(Башы өткөн сандарда)
– Эш-шек... Энеңди...- тапанчасын Тилектин башына туштады. Азыр басып жиберсе... Же Мирбекке тийип калабы? Айласы кете түштү.
– Ыргыт тапанчаны!- Тилек өктөм үн катты.
– Марс байке, ыргытыңыз... Мунуң жанынан кечкен неме атып салат!- Мирбек ыйламсырай үн катты. Бирок Марс тапанчаны түшүрө турган эмес. Мээлеп жатат...
– Марс байке-е?..- Мирбектин үнү аянычтуу чыкты. А Тилек байкап калды. Мээлеп аткан жатат... Эртелеш керек. Ушул ой мээсине кадалары менен тапанчаны Марсты каратып атып жиберди. Марс кулап түштү. Тилек аңдан кантип чыкканын деле билбей калды. Оң ийинин басып Марс жерде бакырып жатыптыр. Арыда боз ала чаңдын арасында тапанчасы жатат. Тилек шаша-буша эле ага жетти. Мирбек чыга калып, кол салууга аракет кылабы дегендей артын карады... Жок, өзү казган чуңкурда эле отуруптур.
– Аа-а...- Марс жараатынын оорусуна чыдабай бакырып ыйлап жатты.
– Эй, тур чык! Алып кел телефонуңду!- телефонун колунан жулуп алды.
– Братан, атпа! Атпа, братан... Балам бар,- Мирбек жалдырады.
– Машинаны от алдыр... Бул өлүп калбасын!
Мирбек түшүнбөгөндөй селейип туруп калды. Качан гана Тилек Марсты машинаны карай көтөрүп жөнөгөндө чуркап барып эшик ачты да, рулга отуруп ачкыч бурады. Канжалаган напарнигинин өңү-купкуу болуп, кебетеси бузулуп калыптыр. Өлүп калат го... Мирбек дароо ушинтип ойлонду. Тилек болсо экөөнүн телефондорун, рацияларды чөнтөктөрүнө шыкап жатты.
– Айда!
Машина чымын-куюн боло чаң сапырып жөнөдү. Үн-сөзсүз гана бара беришти. Мирбек улам артын карайт... Арткы орундукта Марс алсыз гана онтоп келе жатат.
Шаарга дагы 4-5 чакырымдай бар болчу. Жанатан унчукпай келе жаткан Тилек эсине келген кишидей “токто!” деп өктөм буйрук берди. Эмне кылганы калды?
– Форманы чеч! Тез-тезден... Бол!
Мирбек шашкалактап топчуларын бошото баштады. Аз өтпөй ал ич кийимчен гана калды. Тилек шапа-шуп анын кийимдерин кийди да, онтоп жаткан Марска жаңсап “түшүр!” деди.
– Братан, бизди таштап кетпе! Өлүп калат...
– Өлбөйт! Мен шаарга чыгарым менен “Тез жардам” жөнөтөм...
Марсты түшүрөрү менен унаа зуулдап жөнөдү. Ич кийимчен, көздөрү коркунучтан алайып калган Мирбек жерде Марстын башын кучактаган бойдон отуруп калды.
ххх
Шаар ичинде милициянын унаасы бир да жол чыракка токтобой зуулдайт. Ичиндеги милиционер көйнөгүнүн төшүн жагжайтып ачып алып, өзүнө жарашпаган кара көз айнекке көздөрүн жашырып мас немедей баратты.
Бир учурда ал маанилүү нерсени эстегендей чөнтөгүнөн шымалана телефонун алып чыкты.
– Алло! Молодая Гвардия менен ылдый түз кеткенде... Милицияны атып кетишиптир. Жолдун жээгинде жатат. Эртелегиле... Өлүп калбасын!- сүйлөп бүтүп телефонду терезеден сыртка ыргытып жиберди.
Мындан ары эмне кылат? Көлгө... Көлгө кетиши керек. Сашанын үйүнө барат. Ошол жакта жашынат. Ал жерден аны бир да адам таба албайт. Башына келген толтура ойлордун ичинен ушул гана акылга сыярлык сезилди. Чын эле Сашанын үйүнө жашынып, өзүнө келип алсын... Башка жолу деле жок. Жашынууга эң ыңгайлуу жер Сашанын Көлдөгү үйү.
Жаңы конуштагы ичке таштак жол менен келе жатканын ойлорун жыйнаганда гана түшүндү. Маңдайындагы кара түстөгү Субарунун жолун тосуп эле токтоду. Тапанчанын бирин шымына кыстарып, экинчисин колуна жалаңдатып эле көтөрүп чыкты.
– Токто!- алая түшкөн айдоочу ага тапанча каратып чыга калган милиционерди түшүнбөй карап калды.
