ИТАЛИЯ ДЕСЕРТТЕРИ

Эң даамдуу кофе, балмуздак, шоколад пастасы, пудинг, торттор... Мунун баары Италия менен байланышта. Мындай таттуулар үчүн ал жакка баргандардын саны да аз эмес. Италияга барып, белгилүү желато балмуздагын жеп, Рим шаарын кыдырууга эмне жетсин?! Бул азырынча кыял. Бирок төмөнкү сунушталган рецепттерди жасап даамын татсаңыз, кыялыңыз максатка айланышы мүмкүн.

НУГА ТУРРОН

Керектелүүчү азыктар:

Бал – 5 аш кашык

Жаңгактын түрү (кааласаңыз бир түрүн алсаңыз болот) – 250 грамм

Кумшекер – 250 грамм

2 жумуртканын агы

Ванилин – 5 грамм

Лимон ширеси – 1 чай кашык

Даярдоо ыкмасы:

1. Алгач чоңураак төрт чарчы идишке пергамент кагазын төшөп, үстүн каймак май менен майлап нуганы салуу үчүн даярдап алыңыз.

2. Электр мешин 160 градус ысытып, тазаланган жаңгактарды табага салып 10 мүнөт кызартып алабыз. Ал аралыкта аралаштырып коюуну да унутпаңыз.

3. Жумуртканын агына лимон ширесин кошуп миксер менен коюулангыча чалабыз.

4. Балды мискейге салып отко коюңуз. Кайнап чыкканда кумшекерди кошуп, эригенче аралаштыра бериңиз. Болжолдуу түрдө 15 мүнөттөй убакыт кетет.

5. Эми жумуртканын агынан жасалган кремдин идишине этияттап ысык сиропту аз-аздан куюп, ошол эле учурда миксер менен чалып туруңуз.

6. Даяр болгон массага жаңгак, ванилинди кошуп аралаштырып, ичи майланган идишке салабыз. Үстүн майланган пергамент кагазы менен жаап, муздак жерге катыгыча 5-6 саат коё туруңуз. Катыгандан кийин кесип, таттуу менен жакындарыңызды кубантыңыз.

Соффиони

Керектелүүчү азыктар:

Ун – 150 грамм

Жумуртка – 1 даана

Өсүмдүк майы – 3 аш кашык

Кумшекер – 4 аш кашык

Туз – бир чымчым

КРЕМИ ҮЧҮН:

Рикотта сыры (же майлуулугу жогору быштак) – 200 грамм

Жумуртка – 2 даана

Кумшекер – 50 грамм

Лимон ширеси – 1 чай кашык

1 лимон кабыгынын кырындысы

Даярдоо ыкмасы:

1. Унга жумуртка, өсүмдүк майын, кумшекерди жана тузду кошуп камыр жууруйбуз. Колго жабышпаган, жумшак камырды муздаткычка бир саат салып тыныктырабыз.

2. Жумуртканын агы менен сарысын өз-өзүнчө идиштерге бөлүп алабыз. Сарысына кумшекер менен лимон кабыгынын кырындысын салып, блендер менен көбүргүчө чалабыз. Эми рикотта сырын же быштакты салып чалыңыз.

3. Жумуртканын агына лимон ширесин кошуп, аябай коюуланганча чалабыз. Аны ылдый кылганда агып кетпеши керек. Бул кремге жумуртканын сарысынан жасалган кремди аз-аздан кошуп аралаштырабыз. Баарын бир кошуп салсаңыз крем суюлуп кетет.

4. Тыныккан камырды 3 миллиметр калыңдыкта жаябыз. Аны 10 сантиметр чарчыларга бөлүп, кекстин формаларына салабыз. Төрт бурчу сыртта калышы керек. Анын ичине риккотта кремин толтуруп салып, төрт бурчун конверт сыяктуу жабабыз.

5. 180 градуста ысып турган электр мешине соффионилерди салып, жарым саат бышырабыз. Жарым сааттан кийин градусту 160ка азайтып, 15 мүнөт коё туруңуз. Даяр болгондо үстүнө кумшекер упасынан сээп коёбуз. Эми сырты кыртылдаган, ичи жумшак Италия пирогун даамдап көрүңүз.

ПАННА КОТТА

Керектелүүчү азыктар:

Кам каймак (сливки, 30%) – 300 грамм

Сүт (3,2%) – 100 грамм

Кумшекер – 3 аш кашык

Ванилин – 5 грамм

Желатин – бир чай кашык

Даярдоо ыкмасы:

Итальян тилиндеги panna cotta сөзүн которгондо «кайнатылган кам каймак» дегенди түшүндүрөт. Алар бул десертти салттуу түрдө кам каймак менен сүттөн даярдашат.

1. Кам каймакка сүттү, кумшекер, ванилин жана желатинди кошуп отко коёбуз. Ысыгандан кийин кайнаганга жеткирбей 5 мүнөт аралаштырып, анан оттон чыгарабыз.

2. Муздай баштаганда желатин коюу тартып килкилдеп баштайт. Ашыкча аралаштырбастан өзүңүз каалаган идишке куюп, эки саатка муздаткычка салыңыз. Панна-коттаны муздаткычтан алып чыгып, тарелкага көмкөрүп салып, кыям, мөмө-жемиштери менен кооздоп берсеңиз болот. Бул десерттин бал муздак татыган даамы оозуңуздан көпкө кетпейт.

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Kari
2021-03-09 10:03:47
Рахмаат,ото соонун десерттер экен.Выходнойдо жасаймын буюрса.
+1
№ 952, 4-10-март, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан