– Аа, бүгүн конок келерин унутуп калган экем. Кечирип кой. Азыр чыкканы жатам.
Ордунан тез туруп, сыртка бет алды. Үйүнө жакындаганда эле коноктордун бакылдаган үндөрү угулду. Босогону аттаган Рустамдын алдынан тосуп чыккан уулу болду. Адатынча эркелетип, жерге түшүрүп өйдө карай берген Рустам турган ордунда катып калды. Алдында жалооруй жылмайган Айдана турган эле. «Жок, ал болушу мүмкүн эмес. Балким, окшош бирөөдүр». Көзүн ачып-жуумп кайра караган Рустам көргөн көзүнө ишене албай калтырап кетти. Ооба, алдындагы чачы тыкан жасалган, жарашыктуу боёнгон, модалуу кийинген келин анын качанкы жоготкон сүйүүсү – Айдана болчу.
– Сенби?

Нуржамал Жийдебаева

(Уландысы кийинки саныбызда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Gulnaz
2010-10-22 21:37:50
Чыныгы окуя. узбой окуйм..
0
Akjol
2010-10-27 19:06:48
Турк балага тийгени жакпады,кыргыз куруп калыптырбы.Аман эле болгулада кыргызымдын кыздары.
0
№ 416, 22-28-октябрь, 2010-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан