“КАН БАСЫМДЫ ТҮШҮРБӨЙ УКТАП КАЛСА ЭМНЕ БОЛОТ?”

Жүрөк-кан тамыр ооруларына байланыштуу окурмандардан келген суроолорго кардиохирург Эсеналы Сарыков жооп берди.

– Мен 4-5 жылдан бери жогорку кан басым оорусунан жапа чегем. Дарысын күндө ичпесем кан басымым көтөрүлө баштайт. Көтөрүлгөндө башым айланып, буту-колум аздан титиреп, шалдырап уйкум келет. Бирок дарымды ичпей уктагандан корком. Эгер аны ичпей уктап калсам эмне болот? Кан басымым көбүнчө 150гө чыгат.

Нуриза, 49 жашта, Ош

– Сизге кайрадан кан басымыңыз эмне үчүн көтөрүлүп жатканын тактатып алуу сунушталат. Мисалы, бөйрөктүн артериясы кысылып калса, ошондой эле моюн остеохондрозу болсо да кан басым жогорулайт. Анан ошого жараша дарыланат элеңиз.

Көтөрүлүп кеткен кан басымды түшүрбөй уктап калууга болбойт. Инсультка чалдыгуу коркунучу бар. Андыктан кан басымды түшүрүп, анан уктоо кажет.

“МЕНДЕГИ ООРУ ТАХИКАРДИЯ ЭМЕСПИ?”

– Саламатсызбы? Күндө эртең менен кан тамырымдын кагышы (пульс) мүнөтүнө 105-110го чейин чыгып кетет. Анаприллин дарысын ичсем бир аз убакытка эле жардам берет. Бишкекке барып текшерилип, диагноз койдурууну пландап жатам. Кандай текшерилүүдөн өтүшүм керек жана аларга канча сом кетет? Анализ да тапшыруум керекпи? Мендеги оору тахикардия эмеспи?

Нурбек, 51 жашта, Кара-Көл

– Сиздин баяндооңуз боюнча оорунун белгилери тахикардияга окшоп жатат. Бирок диагнозду тактатуу үчүн кардиологго барып, сутка бою мониторинг жүргүзүүчү электрокардиограмма (ЭКГ) аппаратын тагынышыңыз керек. Ошол боюнча сизге диагноз коюлат. Эгер тахикардия аныкталса дарылоо ыкмалары сунушталат. Кардиолог башка керектүү анализдерди да тапшыртуусу мүмкүн.

“ДАРЫНЫ ИЧСЕМ АШКАЗАНЫМ ООРУЙТ”

– Мындан 2 жыл мурун жүрөгүмдүн коронардык кан тамыры холестериндик май түйдөкчөсү менен бүтөлүп бараткандыгына байланыштуу ангиопластика жасалган. Башкача айтканда, стенд (жасалма кан тамыр) коюшкан. Хирургдар операциядан кийин аторвастатин дарысын үзбөй ич дешкен. Ошондуктан 2 жылдан бери аны ичип келе жатам. Кийинки кездерде аны ичсем ашказаным ооручу болду. Аторвастатинди ичпей койсом болобу?

Жамалкан, 57 жашта, Аксы

– Сиз кайрадан врачыңызга барууңуз керек. Ал кандын анализин тапшыртат. Эгер кандагы холестерин деңгээли калыптагыдай болсо, анда аторвастатин дарысын ичпей коюуга болот. Бирок майлуу тамак-аш жебей диета кармап, ай сайын анализ тапшырып турасыз. Эгер холестерин деңгээли жогору болсо, анда аторвастатинди ашказанды оорутпай сактоочу дары менен кошо ичүү сунушталышы мүмкүн.

“БАЛАМДЫН СОЛ ДАЛЫСЫ ООРУП, ООРУТУУ ЖҮРӨГҮНӨ БЕРИП ЖАТАТ”

– Балам 19 жашта, грек-рим күрөшү менен машыгат. Кичинесинен бери жүрөгү кээде ооруп калчу. Жакындан бери балам сол далым ооруп, оорутуу жүрөгүмө, сол колума берип жатат деп даттана баштады. Кан тамыры да бат-баттан кагып калат, тердейт, уктай албай калат. Спортту ташта десек болбойт. Баламдагы оору эмне болушу мүмкүн? Кандай текшерилүүдөн өтүшү керек?

Жылдыз, 41 жашта, Талас

– Балаңызды кардиологго алып барсаңыз, ал жүрөгүн электрокардиограмма жана эхокардиограммадан өткөртүп, текшертет. Эгер алардан таза чыкса, анда башка органдарын текшертүү керектелет.

“АТАМДЫН ЖҮРӨГҮНДӨГҮ АППАРАТ БУЗУЛДУБУ?”

– Менин атам 68 жашта. Анын жүрөгүнүн иштеши бузулуп, жүрөгү баш аламан кагып калган эле. Ошондуктан мындан 6 жыл мурун операция жасашып, кардиостимулятор аппаратын коюшкан. Ошону койгондон тартып атамда аритмия пристубу күчөп кетти. Приступтар атамдын тынч уктоосуна мүмкүндүк бербейт. Таблетка ичирсек жардам жок. Ошондон улам кардиостимулятор иштеп, бирок жыйынтык бербеши мүмкүнбү же бузулдубу деп сурайын дегем. Эмне кылышыбыз керек?

Орозгүл, 46 жашта, Таш-Көмүр

– Кардиостимулятор бузулушу да, батареясы түгөнүшү да мүмкүн. Атаңызды аритмолог (же кардиолог) врачка текшертүү керек. Кардиостимулятордун эмне болгонуна жараша врач чечим кабыл алат.

“КАН ТАМЫРЫМ ЖАЙ КАГАТ”

– Мен мугалим болуп иштейм. Алгач башымдын катуу ооруганы тынчымды алчу. Текшерилсем шакый деп, дары жазып беришкен. Кийин башым ооруй бергенден кайра барсам магниттик-резонанстык томографияга түшүүнү сунушташты. Түшсөм “арахноидит” деген диагноз коюп, дары жазып беришти. Көп өтпөй жүрөгүм катуу оорутуп, кан тамырым жай кагып, бир ирет эс-учумду жоготуп кулап түштүм. Эхокардиограммадан өтсөм жыйынтыгы брадикардия деп чыкты. Врач айткан дарыны 1 ай ичтим. Эми 2 айдан бери оорум кайрадан кармап жатат. Эмне кылышым керек?

Айбарчын, 26 жашта, Жалал-Абад

– Брадикардия – жүрөктүн калыптагыдан жай кагуу оорусу. Эгер дарылар жардам бербесе операция сунушталат. Операцияда жүрөктүн согушун калыптагыдай кармап туруучу кардиостимулятор аппараты коюлат.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 952, 4-10-март, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан