Окурман, биз туяк деген жаңы телчигип келе жаткан рубрикабыздын алкагында күү атасы болгон Нурак Абдырахмановдун кызын сөзгө тарттык. “Сүйө алсаң ушундай сүй” деген ой жаралды бул маектен кийин. Залкар адамдын чыгармачылыгы, ата катары, күйөө катары, инсан катары жаңы тарабын ачып бердик деп ойлойм. Күлкүлүү, ачык, жарык маанайдагы маек сиздин да көңүлүңүздү көтөрөт болуш керек. Ширин Абдырахманова атасынын жолун жолдоп ырчы, эки баланын апасы.
“АТАМ КӨРӨГӨЧ ЭЛЕ”
– Кыргыздын залкар инсаны, күү атасы, айтылуу Нурак Абдырахмановдун кызы болгонума аябай сыймыктанам. Эң башына келсек, “уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат” дегендей, чоң атам сөзмөр, санжырага кызыккан адам болгон экен. Элдин бардыгы эле билгендей, атамдын эки байбичеси бар. Биз 14 бир тууганбыз. Мен биринчи байбичесинен туулган кенже кызымын. Эки байбичесинен тең 4төн уул, 3төн кыз. Атамдын калыстыгы мындан да билинет (күлүп). Атамдын өнөрүн мен улантып келе жатам, обончу, аткаруучумун.
Атам кандай ата эле дегенде эң биринчи калыстыгы келет. Баарыбызга көңүл буруп, таарынтпай, бирөөнү жакын, экинчисин алыс кармабай бооруна басчу. Анан аябай баласаак эле. Айрым аталар эмоциясын чыгара алышпайт го, атам андай эмес болчу. Өөп-жыттап, кучактап мээримин төгүп турчу. Кийин ал сүйүүсү неберелерине өттү. Көрөгөч болчу, ар бир баласына кесипти туура тандап берген. Эң улуу агам архитектор, аны да атам сунуштаган. Мисалы, мен комузчу болгум келчү, бирок атам “күү жаратуу үчүн салмактуу мүнөз болуш керек, сен ачык, шайыр кызсың. Андан көрө ырчы бол” деген.
Өтө жумшак эле, ата катары какыс-кукус кылганы эсимде жок. Кемчилигибизди көңүлдү калтырбай, бирок аны кайталаганга жол жок экенин билдире айтчу.
Атамдын чыгармачылыгы тууралуу сөз кылсак, ал музыка менен жашаган. Обондорун, кайрыктарын кайра-кайра тажабай иштеп чыкчу. Бир нече аспапта ойноп, комуз чапчу. Харизмасы да күчтүү эле, бул сапаты да чыгармачылыгында бир топ роль ойноду.
Атамдын эң кеңири жайылган ырларынын бири “Аппак сүйүү”. Бул ыр 1994-жылдары жаралган. Өзү комуз менен ырдачу, кийин бир топ ырчылар ырдап чыкты, мен да ырдадым. Бирок ырдын бактысын Юлия Руцкая ачса, ыр да анын бактысын ачкан сыяктуу. Бул ыр атамдын 1968-жылдары ырдаган бир ырына аябай окшош. Ошондуктан өзүнүн тагдырына, махабатына, эки байбичесине арнаган ыр деп кабыл алам. Анткени экөө тең ошол ырга татыктуу сүйүүнү баштан кечиришти.
“ҮЧ ТАГДЫР, БИР МАХАБАТ”
– Атам апам менен чогуу жашап, 6 балалуу болгондо экинчи апабыз менен табышып калыптыр. Мен атам кийинки аялына кеткенден кийин төрөлгөм, апамдын курсагында калыптырмын. Кийинки апабыз төрөгөн кыз менен айырмабыз эки ай. Атам кеткенден кийин бир жылга жетпеген убакыт гана таарынышып жүрүшсө керек. Мен 1 жашка чыкканда кайра катташып калышкан экен. Эки апам сүйлөшүп бир бүтүмгө келип, атама “сиздей адамга эки аял көптүк кылбайт” деп ич ара мамилелери түзөлөт. Экөөнүн тең турмушту түшүнө билгендиги, бийиктиги, эң негизгиси, атамдын талантын сыйлай билүүсү себеп болду. Мен үй-бүлөдө таарынуу кандай экенин элестете албайм. Анткени биз бапыраган, эч кимге эч ким таарынбаган эки апанын жана бир атанын колунда тарбияландык. Эки аялдын эстүүлүгүнөн балдарынын жан дүйнөсүндө эч кандай негатив из калтырышпады. Бул үчөөнүн тең жеңиши болду десем жаңылышпайм.