– Эмне болду, байке?- айдоочу орундугунда колун көтөргөн бойдон катыды. Тилек машинага башын сала берип, арткы орундукта жаш келиндин 6-7 айлык ымыркай кармап отурганын көрдү. Шап эле арткы орундукка отура калды.
– Тонировка барбы арткы терезеде?
– Бар...
– Байке-е...- келин кыйкырмакчы болуп эшикке жабышты.
– Үнүңдү чыгарба! Эй жигит, мага жардам гана керек уктуңбу?! Азыр Көлгө айдайсың! Эч нерсе болбогондой... Ашыкча кыймыл кылмай жок. Сенин аялың менен балаңбы?
– Байке, аларды таштап коёлу. Каалаганыңызды аткарам...
– Жок. Биз менен барышат. Чолпон-Атага таштайсың... Болду, мен сени коё берем.
– Байке-е...
– Айда-айда... Балаң менен аялыңдын өмүрү сенин колуңда, уктуңбу?
– Жүзүңүздү көрүп калдык. Жеткен соң атып таштасаңызчы?..
– Мен сага жигитче сөз берем. Көлгө жеткир, болду. Балаң, аялың аман калат. Мени ансыз деле бүт Кыргызстан издеп жатат. Айда!
Айдоочу айласы кете айдап жөнөдү. Тилек жана чөнтөгүнө салган рацияны алып чыгып иштетти.
“Бардык постторго... Милициянын кызматтык унаасында дешти. Машинаны карагыла! Шектүү машина көргөн болсоңор дароо маалымдагыла...” Рациядан кызматтык унаанын номурларын какшап жатышты.
– Көрдүңбү, баары издеп жатышат. Сүрөтүм ар бир даракка чапталуу. Ошон үчүн кам санаба, сага тийбейм...
ххх
Эмнегедир Марска кошуп Мирбекти деле палатага жаткырып коюшту. Болбосо анын алган жарааты деле жок болчу. Же дарыгерлер анын өң-алеттен кетип калганын көрүп тынчтандыруучу дары сайып, эс алдырып коюуну чечиштиби, белгисиз... Айтор, түн ортолоп калганда уктап жаткан Мирбекти жулкулдатып ойготту.
– Эй, көк мээ, тур!
– Аа... Сиз белеңиз?
– Эй, мээң дурайын көк мээлер! Качантан баштап Марс экөөң эле “задержаниеге” барып калдыңар эле, аа?! Мага бир ооз айтып койбойсуңарбы?
– Шеф, мен эч нерсени түшүнбөй калдым... Марс байкеге бир кыз чалып, Тилек эс-учун билбей жатат. Алы кеткен. Кармап ал деп чалды. Даректи толук айтып берди. Анан... Марс байке “экөөбүз эле кармап келебиз” деди... Мен башкалар да барат деп ойлогом, бирок... Марс байке квартира...
– Кандай?
– Сиз ага аны кармап келсең квартира берем деп убадалаган экенсиз. Анын үстүнө Марс байке толук ишене албай жатты окшойт. Кармасак квартира болот, эгер жалган болсо мен камалып кетем... Ошон үчүн экөөбүз гана баралы деп болбой койду.
– Сен муну бирөөгө айттыңбы?
– Жок!
– Бул сөз оозуңдан чыкпасын! Силердин “лажа” болгонуңарды азырынча эч ким билбейт. Эптеп жашырдым, энеңдурайындар! Эгер ушунун баары жогору жакка жетсе мен сенин алдыгы шалпайган оозуңду шибеге менен тигем, уктуңбу?!
– Менден башкалар айтып коюшсачы?
– Вот именно, сенден башка эч ким айтпайт. Эгер кымындай эле маалымат тараса, мен аны сени таратты деп билем, уктуңбу?!
– Уктум...
– Тетиги көк мээни карап жатасың эсине келгенче. Ата-энесине экөөңдү командировкага кетирдим деп койдум. Көзүн ачары менен мага чал...
– Макул...
– Баса, эмне болгон машина тиги...
– Жерге көмүлгөнбү? Ошону менен бирөөнү тоноптур Тилек. Өзү ошентип айтты.
– Ошого ишенип тиги жакты барып каздыңар анан? Келесоолор!
– ...
– Канча акча тоноптур?
– 700 миң...
– Сомбу?
– Доллар...
– Тиги келесоо Тилек менен бир эмеспи?- керебетте араң дем алып жаткан Марсты көрсөтө.
– Жок... Тилек кармалган болчу. Наручник бар эле колунда. Анан акча боюнча айтканда... Тигил жакка барып казып жатып...
– Түшүнүктүү...
ххх
Аскар ойгонору менен кучагында жаткан Сабинанын чачтарын шуу жыттады. Сагынган болчу. Эми бул кызды эч кимге бербейт. Бекем кучактап уйкусурап жаткан кызды туш келди өпкүлөп баштады...
(Уландысы кийинки санда)