Актриса болом деген кыялына жеткен ШИН ХЕ СОН

“Динозавр Дули” деген мультфильмди жакшы көргөн Шин Хе Сонду ата-энеси эркелетип Дули деп коюшат. “Мен азыр деле ата-энем менен жашайм. Кесибимде жеткен ийгиликтерге алардын тийгизген таасири чоң. Кээде атам мага сунушталган сценарийлерди окуп чыгат. Көпчүлүк учурда “өзүң чеч” дегенсип унчукпайт, эгер сценарий жагып калса, “мазмуну терең тасма болчудай, ойлонуп көр” деп коёт. Уйкучумун да, анан мен таң эрте турчу күндөрү апам келип ойготот, тамагын берип узатат. Айтор, апам менен атамды өзүмдүн түйшүгүмдөн арылта элекмин...”- дейт Шин Хе Сон. Эгер корей сериалдарын сүйүүчүлөрдүн катарына кирсеңиз, бул актрисаны дароо тааныйсыз. Жакында эле бүткөн популярдуу “Ханыша Чорин” дорамасынын жылдызы Шин Хе Сон бүгүн k-pop рубрикабыздын каарманы болду.

“ЖАШООМДОГУ ЧОҢ ӨКҮНҮЧ...”

– Негедир экрандан башым өзүмө чоң көрүнө берет. Ар бир тартылган тасма, сериал же башка берүү болобу, үй-бүлөбүз менен чогуу отуруп алып көрөбүз. Каткырчу жерден каткырып, кемчилик болсо чогуу талкуулайбыз.

2020-жылы “Күнөөсүз” деген тасма чыкты го. Анын бет ачарын баарынан да таенем чыдамсыздык менен күттү. Балким, бир нерсени сезгендир, ошон үчүн шашкандыр... Тасманын бет ачары эки ирет артка жылдырылды. Мени телевизордон карап отурганды жактырган таенем болсо тасма экранга чыккыча жетишпей калбадыбы... О дүйнөгө кете берди. Бул... мен үчүн жашоомдогу чоң өкүнүч,- дейт актриса.

Ата-энесинин эрке кызы Шин Хе Сон 1989-жылы бийкеч жылдызынын алдында, 31-августта жарык дүйнөгө келген. Ал эс тартып калган кезде, тагыраагы, 2000-жылы “Жүрөгүмдө күз” дорамасы популярдуу болгон эле. Андагы актёрлордун бири Вон Бинди жактырып калган кыз «келечекте актриса болсом, Вон Биндей актёрлор менен иштешсем» деп кыялданат. Кыялды максатка айланткан ал мектепти аяктагандан кийин жеке менчик Сежон университетинин киноискусство факультетине тапшырган.

“КЕМЧИЛИКТЕРИМДИ ТАСМА ТАЛААСЫНАН ТОЛУКТАЙМ”

– Кинодогу каармандарыма салыштырмалуу жашоодо тартынчаакмын. Оюмдагыны так кесе айтып салбай, адамдын көңүлүн карай бермей жайым бар. Ишенчээкмин, адамдарды жаман-жакшы деп бөлгүм келбейт. Бирөөнү жаман көрүп калгандан да корком. Анткени жаман көрүп калсам, кайра кабыл алуум оор. Өзүмдөгү кемчилик, жетишпеген сапаттарды тасмада толуктап, түрдүү образдарды жараткым келет,- деген Хе Сондун фильмографиясында чынында эле түрдүү образдар бар.

Жакындары “жөнөкөй адам” деп сыпатташкан Хе Сондун актрисалык тушоосу 2012-жылы “Мектеп-2013” дорамасы менен кесилген. Чачы кыска, өзүнүн чыныгы атындай Шин Хе Сон деген окуучунун ролун аткарган актриса эсиңизге түштүбү? Андан кийинки 3-4 жыл аралыгында жалаң экинчи пландагы каармандарды ойносо да, анын таланттуу экени көпчүлүккө маалым боло баштаган. Экинчи пландагы каармандын образы аркылуу актрисага атактуулук алып келген “5 бала” сериалы болду. 2017-жылы ал 1-жолу “Күн” деген тасмада жана “Сырдуу бакча” сериалында баш каармандардын ролун аткарат. Мына, эми Хе Сонду жалаң негизги ролдордон көрө алабыз. Ушул эле жылы чыкка н “Менин алтын жашоом” дорамасы жөнөкөй кызга олуттуу кино сыйлыктарды алып келди. 2017-жылдан бери Шин Хе Сон Түштүк Кореянын эң мыкты драмалык актрисаларынын катарына кирет. Мындай урматка ээ болуу актёр-актрисалар үчүн чоң жетишкендик.

“БИРИНЧИ ЖОЛУ...”

– Азыркыга чейин камера иштеп баштаганда толкунданганым калган жок. Сценарийди окуунун биринчи күнү, тартуу иштеринин биринчи күнү... Айтор, “биринчи” деген сөздү укканда нерв болуп кетем. Буюрса, кесибимдин арты менен муну да жеңсем керек.

Хе Сон айткандай, аны биринчи жолу “30, бирок 17” сериалында көргөм. 17 жашында кырсыктап комага түшкөн кыз 13 жылдан кийин ойгонот. Биологиялык курагы 30, аң-сезими, дүйнө таануусу 17 жаш куракта калган кыздын образын мыкты чагылдырып берген.

Андан кийин мен жактырган сериалдардын катарына “Периштенин акыркы миссиясы: Сүйүү” кошулду. Сериалда көзү азиз балеринанын ролун жаратуу керек эле. Аз да болсо балеринага окшошкусу келген Хе Сон сериалдын алдынан 6 ай атайын балет мектебине барган. Тартуу иштери башталганда анын бий кыймылдарына профессионал балет бийчилери да баа беришкени айтылат.

Ал эми “Ханыша Чорин” сериалы көпчүлүктүн жүрөгүнөн түнөк тапты окшойт. Бир учурда назик, үлбүрөгөн, татынакай кыздан олдоксон кыймылдаган, шатырата сөгүнгөн Ким Со Ёндун ролу Хе Сондун жаңы талантын ачты десек болот:

– “Ханыша Чорин” мен үчүн жаңы тажрыйба, карьерамдагы жаңы барак болду. Биринчиден, бул менин тарыхый тасмадагы алгачкы ролум. Экинчиден, Ким Со Ёндой эр жүрөк, тайманбаган, өзгөчө кыздын образын жарата элек болчумун. Дорама кантип башталып, кантип бүтүп калганын өзүм да байкабай калдым,- дейт Хе Сон.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Afrodita1993
2021-03-08 17:16:15
Кайра кайра окугун келетго өмүр таржымалын, супер инфо рахмааат
Ишиңиздер өркүндөй берсин Алга!
Ушул кинолорду озвучка кылган Принц Лимон жана Аконялар жөнүндөда маалымат бериниздерчи сураныч
+4
Baatirbek81
2021-03-09 09:29:45
Турси менен төш кап канча сом болот же жокпу анысы?
-3
№ 952, 4-10-март, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан