Бул төкмө акынга айтыштарда "аппаксың" деп тийише беришет. Мындай сөздөн кийин бул жолку маектешибиз Болотбек Назаров экенин дароо баамдасаңыз керек. "Чагылган акын" аталган Болотбек мырза суроолорубузга уйкаштырып жорго сөз түрүндө жооп узатты.
Туулган жылы – 1993-жыл, 10-январь
Билими – Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Маданият жана искусство университетинин театр жана кино факультетинин драма жана кино актёру бөлүмүн аяктаган
Үй-бүлөлүү, эки баланын атасы
– Арыбаңыз, Болот мырза! Алгач окурмандарыңызга өзүңүздү кенен тааныштыра кетсеңиз.
– Абдан чоң ырахмат, айтайын анда ырастап жорго сөз менен, эмесе, жооп берейин ырааттап. Абалкы жорго сөз менен агылайын булактап, өзүң суроо бергенде өзүмдү кетсем кубаттап. Туулган айылым Таш-Башат, туура эле болот мактасак, торолгом тоонун коюнунда, тоодой милдет моюнумда, чаң жолу менен айылдын чоң жолго түшкөн тайыңмын. Бар билгеним ыр гана, башкасына кайылмын.
Өттү менин бойтойгон балалыгым айылда, өтүк менен суу кечип, балык уулап жайында. Чоң атамды көп ээрчип, чогулган жерге барганмын, чокчо сакал чалдардын чок кебине канганмын, чоң устукан алганмын, ошентип чоо-жайын сөздүн түшүнгөм чордонунан чалдардын.
Мектепте бала кезимде тентеги дагы мен элем, элдеги майрам күндөрү элпеги дагы мен элем. Эки-экиден мушташып, эркеги дагы мен элем, тартипсиздик жагымдан таякты далай жечү элем
– Ата-энеңиз тууралуу айтып берсеңиз.
– Небересимин Назардын, не бирин билем казалдын. Өнүп-өсүп айылда, өрдөк ал десе, каз алдым. Чыпчын атым Болотбек, бирок чакырышат Болот деп. Атап кетсем болчудай, атамдын аты Койчубай, апакем аты Дамира, аны эңсеймин дайыма. Багыштап куран кез-кезде, барып турам жайына.
Белгилеп айтып коёюн, беш бир тууган боломун. Чынаркүл, Гүлзат, Мунара, Болотбек, анан Тумара, төрөдөн сыйлуу өбөлгөм, ушинтип төрт кыздан кийин төрөлгөм.
– Чыгармачылык кандан өтөт дешет. Сизге бул өнөр кимден өткөн?
– Чоң жугузган анык шык, чоң атам Назар жарыктык. Мурункудан сүйлөсө мурутчандар кашында муюп калышар эле. Унутуп малын тейлөөнү уюп калышар эле. Тай энем да кошоктон созуп-созуп ийчү экен, кооздоп улам арт жагын кошуп-кошуп ийчү экен.
Элдик ушул өнөрүм эки жактан болгондур, эң негизин айтканда, Эгем берип койгондур!
–Устатыңыз менен кайдан таанышып калгансыздар? Ал адам тууралуу сөз болгондо кайсы мүнөзү эсиңизге келет?
– Алмадай бала кезимде, "Айтыш" коомдук фондунан, колуна колум тийгенде козголгон жүрөк ордунан. Эсимде менин азыр да эченди көрүп элдеги эчкирип алган жерлери, жагдайды көрүп элдеги жашып алган жерлери. Эсилим Элмир устатым (ред.: Элмирбек Иманалиев), эченге берди нускасын. Куюлган ар бир ырларын кунт коюп алып тыңшачумун, он жылдай жүрдүм жанында, он сөзү кантип жукпасын?
– Сизди "чагылган акын" дешет. Бул лакап атыңыздын таржымалын айтып берсеңиз?
– Төбөлөш бир айтышта, төө тикен болуп тилдерим, төбөлдөрүн эл жеген төбөсүнө тийгенмин.
– Эсиңизде калган айтыш кайсы болду?
– Таластын жогору жагында, так эле күздүн маалында, Абдылда акын жанымда, сенин атаң мен деген, сезимтал бала чагымда. Сыйгаланбай айтыштым, сына жаздап шагымда, андагы ата-баланын айтышы дале жадымда.
– Сизге ким менен айтышуу кызык?
– Изат кыз (ред.: Изат Айдаркулова) менен айтышкан, итеришип тартышсам, ийге келип балкышсам, кажыбайм да, тажабайм, калем каш менен айтышсам.
– Сиз баалаган төкмө акын?
– Унчукпаган "менмин" деп, уккандар турган мелмилдеп, устатым эсил Элмирбек.
– Көпчүлүк төкмө акындар сизге "карасың" деп тийише беришет. Мындан тажадыңызбы?
– Кайдан билсин ал балдар кара-кыргыз дешкенин, кара жердин үстүнөн кара көчтөр өткөнүн. Качандыр Алтай-Саяндан кара аламан көчкөнүн, тажабаймын сөзүнөн татыксыз азар-казардын. Татынакай өңүм бар так өзүндөй казандын.
– Сахнада бири-бириңиздерди чымчып, тийишип айтышасыздар. Айтыш бүткөндө таарынышкан учурлар болобу?
– Ар кимде бар ар кыял, ал кыялды ким тыяр? Талпагым ташка жайса да, таарынып калчу мен эмес, таарынганы бар чыгар, адамдын баары бир эмес.
– Коомдо болуп жаткан көйгөйлөрдү айтып, төгүп турасыздар. Өлкөдөгү кайсы маселе ойлондурат?
– Бак өсөт, бирок кен өспөйт, эл өсөт, бирок жер өспөйт. Тердиктей жерди бербөөгө, тер төгүп келсе бир кезде, тер менен келген жерлерди теридей саткан бул кезде, жер тагдыры ойлонтот. Куюлгутуп дүйнөнү хун болуп жүрсөк бир кезде, кулкундуу чоңдор айынан кул болуп жүргөн бул кезде, эл тагдыры ойлонтот.
– Сөз соңунда үй-бүлөңүз тууралуу айтып кетсеңиз?
– Аздектүү асыл аял бар, андан эки балам бар. Эрте катын алгыла, эсиң болсо, жарандар, жарым менен биригип, бир өлүп, бир тирилип, тешилгенди бүтөдүк, кетилгенди кынадык. Жашыгыраак жаш балдар экөөлөсө чыдадык, жарды турмуш, куу тагдыр төртөөлөсө чыдадык. Жубайым аты Нурзат жан, жүдаа мага кымбат жан.
Жан дүйнөмдүн ачкычы, жалгыз досум сырдашкан. Ал жароокерим, жан биргем, жакшы көрөм жан дилден. Суу сурасам сүт берген, сүрүм качса күч берген, кылымда жок арууну Кудай мага түз берген.
Перизат Музуратбекова