Албетте, эки энебиз тең кайсы бир оор этаптарды баштарынан өткөрүшсө керек. Бирок атамдын махабатын терең түшүнгөнү үчүн бул абалды жеңил жагына оодарып ийишкен. Курч учурларда үчөөнүн ортосунда оор сүйлөшүүлөр болсо болгондур, бирок ал бизге эч кандай жагымсыз из калтырып, жашообузга көлөкөсүн түшүргөн эмес. Атамдын көзү өтүп кеткенден кийин деле эч нерсе өзгөргөн жок. Той-топурда, үй-бүлөдө болгон маселени эки апабыз отуруп чечип, бизге баш-көз болуп, атамдын 14 баласын бир үйдүн түндүгүндө бекем кармап келе жатышат. Чогулганда өзүнчө бир чоң шаар болуп калабыз. Өзүмдүн апам “сүйүүгө кыянаттык кыла албадым, атаңар мени да, аны да сүйдү” деп айтып калганы бар. Атам аялзатынан бактылуу экен. Энелерибиз айкөл болгондуктан тагдырдын эрке баласы болуп жашап өттү.
“АТАМДЫН КҮЛКҮЛҮҮ ЖОРУГУ”
– Атам баладай кыялкеч эле. Кыялында чектөө болбогондуктан, ой-чабыты ушунчалык күчтүү болгондуктан жогору деңгээлге жетсе керек. Атам тынч жер болсо эле отура калып комузун кырып кирчү. Бир жолу концертке барып ырдамак экен. Сахнага кийген кийимин кийип, комузун көтөрүп турса акыркы тизмеде экен. Убакыт бар дегенби, комузун көтөрүп алып чертип жатканда үнү жакпай калса керек, далдоо жерге барып комузун кырып отуруп алат. Канча убакыт өткөнүн билбей калган го, кезеги келип “Нурак Абдырахманов, “Күйдүм чок!” деп атын атаса эле атам жок. Ырчы Бакыт Шатеновдун үнү атама окшошураак эле. Атамдын ордуна аны чыгарып жиберип абалдан чыгышыптыр (күлүп). Ушинтип өзүнүн дүйнөсүнө кирип кетмейи бар болчу. Атамды дайым күлүп, жадырап эстейбиз, түшүмө да дайым ушундай жайдары кирет.
“ДАРТЫ МЕНЕН МҮМКҮН БОЛУШУНЧА КҮРӨШТҮК”
– Атам ашказандын рагы менен ооруп калды. Биз дарты менен мүмкүн болушунча күрөштүк. Ооруканадан чыгып келгенде аябай кыйналды. Акыркы жолу көргөнүмдө уктап жаткан экен. Колуна бир нерсе кармап алыптыр, алып коёюн десем көзүн ачып “атайын кармап алдым” деди. 25-майда каза болду деп суук кабар угузушту. Биз сабырдуу болдук, эс-учубузду жоготуп, баш-аягыбызды таппай калган жокпуз. Өлүктүн да каадасы болот эмеспи. Баары өз орду менен, иреттүү, өзүнүн даңазалуу атына жараша узаттык. Бирок атамды эмнегедир өлдү, бүттү ушуну менен жок деп эсептей албайм. Дайыма көңүлүбүздө, куран окутуп, күлүп эстеп жүрөбүз.
Чыгармачыл адамдын өмүрү чыгармаларында жашайт. Азыр атамдын ырларын кайра иштеп чыгып жаткан муун бар. Атамдын мурасы болгон ырларын, күүлөрүн сактоо, таратуу максатында Нурак Абдырахманов атындагы фонд ачканбыз. Жакында Мирбек Атабеков бир ырын ырдап чыкты. Дагы далайлар ырдашат, күүлөрү чертилет, сиздердей болуп эстеген эли бар.
Айта кете турган нерсе, атамдын эл жакшы билбеген дагы бир чоң эмгеги – “Улуу баян” деген чыгармасы. Муну чет өлкөгө барганда тарыхчылар менен кезигип, ойчулдар менен пикир алышып жүрүп буудайды бирден терип келгендей терип тарыхты жазып кеткен. Бул санжыра, кыргыздын түпкүлүгү тууралуу жазылган китеп. Атам ырга, күүгө кандай өзүн багыштаса, бул эмгегине да аябай дыкат көңүл буруп жазган. Бул китеп да өз убагында өзүнүн баасын алат деген ишенимдемин.
Нуржамал Жийдебаева